Instagram: 25 билдирүүнү дароо өчүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралды

© AP Photo / Amr AlfikyInstagram социалдык тармагы смартфондун экранында. Архив
Instagram социалдык тармагы смартфондун экранында. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аккаунттун ээси ага терс пикирлерди калтыргандарды блокко салып коё алат.  Өзүнө жаккан комментарийди коюп алса болот.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Instagram социалдык тармагынын колдонуучусу анын постуна калтырылган комментарийлерди тобу менен өчүрүп коё алат. Бул туурасында социалдык тармактын администрациясы өзүнүн блогуна жазды.

Маалыматта мындай жаңычылдык терс пикирлерди азайтуу жана онлайн-буллинг (интернеттеги каралоо жана мазактоо) менен күрөшүү үчүн жасалып жатканы айтылган.

Мындан сырткары жаман пикир калтыргандарды блоктоп салууга да болот.

"Бул функцияны колдонуу үчүн комментарийге басканда оң бурчта атайын белги пайда болот. "Комментарийлерди жөндөө" деп аталган жерди тандап, 25 билдирүүнү бир учурда өчүрүп салса болот", — деп айтылат маалыматта.

11-я Неделя российского интернета RIW-2018   - Sputnik Кыргызстан
Instagram жаңы кызматын сыноодон өткөрүүдө. Пайдасы
Аккаунт ээлерине башкалардын пикирлерин коюп алууга мүмкүнчүлүк берилген. Алар бардык билдирүүлөрдүн башында көрүнүп турат.

Иштеп чыккандар эстетип турган мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейткен. Ар бир колдонуучу аны өзүнө ылайыктап жөндөп алса болот. Алар үчүн эч кимге эмес, аккаунттарга гана, жазылган колдонуучулар үчүн, бардыгы үчүн деп бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0