БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Коронавирусту алдын алуу максатында супермаркеттерден жана базарлардан сатып алынган азык-түлүк салынган таңгакты хлор кошулган зат менен эмес, курамында спирти бар каражат менен тазалаган оң. Анткени хлор ден соолукка зыяндуу. Бул тууралуу РИА Новостиге Медициналык-биологиялык көйгөйлөр институтунун бөлүм башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер Светлана Поддубко билдирген.
"Үйгө алып келинген таңгактарды, азык-түлүк салынган баштыктарды спирт кошулган дезинфекциялоочу каражат менен тазалаган оң. Ал эми хлордуу каражаттарды таңгактардын сыртына да себүүгө болбойт, себеби өтө кооптуу", — деди Поддубко.
Адистин айтымында, жемиштерди жана жашылчаларды 40 градус ысык сууга жууп, анан колдонуу зарыл. Жуулбаган азыктарды эч качан муздаткычта сактаганга болбойт. Анткени вирус жөнөкөй абага караганда муздаткычта узакка сакталышы мүмкүн.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.
НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россияга бара турчу Кыргызстандын жарандары коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүп өтүшү керек. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, Роспотребнадзордун токтомуна ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар да Россияга кирерде коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесининен көрсөтүп өтүшү шарт. Бул эреже бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү.
Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштээри айтылды.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.
Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.
Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.
Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.