Жеткизүү тармагы. Архивдик сүрөт

Пандемиядан кийин кайсы тармакта айлык көтөрүлөт? Эксперттин пикири

768
(жаңыланган 13:09 09.05.2020)
Серепчинин айтымында, эмгек рыногунда иштөөнүн жаңы ыкмаларынан коркпогон жана адаттан башкачараак чечимдерди кабыл ала билген уюмдар ордун табат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Пандемиядан кийин кайсы чөйрөдө айлык акы жогорулай тургандыгын Россиянын Плеханов атындагы экономика университетинин адам капиталын өнүктүрүү боюнча доценти Людмила Иванова-Швец "Прайм" агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, эмгек рыногунда көптөгөн адистерге суроо-талап, эмгек акынын өлчөмү жана эмгекти уюштуруунун деңгээли өзгөрөт.

"Азыр вирус күчөп турган шартта жумушчуларга суроо-талап көп болуп, киреше өсүп жатат деп фармацевтика, чекене соода жана онлайн кызматтар тармагын айтсак болот. Бирок эртеби-кечпи пандемия кетет. Бул кызматтарды эл мурдагыдан аз пайдаланып калгандыктан аларда эмгек акы жогорулабайт. Мындан онлайн кызматтын айрым түрлөрүнөн баар тапкандардын каражаты азайбайт деп ойлойм", — деген эксперт.

Ал белгилегендей, эмгек акынын өсүшү монополисттик компанияларда, атаандаштык аз, маселен, энергетика менен байланышкан тармактарда байкалат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жогору болгон жерлерде эмгек акынын өсүшүн болжолдоого болот. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик клиникаларда кызматтарга суроо-талап өсөт.

"IT тармагында өсүштү күтүүгө болот. Анткени пандемияда көптөгөн компаниялар кызматкерлерин онлайн режимде иштеткендиктен бул ыкма дагы натыйжалуу экендигине тыянак чыгарышат. Буга байланыштуу алар IT-компаниялардын кызматтарын үзгүлтүксүз колдонууга туура келет. Айыл чарба тармагы өзгөрүүсүз калат же айлык акы бир аз жогорулашы мүмкүн. Азык-түлүк товарларына суроо-талап азайбайт", — деген эксперт.

Адистин билдиришинче, карантинге байланыштуу эң көп зыян тарткан тармактарда (туризм, мейманкана, ресторан бизнеси, транспорт) келечекте эмгек акынын өсүшү күтүлбөйт. Бул компаниялар бир топ убакытка чейин финансылык абалын чыңдай албай турганы кошумчаланды.

Серепчи адаттан тыш чечимдерди кабыл алган, аз убакытта өзгөрө алган жана жаңылануудан коркпогон кызматкерлер жумушун алып кете аларын белгиледи.

768
Белгилер:
иш, суроо-талап, айлык-акы, эксперт, эксперттер, пандемия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1168)
Тема боюнча
Өзүбеков: пандемиядан улам туризм тармагы түп-тамырынан өзгөрөт
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ. Архив

Синдзо Абэ добуш сатып алуу боюнча шектелип, суракка чакырылды

15
(жаңыланган 13:39 03.12.2020)
Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтырды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Токио шаарынын прокуратурасы Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни суракка алганы жатат. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтылды.

Кеп жыл сайын өтүүчү "Сакурага суктануу" салтанаттуу кечеси тууралуу болуп жатат. Адатта ага чет элдик дипломаттар, искусство, спорт, маданият өкүлдөрү жана журналисттер чакырылат. Бирок бул ирет иш-чарага негизинен Либерал-демократтар партиясынын мүчөлөрү жана идеялаштары гана катышкан. Ошондой эле салтанатты өткөрүүгө сарпталган каражат тууралуу так маалымат берилген эмес.

Эске салсак, август айынын аягында Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Кийин анын ордуна Либерал-демократтар партиясынын төрагасы жана өкмөт башчы болуп Ёсихидэ Суга шайланган. Суганын талапкерлигин 462 депутаттын ичинен 314ү колдоп берген.

15
Белгилер:
коррупция, шайлоо, Прокуратура, сурак, Япония, Синдзо Абэ
Тема боюнча
Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Тойдогу меймандар. Архивдик сүрөт

UFC мушкери Дагестандагы үлпөт тойду массалык мушташка айлантып салды. Видео

150
(жаңыланган 11:38 03.12.2020)
Жаңжалдын чыгышына спортчунун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас экени айтылды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. UFC уюмунун россиялык мушкери Гаджимурад Антигулов Дагестанда үлпөт тойдо мушташты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын чыгышына Антигуловдун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас абалда экени айтылды. Башка столдорго арак-шарап коюлган эмес. Тойдогулар мушкерди ичимдикти алып салууга чакырган. Көп өтпөй мушкер коноктордун бирине тап берип, мындан улам массалык мушташ чыгат.

Видеодон көрүнүп тургандай, баласын жетелеген Расул аттуу киши спортчунун жанына эки ирет келип, аны тынчтантууга аракет кылган. Алар бир пикирге келип, кол алышканын да көрүүгө болот. Көп өтпөй түшүндүрүү үчүн кайра келген Расулга Антигулов кол көтөргөндө, ал UFC мушкерин сулата чабат. Спортчуну жандагандар Расулга чабуул жасап, массалык мушташ башталат. Мушкердин жанындагылардын бири чөнтөгүндөгү тапанчасын да алып чыккан.

33 жаштагы Гаджимурат Антигулов ММА спортунда 28 беттешке чыгып, анын 20сын уткан. Мушкер 2017-жылдан бери UFC промоушенинде беттештерге чыгып келет. Акыркы ирет ушул жылдын октябрь айында Абу-Дабиде өткөн мелдеште мекендеши Максим Гришинге жеңилип калган.

150
Белгилер:
той, үлпөт, мушкер, UFC, Дагестан
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Порьенин беттеши өтө турган күндү расмий бекитти
Шевченко менен Майянын кармашы. UFC 255 мелдешинен онлайн-репортаж
Жеңишине кубанып. Насаатчыларын көтөрүп чаап сүйүнгөн UFC мушкеринин видеосу
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Бороновдун жардамчысы: экс-премьер реанимацияда эмес

7
(жаңыланган 13:54 03.12.2020)
Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

Турдумамбетовдун айтымында, Бороновго коронавирус деген диагноз коюлган. Ал эми анын пневмонияга кабылганы туурасында маалыматы жок экенин белгиледи.

Экс-премьер учурда стационарда, абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

7
Белгилер:
реанимация, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат