Сириялык бала АКШнын аскер техникасынын колоннасын карап турат. Архив

Сириялык качкын согушкер АКШ аскерлери "Ислам мамлекети" менен иштешерин айтты

251
(жаңыланган 11:05 19.05.2020)
Сирия менен Иорданиянын чек арасындагы Эт-Танфа аймагында Американын аскердик базасы бар. Айланасындагы АКШ аскерлери көзөмөлдөгөн 55 чакырымдык аралыкта качкындар лагери орун алган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Сириядагы Эт-Танфа базасында иштеген америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюму менен активдүү кызматташат. Бул тууралуу россиялык журналисттерге согушкерлердин Эт-Танфадан качып, Сириянын өкмөттүк аскерлери тарапка өтүп кеткен командири Абу Хамзи айтып бергенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Эт-Танфадагы АКШ базасында аскердик даярдыктан өткөн согушкерлер тобу өздөрү кайтарып жаткан таяныч пунктун таштап, өкмөттүк күчтөргө багынып бергени айтылат. Маалыматка караганда, аларды Дамаскиге тиешелүү аймакта теракт уюштурууга жана нефтегаз, транспорттук объектилерди басып кирүүгө даярдашкан.

"Америкалыктар бул жакты өз жери деп эсептейт, өздөрүн падышадай алып жүрүп, каалаганын кылат. Капитан Майк жана башкалары деле ошондой. Алар "игилчилер" менен кызматташат. Азыр аларды окутуп жатышат", — деди Абу Хамзи.

Качып кеткен согушкердин айтымында, ал сөз кылып жаткан Майк аттуу капитан анын инструктору болгон. Абу Хамзи андан Американын 40 жана 50 калибрлүү куралдарын колдонгонду үйрөнгөн.

Сирия менен Иорданиянын чек арасындагы Эт-Танфа аймагында Американын аскердик базасы бар. Айланасындагы АКШ аскерлери көзөмөлдөгөн 55 чакырымдык аралыкта качкындар лагери орун алган. Буга чейин Россия менен Сириянын аскерлери жана Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү лагерде абал өтө оор экенин айтып келишкен.

251
Белгилер:
кызматташтык, согушкер, Аскер, Сирия, АКШ
Тема боюнча
30 күндө талаптарды аткаргыла! Трамп ДCСУга ультиматум койду
Олимпиадалык шакектер жана желек. Архив

Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт

12
(жаңыланган 18:47 29.05.2020)
Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тарта даярдануусун баштап, машыгууларга киришет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи кезекте сөз Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат.

"Курама командалардын мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт. Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы. Спортчулардын дене табы текшерилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өлкө ичиндеги мелдештер боюнча азырынча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, Токио шаарындагы Олимпиада 2021-жылы өтмөкчү. Ал пандемиядан улам ары жылдырылган.

12
Белгилер:
карантин, машыгуу, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
Муштум. Архив

Москва: элчилик сабалган кыргызстандык боюнча ИИББге кайрылды

117
Окуя 25-майда Москвадагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгон. Кыргызстандык окуяны тизмектеп, милицияга арыз жазды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына полиция кызматкерлеринин КР жаранын сабаганы боюнча кат жөнөттү. Бул туурасында дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала таратылган кабарда окуянын 25-майда Москва шаарындагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгону айтылды.

"Элчиликтин кызматкерлери ИИБдин Борбордук административдик округунун "Китай-город" деп аталган полициянын бөлүмүнө барышты. Ал жерден Кыргызстандын жараны окуянын кандайча болгонун тизмектеп жазып берди. Кайрылууну нөөмөт бөлүмүнө катташты", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери баргандан кийин ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынан тыкыр иликтөө болорун айтышкан.

117
Белгилер:
элчилик, сабоо, полиция, Москва, Россия, кыргызстандыктар
Тема боюнча
Москва: оорукананын курулушунда өрт чыгып, кыргызстандык көз жумганы айтылууда