COVID-19: экологдор көп жолу колдончу кол каптарды пайдаланууга чакырат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМасочный режим начал действовать в столичном регионе
Масочный режим начал действовать в столичном регионе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 261 747ге жетти. Алдыңкы орунда АКШ, Россия, Испания, Улуу Британия жана Италия мамлекеттери турат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Экологдор COVID-19 вирусунан коргонууда көп жолу колдонулчу кол каптарды сатып алууну сунуштайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Адистердин айтымында, бир жолу гана колдончу кол каптар капчыкка гана зыян келтирбестен, жаратылышка дагы залакасын тийгизет.

"Полиэтилен, латекс, нитрил сыяктуу материалдардан жасалган бир жолку кол каптарды ыргыткан соң чирип жок болушуна бери дегенде 2-3 жыл кетет. Эгер өрттөй турган болсоңуз, андан чыккан түтүндүн курамында уулуу газдар болот. Көп жолу колдончуларды жууп же антисептик менен тазалап алып жакшылап колдонсо 2-3 жылга түтөт", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле россиялык дарыгерлер вирусту жуктуруп албоо үчүн кол капты туура пайдалануу жолдорун дагы айтып берди.

Мисалы, кол капты киерде дагы, чечкенден кийин дагы колду самындап жууп алуу керек. Кол кап кийип турган учурда бет, чач сыяктуу ачык жерлерди кармалоого болбойт.

Мындан тышкары, аны сыртына кол тийгизбей аңтарып чечип туруп дароо таштандыга ыргытуу зарыл.

Коронавирус тууралуу

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис COVID-19га кандай учурда иммунитет пайда болорун айтып берди
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 13-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 261 747ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0