Бочкадагы мунай. Архив

"Баррели миң доллардан": америкалык план мунай рыногун "муңайтышы" ыктымал

352
(жаңыланган 21:27 03.05.2020)
Россия жана бир катар мунай экспорттоочу өлкөлөр кирген ОПЕК+ келишимине АКШ расмий түрдө кошулган жок. Анткен менен бейрасмий деңгээлде бул келишимге америкалык сланец мунайдын басымдуу бөлүгү казылган Техас штаты кириши мүмкүн.

Бул жаатта серепчи Иван Данилов ой-пикири менен менен бөлүшүп, алдыңкы жылдарга  көз чаптырып көргөн.

"Сланец революциясынын" эпицентри болгон мунай компанияларынын кыскарышы жаатындагы тагдырга таасир этчү чечим 5-майда кабыл алынышы ыктымал. Техас мунай тармагын жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин токтому "май токоч" сунуштап турган жери жок. Анын ордуна – ар бир "ашыкча" баррель үчүн аткаминерлердин колунда айып пул түрүндөгү "кызыл камчы" гана болот. Ал эми чыгымдарга көнө түшкөн сланецчилер муну ансыз да киреше алып келбеген бизнестин кошумча чыгашасы катары эсепке алышпаган өңдүү. Айып пулдун өлчөмүн баррелине 1000 доллардан бекитүү сунушталууда. Бул эркиндикти сүйгөн мунайчылардын да демин суутушу мүмкүн.

© Sputnik / Константин Михальчевский
Техастын белдүү басылмаларынын бири Houston Chronicle өндүрүштү кыскартуу планы боюнча ийне-жибине чейин талданган макаласын жарыялады. Ал материалда эгер кабыл алынып калса, айланасында кандай кармаштар башталары да жоромолдонгон. "Техастын мунай-газ тармагын жөнгө салчу Темир жол комиссиясы штатта мунай казууну айына 20 пайызга кыскартууга мүмкүндүк берген сунуштун тегерегинде коомдук талкууну ачты. Сунушталган буйруктун тексти бул план талкуулана турган комиссиянын жыйынын утурлай жарыяланган (отурум шейшемби күнү, 5-майга белгиленген).

Комиссия кен казууну кыскартуу боюнча буйруктарды 1970-жылдардан бери чыгара элек болчу. Бирок коронавирустун айынан дүйнөдө чийки мунайдын ашыкча көлөмдө болушу сланец алуучу Pioneer Natural Resources жана Parsley Energy компаниялары мамлекеттик агенттиктен бул ыйгарым укугун колдонууну өтүндү.

Мындай өтүнүч мунай-газ тармагындагы ажырымга алып келди. Майда өндүрүшчүлөр жана айлана-чөйрөнү коргоочулардын коалициясы казууну кыскартууну жактаса, тармактык соода ассоциациялары, ири компаниялар жана түтүк менен ташыган операторлор буга караманча каршы".

Өндүрүштү 20 пайызга кыскартуу... Эгер Техас же жалпы АКШ ОПЕК+ келишимине кол койгон күндө аталган тарап да ушунча көлөмгө кыскартууга аргасыз болмок. Бул көлөм да капысынан тандалбагандыр. Дал ушундай чечимге саясий өтүнүч болгон деп шек саноого болот. Бирок кабыл алынарына да кепилдик жок.

Ушул тапта АКШда "баарын рынок чечет" деген нерсе үстөмдүк кылууда. Чынында бул жакындагы эле америкалык West Texas Intermediate мунайынын арзандаган жагдайларына кептейт. Бирок бул модель баарына эле жага бербейт.

Айрым чакан мунай өндүрүүчүлөр (Техаста 20 чакты жумушчусу бар, күнүнө 1000 баррелден өндүргөн мындай ишканалар толтура) үчүн кен казуунун кыскарганы оң. Техастык жөнгө салуучулардын долбоору боюнча "чакан мунай бизнеси" квоталоодон бошотулат. Тагыраагы, кыскартуу милдети бүт бойдон ири жана орто ишканаларга жүктөлөт.

