Тээп, чаап, аз жерден жулуп ала жаздаган. Жаалданган айдоочунун видеосу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМай куйуп жаткан айдоочу. Архив
Май куйуп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болгон кыймылды жазып турган видеокамерага автомай куйган бекеттеги айдоочунун адаттан тышкаркы кылыгы түшүп калган. Окуя Канаданын провинцияларынын биринде болгон.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Видеону жергиликтүү полиция кызматы Twitter аккаунтуна жайгаштырган.

​Автоунаанын жанында турган эркек кишинин капыстан эле автомай куйган колонканы тээп, чаап, андан сырткары автокөлүгүнө таканчыктай калып, чирене дагы бир ирет тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Колундагы түтүктү аз жерден үзүп ала жаздаганы бир караган кишиге да байкалат. Бул аракетти белгисиз адам бир нече ирет кайталаган.

Көпүрө урап, чуңкурга түшүп бара жатканын айдоочу тартып алган. Россиядагы окуя - Sputnik Кыргызстан
Көпүрө урап, чуңкурга түшүп бара жатканын айдоочу тартып алган. Россиядагы окуя
Оператор жакты бир нече ирет карап, бирок натыйжа болбосун сездиби, айтор, ал агрессиялык маанайдагы киши автоунаасына отуруп жаткан жеринен видео үзүлгөн.

Эми полиция колу-буту "узун" кишиге издөө салып, видеону элге тараткан.

Полиция чаң жана кир болгондуктан, автоунаанын мамлекеттик номери окулбай калып, ачуулуу бул жаранды табуу иши бир топ кыйынга турарын моюнга алган.

Ал эми автомай куйган бекеттин ээси автоунаа ээси ага канчалык чыгым келтиргенин эсептеп, тактап, полицияга өткөрүп бергени маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0