ЖМК: Түндүк Корея өзөктүк ракета сактоочу жай курууда. Спутниктен тартылган сүрөт

© AFP / ED JONESПхеньяндагы аскердик парад. Архив
Пхеньяндагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы база Пхеньяндын башкы аэропортунун жанында жайгашкан. Курулуш 2016-жылы башталганы, ал 2020-жылдын аягында же 2021-жылдын башында бүтүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Түндүк Корея өзөктүк баллистикалык ракеталарын сактоо жана чогултуу үчүн ири кампа куруп жатат. Бул тууралуу The Times гезити Вашингтондун стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун спутниктен тартылган жаңы сүрөттөрүнө шилтеме берип жазды.

Борбордун адистеринин айтымында, жаңы база Пхеньяндын башкы аэропортунун жанында жайгашкан. Сүрөттөргө ылайык, анын аймагында жер астындагы ири кампа жана үч курулуш ангары бар.

Мындан тышкары, тыңчы спутниктерден жашырынуучу аянтчасы бар, ал темир жол менен каттоого ылайыкталган. Ошондой эле Аба күчтөрүнүн базалары жайгашкан. Бул жаңы объектилер аба соккуларынан корголгон.

Маалыматта имараттардын бийиктиги өзгөчө белгиленген. Анын жардамы менен Түндүк Американын шаарларына өзөктүк сокку урууга жөндөмдүү Hwasong-15 континенттер аралык баллистикалык ракеталарын (МБР) жайгаштыртырууга ылайыктуу болушу мүмкүндүгү айтылат.

"Бул имараттар эмне максатта курулганы так белгисиз. Бирок алардын конфигурациясына, көлөмүнө, ошондой эле жер астындагы имараттарына карап, баллистикалык ракеталарды чогултуу боюнча иш алып барат десе болот", — деп жазылган борбордун отчетунда.

Курулуш 2016-жылы башталганы, ал 2020-жылдын аягында же 2021-жылдын башында бүтүшү мүмкүн экендиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0