АКШ: COVID-19 боюнча ачылыш жасоо алдында турган окумуштууну өлтүрүп кетишти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию выставки "День передовых технологий правоохранительных органов РФ"
Подготовка к открытию выставки День передовых технологий правоохранительных органов РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бин Люну өлтүрдү деп болжолдонуп жаткан киши да ошол жердеги автоунаадан табылган. Тартип сакчылар ал өзүнө-өзү кол салып, жарык дүйнө менен коштошкон дешти.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Коронавирустун келип чыгышын изилдеп жаткан АКШдагы Питтсбург университетинин окумуштуусу Бин Люнун сөөгү табылды. Бул туурасында People журналына шилтеме берип, РИА Новости жазды. 

Басылма ишемби күнү полиция 37 жаштагы окумуштуунун өлүгүн тапкандыгын жазды. Бин Люну өлтүрдү деп болжолдонуп жаткан киши да ошол жердеги автоунаадан табылган. Тартип сакчылар ал өзүнө-өзү кол салып, жарык дүйнө менен коштошкон дешти.

Алдын ала айтылып жаткан маалыматтарда экөөнүн тааныш болгондугу кабарланды.

"Бин эң маанилүү илимий ачылышты мына-мына бүтөйүн деп калган. Ал коронавирустун жугуу негизи эмнеде экендигин, клеткалык механизмдерин дыкаттык менен изилдеп жаткан", — дешти анын кесиптештери.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку маалыматтары боюнча, COVID-19га чалдыккандардын саны 3,5 миллионго жетти. Алардын ичинен 245 миңи каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0