Аткаминерлерди аралаштыра мажбурлай кыскартуунун демилгечилери — Pioneer Natural Resources жана Parsley Energy компаниялары. Булар сланец казган ири тараптар. Бирок алар салттуу мунай индустриясынын Exxon же Chevron өңдүү үлкөндөрүнө караганда алда канча чакан.

Кыскартууну демилгелеген компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүү бааны кайсы бири жогорулатат деген үмүттө турушат. Муну менен катар каржылык көз караштан алганда, сланец тармагындагы чабал атаандаштары кандай болгон күндө да банкротко кабылышат.

Америкалык журналисттер атагандай, мунай казуунун конвенционалдык үлкөндөрү кыскартууларга каршы болгону менен тапкан пайдасы тез эле артышы ыктымал. Адегенде бардык сланец ишканаларынын жабылышын көргүсү келет. Башкача айтканда, коронавирус апаатынан пайдаланган класс катары жок кылууну көздөйт. Бул үчүн алар бир нече ай же андан да узак убакыт бою кескин төмөн баага да кайыл.

Албетте, расмий деңгээлде алар эркин рынокко кам көрүп жатышканын айтып актанышат. Бирок америкалык мунай индустриясынын "эски" сегментинин капитандарынын идеалисттик маанайын туюп-билүү үчүн канчалык деңгээлде баео болуу керек? Алар канчалаган жылдардан бери сланецчилердин өзүм билемдигинин азабын тартып келишкен.

Bloomberg ишкердик маалымат агенттиги кандай күн болгондо да бул окуянын аягы жаман бүтөрүн боолголойт.

"Мунайдын терс баасы, эч ким алгысы келбеген жүк, аны деңизден деңизге ташыган танкерлер, мунайды дагы кайда сактоо керек деген көйгөй, ал маселени чыгармачылык менен чечүүгө тырышкан трейдерлер... Мунай каатчылыгынын дагы бир барагы ачылары турулуу иш. Мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгү да жабылып калары ажеп эмес" дешкен алар. Америкалыктар үчүн Сауд Аравиясы, Россия жана башка жоопкерчиликтүү мунай казуучуларга чындап биригиши кырдаалдан чыгуунун акылга сыярлык жолу болмок. Бирок техастык комиссиянын өзүнүн мүчөлөрүнүн арасында да "рыноктук фундаменталисттер" жок эмес. Алардын бири, күн тартибиндеги кен казууну квоталоо жөнүндөгү сунушту токтотууга алы жетпеген төрага Уэйн Кристиан эч нерсеге карабастан, эркин рынокту коргоо чакырыгы менен басма сөзгө чыгууну чечкен.

"Бир күнү COVID-19 капсалаңы артта калат, бензин өңдүү мунай өндүрүмдөрүнө суроо-талап өсөрү шексиз, анткени америкалыктар ишке барып-келе башташат. Кырдаал турукташат. Бирок кеп ал замандын качан келеринде. Бул биздин өлкө кабылган биринчи да, соңку да каатчылык эмес. Бирок кыйынчылыкка кабылганыбызда Америка да Техас сыяктуу эле кубаттуу боло баштайт. Дал ушул себептен эркин рынок принциптерин карманып, Техаста квоталоого каршы чыгууну көздөп турам", - деген ал.

АКШ кыскартуудан баш тартышы да ыктымал. Балким, бул өлкөнүн мунай рыногуна деле таасир этпестир. Ошентсе да техастык комиссиянын мындай чечиминин кыйла олуттуу геосаясий кесепеттери болот. 2019-жылы эле америкалык эксперттер Сауд Аравиясы жана Россия жаңы мунай альянсын түздү деп терең санаага баткан. Биримдиктин кара алтындын баасын көтөрүүгө да, түшүрүүгө да кудурети жетмек. Альянска ОПЕКке мүчө мамлекеттер да, ага кирбеген өлкөлөр да катышкан.

