Биолог үйдө коронавирус жугуп кала турган кооптуу жерлерди айтып берди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЛифт. Архив
Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу чоң имаратта жүрүү анча коркунучтуу эместигин, себеби вирус аба катмарына аралашып тарап кетерин айтты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Көп кабаттуу үйдө лифт менен подъезд коронавирусту жуктуруп алуу кооптуулугу жогору деген жерлердин бири. Бул туурасында биология илимдеринин доктору, Жорж Мейсон университетинин системалуу биология боюнча мектебинин профессору Анча Барановага таянып РИА Новости жазды.

Окумуштуу лифтиден эмне үчүн оору жуктуруп алуу кооптуулугу жогору деген пикирге анын төрт тарабы тең жабык болгондуктан, инфекция эч жакка жылып кетпей, абада калкып тура берерин айткан.

"Лифт жүткүнө өйдө көтөрүлгөндө өйдө жактагы аба катмары кескин ылдый түшөт, а сиз аны аралап өтөсүз", — деп түшүндүргөн биолог.

Медициналык кызматкер өпкөнүн томографиялык сүрөтүн карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак ичкенсип алың кетет. Коронавирустун эң алгачкы белгилери аталды
Ал колдон келсе тепкичти колдонуу коопсузураак экенин айтып кеңеш берген.

Биолог чоң имаратта жүрүү анча коркунучтуу эместигин, себеби вирус аба катмарына аралашып тарап кетерин белгиледи. Ал эми коомдук транcпортто жүргөндө, тескерисинче, аба аз болгондуктан, оорунун жугуу тобокелдиги жогору экендигин кошумчалады. Ал эми көчөдө салыштырмалуу коркунуч төмөн.

"Бул көчөдөн жукпайт дегендик эмес, болгону ал жерде кооптуулук азыраак", — деген Баранова.

COVID-19

Ушу тапта жер жүзүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда 3,5 миллион, ал эми Жонс Хопкинс университетинин статистикасына таянсак, 3,8 миллион киши ооруга чалдыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0