Кытайлык окумуштуулар эркектердин уругунан коронавирус табышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шанцю шаарында дарыгерлер коронавирустан дарыланып жаткан 15 жаштан 59 жашка чейинки 38 эркектин бел суусун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында алты кишинин уругунда COVID-19 вирусу бар экени аныкталды.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар COVID-19 вирусун аны жуктуруп алган эркектердин уругунан табышты. Бул тууралуу JAMA Network Open медициналык журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Шанцю шаарында дарыгерлер коронавирустан дарыланып жаткан 15 жаштан 59 жашка чейинки 38 эркектин бел суусун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында алты кишинин уругунда COVID-19 вирусу бар экени аныкталды.

Бирок АКШдагы Айова микробиология жана иммунология университетинин профессору Стэнли Перлман New York Times гезитине айтканына караганда, коронавирус жыныстык жол менен жугат деп айтууга эрте.

"Албетте кытайлык окумуштуулар ачылыш жасады. Бирок урукта COVID-19 вирусун түзчү фрагменттер гана табылышы мүмкүн. Эгер сөз организмден организмге жукчу толук кандуу, бүтүн вирус тууралуу болуп жатса, анда башка кеп", — деди АКШлык окумуштуу.

Буга чейин адистер COVID-19ду жуктуруп, кийин сакайып кеткен эркектерде тукумсуз болуп калуу коркунучу бар-жогун иликтеп көрүшкөн. Жыйынтыгын Sputnik жазган материалдан окусаңыз болот.

Коронавирус тууралуу

Ситуация в Пекине из-за пандемии коронавируса в мире - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: Кытайда кооптуу аймак калган жок
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 8-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 845 718ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0