Төрөт үйүндө ымыркай. Архив

Түштүк Африкада коронавирустан жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды

64
(жаңыланган 11:05 21.05.2020)
Наристе өзү ара төрөлүп, энесинин ичинен түшкөндө эле дем алуусу оор болгондуктан, дарыгерлер аны жасалма аппаратка туташтырышкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Түштүк Африкада коронавирус жуктурган ымыркай чарчап калган алгачкы учур катталганын РИА Новости өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин порталына шилтеме берип жазды.

"Тилекке каршы, COVID-19 жуктуруп алган ымыркай чарчап калды. Бул бизде наристе каза болгон биринчи учур. Кеп эки күн мурун жарыкка келген бала тууралуу болуп жатат. Ал өзү ара төрөлүп, ошондо эле дем алуусу оор болгондуктан жасалма аппаратка туташтырганбыз. Анын энеси COVID-19 инфекциясын жуктурган экен, баласын текшере келгенде андан да чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Түштүк Африкада коронавирус жалпысынан 18 003 кишиден аныкталган. Анын 339у оорунун кесепетинен каза болсо, 8 950 бейтап сакайып чыккан.

64
Белгилер:
өлүм, ымыркай, коронавирус, Түштүк Африка Республикасы
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (762)
Тема боюнча
АКШда коронавирустан ымыркай чарчап калды
Улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин эстелиги. Архивдик сүрөт

Дүйнөнүн атактуулары Пушкиндин чыгармаларын түз эфирде окушат

28
(жаңыланган 13:15 06.06.2020)
Иш-чара улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин 221 жылдыгына жана Орус тили күнүнө арналат. Онлайн-трансляцияны "Россотрудничество" мекемеси Facebook баракчасында Бишкек убактысы менен саат 17:00дө баштайт.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн "Почитаем Пушкина" адабий-музыкалык марафону түз эфирде өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу "Россотрудничество" мекемеси маалымдайт.

Иш-чара улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин 221 жылдыгына жана Орус тили күнүнө арналат. Онлайн-трансляцияны "Россотрудничество" мекемеси Facebook баракчасында Бишкек убактысы менен саат 17:00дө баштайт.

Түз эфирде белгилүү адамдар Пушкиндин ыр саптарын окуп, анын сөзүнө жазылган романстар аткарылат.

Иш-чараны "Россотрудничество" мекемесинин башчысы Элеонора Митрофанова ачып берип, акын жана драматург Жулиан Генри Лоуэнфельд алып барат.

Ага Россия, Бельгия, Улуу Британия, Индия, Ирландия, Кытай, Сербия, АКШ жана Франциядан ырчы, музыкант, акындар катышат.

Пушкиндин чыгармалары бир гана орус эмес, башка тилдерде дагы жаңырат.

28
Белгилер:
түз эфир, чыгарма, ыр, Александр Пушкин
Тема боюнча
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Эмне үчүн Пушкин менен Шаляпиндин тилин үйрөнүү керек?
Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Арихв

Жай мезгили жаман адаттардан арылууга ыңгайлуу учур. ДССУнун сунушу

59
Туздуу, майлуу жана канты көп тамактардан баш тартууга жай мезгилинде жаңы бышып, ар бир дүкөндө сатылган жер-жемиштер жардам берет.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жай мезгили жаман адаттардан арылууга эң ыңгайлуу учур. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Россиядагы өкүлү Мелита Вуйновичке таянып "Известия" басылмасы жазды.

"Азыркыдай жугуштуу илдет ар тараптан курчап турган кезде адам иммунитетин жакшыртышы керек. Ал үчүн ичимдик, чылым, туура эмес тамактануу, аз уктоо сыяктуу жаман адаттардан арылуу зарыл. Бул нерселердин баарын таштап коюуга күн жылуу, айлана жашыл болуп турган жай мезгили өтө ыңгайлуу", — деди Вуйнович.

Мисал катары ал туздуу, майлуу жана канты көп тамактардан баш тартууга жай мезгилинде жаңы бышып, ар бир дүкөндө сатылган жер-жемиштер жардам берерин айтат.

Ошондой эле жылуу мезгилдеги активдүү жашоо образы адамдын саламаттыгын бир топ жакшыртары кошумчаланды.

59
Белгилер:
чылым, ичимдик, ден соолук, жай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема боюнча
Сак болгула! Кан басымы жогоруларга COVID-19 өзгөчө кооптуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архивдик сүрөт

Дастан Жумабеков көк бөрүчү Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Видео

0
(жаңыланган 16:39 06.06.2020)
Спикер 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бирине Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Ынтымак" командасынын улакчысы Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Бул туурасында спикер Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Дастанбек Джумабеков (@dastanbek_djumabekov_official)

Анда төрага 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Илис уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаганы айтылат.

"Төрага Дастан Жумабеков эл аралык класстагы спорт чебери, жаш улакчыга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады", — деп жазылган.

Автокөлүктүн ачкычын Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырганын көрүүгө болот.

0
Белгилер:
белек, автоунаа, улакчы, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео
Президент Аалы Туткучев баштаган сыймыктуу уул-кыздардын энелерин сыйлады. Сүрөт