Коронавирустан өлгөндөрдүн көбөйүп жатышынын жаңы себеби айтылды

© AFP / STRДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
D витамининин пандемия учурунда өтө зарыл экенин буга чейин эле англиялык окумуштуулар айтышкан. Адистердин пикиринде, көбүнесе күн нурунан алынчу бул витамин организмди ар кандай вирустардан коргойт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Айрым өлкөлөрдө коронавирус жуктуруп алгандардын арасында өлгөндөрдүн саны көп болуп жатышына D витамининин жетишсиздиги себеп болууда. Бул тууралуу Улуу Британиядагы Ханыша Елизавета ооруканасынын жана Чыгыш Англия университетинин окумуштуулары айтканын Research Square журналы жазып чыкты.

Адистер Европанын 20 мамлекетинде жашаган тургундардын организминдеги D витамининин деңгээли жана COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн санын салыштырып чыккан.

"Чындап эле Испаниия, Италия жана Швейцариия өлкөлөрүнүн жарандарында D витамини салыштырмалуу аз болуп чыгып, бул жактарда өлгөндөрдүн саны көп экени белгилүү болду", — деп айтылат кабарда.

Мындан тышкары, аталган витамин улгайган организмде аз болору жана вирус дал ушул адамдарга эки эсе кооптуу экени кошумчаланды.

D витамининин пандемия учурунда өтө зарыл экенин буга чейин эле англиялык окумуштуулар айтышкан. Адистердин пикиринде, көбүнесе күн нурунан алынчу бул витамин организмди ар кандай вирустардан коргойт.

Коронавирус тууралуу

Оорукана кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Тажикстанда коронавирустан алгачкы эки адам көз жумду
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 3-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 428 425ке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0