2020-жылы ОПЕК+ мунасасы бузулганда геосаясат боюнча америкалык эксперттер мунайдын баасынын төмөндөшүнө бир эсе өкүнгөн. Экинчи жагынан былтыр бир топ эле чочулаткан альянс америкалык глобалдык энергетикалык саясатка, ошондой эле АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы дипломатияга коркунуч келтирбей каларына абдан кубанганы айдан ачык.

Жаңы, эч болуп көрбөгөндөй ОПЕК+ келишими америкалык азапты анча-мынча кайра жандандырышы ыктымал. Мунай рыногундагы аракеттерди координациялоо дагы да кеңейди, ал тургай НАТОну да камтыйт.

Financial Times басылмасы кабарлагандай, "Норвегия мунай өндүрүүнү 13 пайызга кыскартат". Бул Норвегия өкмөтү "чоң келишим" боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганча чейин эле ОПЕК+ өлкөлөрүнө берген өзүнүн бейформал убадасын аткарганын туюндурат.

Каатчылык акыры аяктайт, ал эми АКШ катышпаган дүйнөлүк мунай рыногунун тагдыры тууралуу макулдашуу адаты сакталып калары бышык. Салыштырмалуу жалгыз же кеминде эле азчылыкта калса да, Кошмо Штаттар жалпы жана жеке Техаста "эркин рыноктун" принциптерине кол тийген жок деп өздөрүн жооткото алат. Бирок баары бир сланец тармагын бул принциптер "тойгузуп койбойт".

352
Белгилер:
каражат, Мунай, экономика, ОПЕК, Сауд Аравиясы, Техас, АКШ
Тема боюнча
WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 34 жыл мурдагы абалына түштү
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби?
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

7
(жаңыланган 22:08 03.07.2020)
Дүйнөдө кечээги күндүн негизги жаңылыгы болуп АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Россияга каршы тезинен санкция киргизүү боюнча билдирүүсү, ошондой эле Америкада коронавируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүшү туурасындагы маалымат чыкты.

Пелосинин мындай билдирүүсү "Россия менен талибдердин" Америкага каршы кутуму" деген акылга сыйбаган айыптоодон улам келип чыкканын эске сала кетели. Кыскасы, бул америкалык атайын кызмат тарабынан топтолгон маалымат дагы эмес, "кайсы бир аналитиктердин талибдерди суракка алышынан кийинки бүтүмдөр" экен. Анда Россиядагы кимдир-бирөөлөр "көп жылдан бери америкалык аскерлерди өлтүрүп келе жаткан талибдерге дал ушул "милдет" үчүн акча төлөгөн" деген кеп камтылат". Ушундай эле жол менен алар Россия Африкадагы төрөлүү саны үчүн кошумча төлөгөн деп да чыгары ажеп эмес. Дал ушул тууралуу РИА Новости агенттигине макала жарыяланды.

Пентагондун да, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи О'Брайендин билдирүүлөрүнө ылайык чыгарылган мындай "күчтүү" бүтүмдүн деле тастыктоосу табылбады. Андан улам өз маалында бул туурасында АКШ президентине да маалымдашпаптыр. Буга чейин да тастыкталбаган толгон-токой жоромолдордой эле... Аларды топтоо, иштеп чыгуу атайын кызматтардын түз милдети эмеспи. Бирок кептин баары Американын бүгүн кадыресе мамлекеттин кадимки мыйзамдары менен жашабай калганында (Дмитрий Песков туура баамдагандай, "Вашингтондо бүгүн түшүнүксүз нерселер көп"). Хайптардын ички айыгышкыс күрөшүнүн мыйзамы өкүм сүрүүдө. Муну кыскача "Эч кандай мыйзамдын жоктугу" деп сүрөттөөгө болот. Ошондуктан өзөктүк державанын өкүлдөр палатасынын башчысы, өзүнүн идеологиясы катары сот адилеттиги жана акыйкаттыкты жарыялаган мамлекеттин жогорку кызматтарынын бирин ээлеген киши эч далилденбеген "ыкчам маалымат", тагыраагы, дээрлик саясий бүтүмдөн улам башка бир өзөктүк державага каршы тезинен санкция киргизүү демилгеси менен чыгып отурат.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Ал эми бул маалыматты ыраспы же жалганбы деп текшерип койбостон коомго жайган маалымат каражаттары "Бул кишиге Россия туурасындагы терс маалымат жакпайт" деп АКШнын азыркы президентинин "айыбын" ачып киришти. Бул далалат менен алар мурдатан айтылып, бирок максатына жете албай келе жаткан "Трамп — орус тыңчысы" деген тезисти кайрадан жаңыча иштеп чыгып жатышкандай.

