COVID-19 бизди көпкө чейин коштоп жүрүшү мүмкүн. Адистин пикири

© REUTERS / JEAN-PHILIPPE KSIAZEKСамоизоляция в Живоре. Франция
Самоизоляция в Живоре. Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, бул оору көпкө чейин созулган көйгөйгө айланышы мүмкүн. Ошондой эле коронавирус ВИЧ-инфекция сыяктуу болуп калары божомолдонду.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаал боюнча программасынын жетекчиси Майк Райан коронавирустун жаңы түрү көпкө чейин жашашы мүмкүн экенин айтты. Анын пикиринде, коронавирус ВИЧ-инфекция сыяктуу болуп калат. Бул тууралуу Sputnik радиосу NEWS.ru басылмасына таянып айтты. 

Адистин ою боюнча, бул вирус жоголбойт.

"Коронавирустун жаңы түрү биздин коомго калыптанып, жоголбой жүрө бериши мүмкүн", — деген Райан.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык окумуштуулар эркектердин уругунан коронавирус табышты
Ал COVID-19 кетеби же кетпейби деген суроого жооп издөөдө реалист болуу керектигин баса белгиледи.

"Коронавирус мынча убакыттан кийин кетет деген убада болбошу керек. Бул оору көпкө чейин созулган көйгөйгө айланышы мүмкүн. Балким, көпкө узабай да калышы ыктымал", — деген Райан.

Буга чейин коронавирустун ар кандай нерселердин үстүндө бир канча сааттан бир нече күнгө чейин жашаары айтылган. Адамдар жүргөн, кармаган нерсенин баарында вирус калышы ыктымал. Адистер сактануу үчүн дайыма колду жууп туруу керектигин чарчабай эскертип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0