Тажикстанда коронавирустан эки жумада 36 киши көз жумду. Коңшулардагы абал

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстанда да оору жуктургандардын саны тездик менен өсүүдө. Ал эми Өзбекстанда айыккандар арбын. Аталган мамлекеттеги сары менен белгиленген шаар, аймактарда чектөө чаралары алына баштады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустан улам коңшу жана өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга абай салды.

Казакстан

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 157 болду. Анын ичинен 2 980 бейтап айыкса, 39 киши көз жумду. Чектөө чаралары акырындык менен алынып, коомдук транспорт (автобус, троллейбус) жүрө баштаган. Бирок бийлик эгер жарандар санитардык нормаларды сактабаса, Нур-Султан шаарындагы коомдук транспортту кайрадан токтотуп саларын айтып, эскертүү берди.

Өзбекстан

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинде айыккандар арбын. Өлкө боюнча жалпы 2 741 адамдан COVID-19 аныкталса, анын 2 221и сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Вирус 11 кишинин өмүрүн алган. Коңшу Өзбекстанда дагы чектөө чаралары алынып, эл жай турмушка кайта баштады. Эртеңден тарта аймактар менен борбор калаанын ортосундагы аба каттамдарынын иши жанданат. Ташкентте шаардык зоопарк иштей баштады.

Тажикстан

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны тездик менен өсүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, вирус илештиргендер 1300гө жетип, илдеттен 36 киши каза болгон. Коңшуларда мектептер, коомдук жай, мечиттер жабылып, массалык иш-чараларга тыюу салынган. Белгилей кетсек, аталган мамлекетте коронавирус алгачкы жолу 30-апрелде аныкталган.

Россия

Россия дүйнө жүзү боюнча коронавирус көп катталып жаткан мамлекеттердин ичинен экинчи орунга чыкты. Кыргыз мигранттары байырлаган бул өлкөдө 281 миң кишиден COVID-19 чыгып, анын 67 миңи сакайган.

Кытай

Кытайда акыркы суткада коронавирус беш кишиден табылган. Өлкөдө коронавирус эпидемиясы боюнча кырдаал турукташып калганы менен сырттан келгендерден вирус чыгууда. Жалпысынан алганда, сырттан келгендердин ичинен COVID-19 1700 кишиден табылса, анын 1656сы айыгып чыкты. Учурда 40 бейтап дарыланып жатат.

Кыргызстан

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138 болду. Анын ичинен 804ү айыгып, 14 киши каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0