Ал эми экинчи саптагы жаңылык — Кошмо Штаттарда COVID-19 кескин көбөйүп, күн сайын АКШда 50 000ден ашуун учурлардын катталышы. Мында эң кызыгы америкалык маалымат каражаттарынын бул статистиканы элге кандай нукта сунуп жатканы. Маселен, абройлуу Huffington Post басылмасы: "Илдеттин мындай күч алышынын айрым себептерин май аягындагы Эскерүү күнүнөн бери (чейин) байкоого болот".

CNN: "Трамптын бет капка каршы жүрүштөрү кайра өзүнө кайтты", – деп жазды.

The New York Times: "Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн америкалык эркектер бет кап тагынууну чабалдыктын белгиси катары эсептешет. Трамптын бет кап тагынуудан баш тартышы да ушундай ойдо экенин боолголоого себеп" жеп жарыялады.

Эгер сизге аналитиктердин бул мисалдарында кайсы бир нерселер көз жаздымда калгандай туюлса, жаңылган жоксуз. Аларда май айынан бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактоо, үйдө отуруу жана башка чакырыктарга баш ийбей, Black Lives Matter прогрессивдүү жана туура кыймылынын өкүлдөрүнүн көп миңдеген тобу көчөдө жүргөнүнөн, дүкөндөрдү тоноп, имараттарга өрт коюп, унааларды талкалап, адамдарды өлтүрүп (ушул тапта толук эмес эсеп боюнча BLM кыймылынын жоопкерчилигинде 25тен ашуун өлүм бар), тизе бүктүрүп жатышканынан кеп салууга толук тыюу салынган.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Жүз миңдеген, балким, миллиондогон америкалыктар коопсуздукту чечкиндүү түрдө унуткарып, эч кандай коронавирус жоктой жүрүм-турумга өтүштү. Сырттан караган байкоочулар белгилегендей, оорунун күч алышы тозокту эске салгандай абалга кептейт, акыркы окуялардан улам бул башкача бүтпөйт. Бирок андай учур башка түшкөн соң чындыкты аташпайт.

Ошол себептен прогрессивдүү талдоочулар элдин (эл баягы эмес) ашкере эр жүрөктүүлүгүн, Трамптын жоопкерчиликсиздигин жана май айындагы Эскерүү күнүн себеп катары көрсөтүшкөнү менен, болгон түтүктөрдөн чыгып турган түтүндү эч кимдин көргүсү жок. Мында маселенин негизги себебин издөөнүн ордуна, РФти "Оккаманын устарасынын" эмоционалдык түрүнө кептегендей. Ошондуктан "кандай кыйын кырдаал болбосун, Россия менен Трампты айыпта" деген принцип өкүм сүрүүдө.

Анткен менен бул деле Американын дүйнөлүк лидерликтен тайып, пандемияга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү өңдүү чоң көйгөйлөрдү чечүүгө пайдасын тийгизбейт. Бирок бул америкалык коомдун ички прогрессивдүү күчтөрдү канааттандырып, азыркы бийликтин каршылаштарына президентти ээрден алып түшүүгө өбөлгө түзөт.

Айтмакчы, мунун баары бүт дүйнөгө азыркы күнгө чейин үлгү катары көрсөтүп келишкен өлкөдө орун алууда. Ошентсе да РФтеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарына таянсак, "Америкадагыдай" деген сөздүн "сыйкыр" күчү четинен жоюлуп бараткандай.

