Биржанын көрсөткүчтөрү. Архив

Дүйнөлүк экономиканы түшкө кирбеген кризис күтүп турат. Кооптуу прогноз

387
(жаңыланган 23:32 13.05.2020)
Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, мамлекеттер пандемиядан кийинки экономикага жөлөк катары 9 триллион доллар саларын айтып жатышат. Бирок көпчүлүктө мындай чоң сумма жок. Алар карызга алууга туура келет.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Дүйнөлүк экономика буга чейин божомолдоолордон дагы чоң жана оңой менен ордуна келгис жоготууларга учурайт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристалина Георгиевага шилтеме берип ВВС жазды.

“Кризис эми гана күч алып келе жатат. Эгер медицина вирусту жеңе албай турган болсо, кесепетин элестетүү кыйын”, — деди Георгиева.

Макалада жазылгандай, Кытайдын экономикасы жарым кылымдан бери мынчалык төмөндөп көргөн эмес. Европа биримдиги дегеле өз тарыхында мындай кыйынчылыкты башынан кечире элек болчу. Ал эми дүйнөдөгү эң ири экономикасы бар АКШнын он жылдан бери өсүүнүн гана үстүндө болуп келе жаткан көрсөткүчтөрү жарга такалды.

“АКШдагы жумушсуздук эки дүйнөлүк согуштун ортосундагы улуу депрессия учурундагы рекордду ашып кетти. Коронавирус 2008-2009-жылкы кризистен кийин бутуна туруп келе жаткан экономиканы кайра сулатты. Андагы масштаб азыр экономисттерге күлкүлүү көрүнө баштады”, — деп жазылат макалада.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, мамлекеттер пандемиядан кийинки экономикага жөлөк катары 9 триллион доллар саларын айтып жатышат. Бирок көпчүлүктө мындай чоң сумма жок. Алар карызга алууга туура келет.

“Ал эми кутулуу милдети урпактардын мойнуна жүктөлөт. Бул үчүн аларга талыкпаган эмгектен тышкары, салыкты көбөйтүүгө, инфляцияга кабылууга туура келет”, — деп айтылат макалада.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 13-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 308 055ке жетти.

387
Белгилер:
карантин, коронавирус, кризис, экономика, Дүйнө
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (755)
Тема боюнча
Бизнес-омбудсмен: ишкерлер кезекке турууга эмес, башкага баш оорутушу керек
Ар бир үчүнчү ресторан жабылуу коркунучунда. Коомдук тамактануу жайларынын абалы
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

25
(жаңыланган 03:39 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

25
Белгилер:
журналист, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды
Полиция кызматкерлери элди атам деп жатат

АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды

130
(жаңыланган 03:24 03.06.2020)
Продюсердин билдиришинче, ал полиция кызматкерлерине журналист экендигин бир нече жолу айткан. Мындан тышкары мойнунда пресс-картасы да бар болчу.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШда полиция нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп резина ок менен аткылады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Продюсер окуяны төкпөй-чачпай баяндап берген.

"Мен Ак үйдүн жанында жүргөн элем. Митингчилерге ок атыла баштаган маалда окуяны видеодон көрсөтүү үчүн ал жакка жакындадым. Полиция ошол замат аткылап баштады. Байкашымча, травматикалык граната менен резина окторду колдонушту. Ошондой эле биз тарапка көздөн жаш агызуучу газ чачышып, бардыгыбыз жөтөлдүк", — деген журналист.

Продюсердин билдиришинче, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине журналист экендигин бир нече жолу айткан. Мындан тышкары, мойнунда пресс-картасы да бар болчу.

"Мен кабарчы дегенимде, полиция "Артка!" деп кыйкырып, катуу үн чыгаруучу гранаталарды ыргыта баштады. Соккунун издери ичим менен санымда калды. Бир нече секундадан кийин кайрадан тартууну улантып жатканымда резина ок менен аткандай болду. Ал жаракаттан бутум көгөрүп, канады", — деп кошумчалады Руссел.

Жерге жыгылып калган аялга демонстранттардын бири жардам берген.

"Митингчилерге кандай чара көрүлсө, бардык журналисттерге дагы ошондой мамиле болуп жатат", — деди продюсер.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

130
Белгилер:
ок атуу, журналист, башаламандык, Sputnik, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Нью-Йоркто мародёрчулук күч алды. Жеринде тартылган видео