COVID-19: эпидемиолог коргонуу боюнча негизги төрт кеңешти айтты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоо бригаданын кызматкери. Архив
Дезинфекциялоо бригаданын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам көп чогулган жердегилердин эти ысыбагандыгын байкоого алып туруш керек. Адис ал кетүү, эт ысуу, кургак жөтөл жана адаттан башка түшүнүксүз чарчоо шектүү деп айтып берди.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кытайлык вирусолог, профессор Чжун Наньшань коронавирустун дагы бир нече кооптуу жагын атап, андан кантип коргонууну айтып бергенин РИА Новости жазды.

Адис SARS-CoV-2 башка сасык тумоо, гриппке караганда тез жугарын жана ошол өзгөчөлүгү аны кооптуу вируска айлантарын айткан. Мындай апааттан коргонуунун төрт компонентин сунуштаган.

Алар: эрте коргонуу, ооруну эрте аныктоо, кечиктирбей диагноз койдуруу жана изоляцияга эрте кирүү.

Медициналык кызматкер өпкөнүн томографиялык сүрөтүн карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак ичкенсип алың кетет. Коронавирустун эң алгачкы белгилери аталды
Дарыгердин айтымына караганда, коргонуу деле кишинин өзүнө жараша болот: бет кап менен кол кап кийүү, колду тез-тез жууп туруу жана кишилер менен алыстыкта туруу маанилүү. Бул ооругандар менен байланышта болууда, сырттагы учурда жуккандан коргоого көмөкчү болорун айткан.

Илдетти эртерээк табыш үчүн COVID-19 менен ооруп калган белгилерди караштырып, байкалса тез арада чара көрө калуу зарыл. Адам көп чогулган жердегилердин эти ысыбагандыгын байкоого алып туруш керек. Адис ал кетүү, эт ысуу, кургак жөтөл жана адаттан башка түшүнүксүз чарчоо шектүү деп айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0