"Орус керемети": 50 жыл илгери "Жигули" чыккан

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүЖигули автоунаалары. Архив
Жигули автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Италиялыктардын автоунаасына жалпы жонунан 800гө чукул өзгөртүү киргизилген. Акырында, ишенимдүү, бышык, ыңгайлуу жана баасы боюнча алда канча арзан "ВАЗ-2101 "Жигули" жаралган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik, Максим Рубченко. Апрель айында легендардуу "ВАЗ-2101 "Жигули" автоунаасына 50 жыл толду. Бул атамекендик автоөнөр жайдын тарыхындагы элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган, эң көп тараган темир тулпар.

Ал 1965-жылы Европадагы FIAT 124 автокөлүгүнүн үлгүсүнүн негизинде иштелип чыгып, чогултула баштаган. Акырында көп өзгөрүүдөн соң калкка тарап, СССРде эле эмес, чет мамлекеттерде да өзүнүн күйөрмандарын тапкан.

РИА Новости "Жигулинин" тарыхына көз чаптырып көрдү.

Элдик машина

Совет өкмөтү элге тээ, 1950-жылдардын башынан тарта менчик машина сатып алууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок буга ар бир эле кишинин чама-чаркы жете берчү эмес. Сатыкта баасы кымбат "Победа" менен каны жерге тамбаган "Москвич" болор эле.

Сайга 12К автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Калашников" эл пайдалана турган куралдын жаңы түрүн чыгарды
60-жылдардын ортосунда саясатчылар элдин турмуш-шартын жакшыртып, көтөрүү максатында жеңил машина чыгарган завод курууну колго алды. Чет элдик автокөлүктүн моделинин негизинде түзүлгөн тунгуч үлгүлөрүн чыгарууну чечти. Бул бир жагынан аны түзүп чыгуу машакатын азайтып, кете турган ресурсту чектеп пайдаланып, андан сырткары экспорттоого мүмкүнчүлүк жаратмак.

Мындай иш Автомоторлор боюнча иштеген илимий институтка тапшырылды. Адистер Ford, Pegeuot, Renault жана FIAT сыяктуу бир нече автокөлүктөрдү карап чыккан. Алар 1965-жылы Европада "жылдын темир тулпары" деп таанылган FIAT 124тү бир ооздон тандашкан.

Бул жерде ошондогу саясий көз караштар да роль ойносо керек. Италия менен Кремлдин мамилеси дурус эле. Ал эми автоунаанын өзүнө келсек, бир нече көйгөлөрү жаралган.

Дмитров автополигонуна киргенде Fiat 124түн бир топ тетиктери иштен чыгып калган. Кышкы жана жайкы ошол кездеги жолдо бир нече чакырым жүргөндөн соң чыдабай турганын көрсөткөн.

Анткен менен өкмөт италиялык автоунааны негиз кылып алып, адистерге өзүбүздүн шартка ылайык модель жасап чыгууга тапшырмасын берген. Советтик адистер анын кыймылдаткычын, алдыңкы жана арткы кармап турган тетиктерин, тормозун, кузовун чыдамдуу кылып, дагы бир нече жерлерин бекемдешкен.

Эшиктеринин туткалары кишинин колун тытып кетпегендей кылып өзгөртүлгөн, алдыңкы орундуктарын жаткырып да койсо болчудай кылышкан. Ошентип, италиялыктардын автоунаасына жалпы жонунан 800гө чукул өзгөртүү киргизилген. Акырында, ишенимдүү, бышык, ыңгайлуу жана баасы боюнча алда канча арзан автоунаа жаралды. Жергиликтүү шартка кадимкидей туура келди.

Волгадагы автогигант

Тольятти аймагында заводдун курулушу 1966-жылдын жайында башталат. 840тан ашуун атамекендик ишканалар, андан сырткары ФГР, Италия, Улуу Британия, Франциядан жабдуулар ташылат.

Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
Волгадагы автозавод Европа аймагындагы ири ишкана болуп калды. Ал 600 гектардан ашык жерди ээлеген. Башкы корпусунун узундугу 1 чакырым 400 метр эле. Анда 123 миң киши эмгектенип, жылына 600дөн ашуун автоунаа жасап чыгарып турушкан.

Курулушка алты жыл мерчемделгени менен аны 3,5 жылда бүтүрүп салышкан. 1970-жылдын апрель айында Владимир Лениндин 100 жылдыгына карата башкы конвейерден ВАЗ-2101 "Жигули" автоунаалары жипке тизген мончоктой чыга баштаган. Бул темир тулпарлар совет элинин жеңил машина жөнүндөгү пикирин толугу менен өзгөрткөн.

Жанга ыңгайлуу, динамикасы жакшы, айдаганга жумшак, аз чыгым сарпталат! Ошентип, "Жигули" чыныгы элдик машинага айланды.

"Лада" – экспорттун бул тармактагы локомотиви

Экспортко чыгаруу боюнча ойлор толугу менен акталды. Чет элдик рынокко ВАЗ-2101 темир тулпары 1971-жылдан тарта "Лада" деген ат менен чыга баштады (бул Швецияда ВАЗ бренди менен сатылгандан башка учур).

Экспортко кете турган машиналар кеминде 40тай текшерүүдөн өтө турган. Эгерде кандайдыр эле бир кемчилиги чыгып калса, аны дароо өлкөнүн ичине калтырышчу. Бирок баары бир советтик машиналар чет элдиктердикине кээ бир жерлеринен жетпей калчу. Андыктан Финляндиянын "Конела" деп аталган компания түзгөн "Жигулини" күүлөндүрүп, дагы күчтөндүргөн.

Финдердики баары бир ВАЗга караганда баары бир мыктылык кылчу. Ал эми мунун фонунда чөнтөккө ыңгайлуу баасы жана мыкты сапаты менен эл аралык рынокто "Ладанын" жылдызы жанды.

Фото: Эх-хх, Фрунзе кандай эле! Борбор шаардын кайдыгер калтырбаган сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Эх-х, Фрунзе кандай эле! Борбор шаардын кайдыгер калтырбаган эски сүрөттөрү
Үй-бүлөлүк автоунаа катары каралган Opel Kadett менен Nissan аз май сарпталган автокөлүк катары турчу. Аны менен кошо эле суукта тез от алып, жаман жолдордо айдап жүрүү ашыкча түйшүк жаратчу эмес. Тетиктери да арзан эле, ал эми тетиктери жөнөкөй жасалгандыктан ээси эгерде машинасы бузулуп калса өзү да оңдоп алууга боло турган.

Финляндияда жылына 10-15 миңдеген "Ладалар" чыгар эле. Албетте, алар Европа өлкөлөрүнө сатылчу. Беш жыл ичинде экспортко чыккан советтик автоунаалардын саны эки эсеге, тагыраагы 300 миңге жеткен.

Lada-1200дү (ВАЗ-2101нин эскпорттук түрү) Канада, Жаңы Зеландия, ГФР, Австрия, Швеция сындуу өлкөлөрдө эң жакшы билишчү. Улуу Британияда анын оң рулдуусу болгон.

70-жылдардын ортосунда "Лада" Финляндияда эң көп сатылган автоунаа болгон. СССР ураган учурда аталган өлкөдө 1300дөн ашуун автокөлүк болгон. Кызыгы, улуубританиялыктар да ошончо санда "Лада" айдап жүрүшкөн. 1988-жылга чейин темир тулпар өндүрүштөн алынганга чейин 4,8 миллион "Жигули" жасалып, элге тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0