АКШнын президенти Дональд Трамп

Трамп брифингде эмнеге маска тагынбай жүргөнүн түшүндүрдү

318
(жаңыланган 10:44 12.05.2020)
Анткен менен Ак үйдүн кызматкерлерине жумуш ордунда бет кап тагынууга буйрук берилген. Ушул тапта ал жакта бир нече кызматкер вирус менен күрөшүп жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп эч кимге жакын жолобогондуктан маска тагынбай жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалымат жыйын учурунда Трамптан эмне үчүн бет кап тагынбай жүргөнүн сурашкан. Бирок ошол эле күнү Ак үйдүн кызматкерлерине жумуш ордунда маска тагынууга буйрук берилгени айтылат. Ушул тапта Ак үйдүн бир нече кызматкери вирус менен күрөшүп жатат.

"Алар (кызматкерлер — ред.) менден жана бири-биринен белгилүү бир аралыкты сактап турушат. Эгер өзүм тууралуу айта турган болсом, мен эч кимге жакын турган жокмун", — деген Трамп.

Бул учурда ал чындыгында эле брифингдин башка катышуучуларынан алысыраак турганы белгиленет.

Трамптын айтымында, Ак үйдүн жумушчуларынын дээрлик бардыгы бет кап тагынат, бул нерсени өзү талап кылат.

Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенс күн сайын коронавирустун бар-жогун текшертип турары айтылат. Буга чейин бардык анализдер терс болуп чыккан.

Эскерте кетсек, АКШ коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

318
Белгилер:
коронавирус, бет кап, брифинг, Ак үй, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
Трамп: Кытай коронавирусту ооздуктабаганы үчүн жоопкерчиликке тартылат
Олимпиадалык шакектер жана желек. Архив

Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт

23
(жаңыланган 18:47 29.05.2020)
Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тарта даярдануусун баштап, машыгууларга киришет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи кезекте сөз Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат.

"Курама командалардын мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт. Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы. Спортчулардын дене табы текшерилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өлкө ичиндеги мелдештер боюнча азырынча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, Токио шаарындагы Олимпиада 2021-жылы өтмөкчү. Ал пандемиядан улам ары жылдырылган.

23
Белгилер:
карантин, машыгуу, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
Муштум. Архив

Москва: элчилик сабалган кыргызстандык боюнча ИИББге кайрылды

121
Окуя 25-майда Москвадагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгон. Кыргызстандык окуяны тизмектеп, милицияга арыз жазды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына полиция кызматкерлеринин КР жаранын сабаганы боюнча кат жөнөттү. Бул туурасында дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала таратылган кабарда окуянын 25-майда Москва шаарындагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгону айтылды.

"Элчиликтин кызматкерлери ИИБдин Борбордук административдик округунун "Китай-город" деп аталган полициянын бөлүмүнө барышты. Ал жерден Кыргызстандын жараны окуянын кандайча болгонун тизмектеп жазып берди. Кайрылууну нөөмөт бөлүмүнө катташты", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери баргандан кийин ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынан тыкыр иликтөө болорун айтышкан.

121
Белгилер:
элчилик, сабоо, полиция, Москва, Россия, кыргызстандыктар
Тема боюнча
Москва: оорукананын курулушунда өрт чыгып, кыргызстандык көз жумганы айтылууда
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

0
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

0
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады