Арак ичкенсип алың кетет. Коронавирустун эң алгачкы белгилери аталды

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер өпкөнүн томографиялык сүрөтүн карап жатат. Архив
Медициналык кызматкер өпкөнүн томографиялык сүрөтүн карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус жуктурган адамдын алгачкы 2-3 күндүн ичинде сөөктөрү какшап, колу-буту алсырайт. Ошондой эле колу калтырап, көздүн тегереги ооруп, дене табы бир аз көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Россиялык дарыгер, жогорку категориядагы отоларинголог Владимир Зайцев коронавирустун эң алгачкы белгилери тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.

Дарыгердин пикиринде, вирус жуктуруп алган адам алгач мурунку күнү мас болгуча ичкендей сезимдерге туш болот.

"Ичимдик ичпей туруп эле өзүңүздү алсыз сезип, сөөктөр какшап, колу-бутуңуз алсыраса, бул вирустун белгиси. Ошондой эле кол калтырап, көздүн тегереги ооруп, бир аз дене табы көтөрүлүшү мүмкүн", — деди Зайцев.

Анын айтымында, бул белгилер алгачкы 2-3 күн ичинде белинет. Андан соң вирус дем алуу органдары аркылуу ылдыйлап, адамдын үнү өзгөрүп, деми кысыла баштайт.

Мындан улам адис оорунун алгачкы белгилери пайда болор замат дарыгерге көрүнүп коюуну сунуштайт. Анткени вирус өтүшүп кетсе өпкөнү жабыркатып, олуттуу кесепетин тийгизип коюшу талашсыз.

Коронавирус тууралуу

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 пайда кылган пневмония өтө "амалкөй". Дарыгердин пикири
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 3-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 428 425ке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0