7
Белгилер:
байланыш, көйгөй, Талибан, коронавирус, гезит, маалымат, күч, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты
Концлагердеги туткундар. Архив

РФ Тергөө комитети: Нюрнбергде согуш кылмышкерлеринин баары соттолгон эмес

55
(жаңыланган 20:37 03.07.2020)
Согуш учурунда адамдарды массалык түрдө кыргандардын өлүү-тирүүсүнө карабай аты аталып, жасаган кылмыштары коомго айтылышы керек деген негиздүү максат коюлууда.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Нюрнберг трибуналында согуш кылмышкерлердин бардыгы соттолгон эмес, кээ бирлери из жашырып кеткен. Өлгөндөрүн да, тирүү калгандарын да, бардык күнөөлүүлөрдү аныктап чыгыш керек. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин айткандыгын РИА Новости жазды.

"Биздин алдыбызда бир нече милдет турат. Нюрнбергдеги эл аралык трибунал жана согуштан кийинки бир нече процесстерде бардыгы өзүнүн тиешелүү жазасын алган эмес. Жырткычтык менен катаал кылмыштарды жасаган көп нацисттер, тилекке карышы, камалган жок", — деген Бастрыкин.

Ал алардын бардыгын тактап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо

"Алар тирүүбү же өлүп калдыбы, маанилүү эмес. Биз кылмыш кылгандардын атын аташыбыз керек", — деген Тергөө комитетинин башчысы.

Ал Батышта Нюрнберг трибуналынан жыйынтыгын карап чыгууга аракеттер болуп жаткандыгын айтты.

"Кыязы, тарыхты башкача кылып көрсөтүүгө көп аракеттер болуп жатат. Маселен, Батыштын расмий адамдары Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын чыгарап жатып, АКШ жана Улуу Британиянын салымын гана айтышат. СССРдин фашизмди жеңгендегин билип туруп тоготпостукка салышууда. Нюрнберг трибуналынын жыйынтыгын текшерип чыгуу аракети болуп жатат", — деген ал.

Бастрыкин нацисттердин кылмышын иликтөөдө Россиянын Тергөө кызматы эл аралык жана атамекендик укуктун нормаларына таянарын айтты.

Ал нацисттик баскынчылардын жана алардын табакташтарынын жасаган кылмышы үчүн жоопко тарта турган мыйзамдын бир бөлүгү 1943-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиуму тарабынан бекитилгендигин эске салды. Мыйзам "Немистик-фашисттик канкорлорду, советтик элди жана Кызыл Армиянын туткундарын кыргандар, Мекенин алмаштыргандар жана тыңчыларды жазалоо чаралары" деп аталган.

Бастрыкин Россиянын аталган кызматы нацизмдин кылмыштарын, анын ичинде РФтин Кылмыш кодексинин 357-беренесинде каралган геноцид боюнча фактыларын табууну улантарын айтты. Ага тиешелүү түрдө укуктук баа берилиши керектигин кошумчалады.

"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы

Колдогу маалыматтарга караганда, РСФСРдин аймагында окуппация жылдарында дүйнө калкынын 2 миллионго жакыны атайын эле кырып, жок кылынган. Бардык фактылар иликтенбей калган, кылмыш кылгандар жазага тегиз тартылган эмес,

Издөө отряддары казган иштерде Новгород, Ростов облустарына, Краснодар аймагында трагедия менен жаны кыйылгандардын архивдери табылган, тынч жаткан элди жапырт кырышкан.

Былтыр Тергөө комитети 30 миң советтик жарандын жок кылынганы боюнча кылмыш ишин козгогон.

55
Белгилер:
Тергөө комитети, Өлтүрүү, Экинчи дүйнөлүк согуш, Нюрнберг, Россия
Тема боюнча
Согуш тарыхынын кайра жазылышына Германия эмне үчүн каршы? Саресеп
Батыш советтик жоокердин бейнесин өзгөртүп, тарыхты бурмалоону улантууда