Адис COVID-19га кандай учурда иммунитет пайда болорун айтып берди

© REUTERS / JOHN SIBLEYКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жугузуп алгандардын саны 4 177 502ге жетти. Эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. COVID-19 вирусун жуктургандардын 7-8 гана пайызында ага каршы иммунитет пайда болот. Булар көбүнчө катуу ооругандар экенин РИА Новости агенттигине биология илимдеринин доктору, профессор Анна Баранова айтып берди.

"Бизде ооруп айыккандардын 7-8 пайызы дене табы бир аз көтөрүлүп, жөтөлүп жүрүп эле жакшы болуп кетишти. Бирок буларда антитело жок, вирус кирери менен организм андан коргонуу үчүн интерферон затын иштеп чыгып, коронавирусту жеңип алат. Мындай учурда иммунитет калыптанбайт”, — деди дарыгер.

Ал эми дагы 7-8 пайызды түзгөн адамдардын иммунитети күчтүү, антителолору көп болот жана кайталап оорубайт.

“Мындайларды биз супер-адамдар деп коебуз. Булар кийин өздөрү гана оорубай жүрө бербестен, башкаларды дагы коргой алат. Тагыраагы, алардын антителолорун башка адамдарга колдонуп жатабыз”,  — деди Баранова.

Адис белгилеп кеткендей, бул эки топтогу адамдардан тышкаркыларда коронавируска каршы иммунитет ар кандай деңгээлде калыптанат. Адатта көпчүлүгүнүкү анча күчтүү болбойт.

Коронавирус тууралуу

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык окумуштуулар эркектердин уругунан коронавирус табышты
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 12-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 177 502ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0