Украина президенти Владимир Зеленскийдин архивдик сүрөтү

Зеленскийдин тактыдагы бир жылы. Украина президентинин ишмердигине сереп

201
(жаңыланган 11:28 21.05.2020)
Кечээ Владимир Зеленскийдин Украина президенти болгонуна бир жыл толду. Эч кандай саясий тажрыйбага ээ болбой туруп ал мурдагы президент Петр Порошенкону экинчи турда аябагандай чоң айырма (73%) менен утуп чыккан.

Владимир Зеленскийдин бир жылдык ишмердигине серепчилердин баасын биздин өнөктөш РИА Новости агенттиги сапка салган.

Зеленский бул убакыт аралыгында шайлоо алдында берген убадаларынын айрымдарын аткарды, атап айтканда, депутаттык кол тийбестикти жойду. Бирок Донбассты убада кылган жай турмушка кайтара алган жок.

Эки чылбыр, бир тизгин колунда турса да, өлкөнү реформалоодо жана "жакырлык доорун" жеңүүдө олуттуу өсүш жарата алган жок. Ошондой эле күрөшөрүнө убада кылган кишилерин кайра кызматка дайындаганы үчүн да айыпташат. Кадрлардын таңсыктыгы да анын ишинин натыйжалуулугун аксатууда. Негизги кызматтарга талапкерлерди ал мурдагы аткаминерлердин арасынан да издөөгө аргасыз.

Россия менен мамиле да күтүлгөндөй жакшырып кетпеди. Зеленскийдин кеңсеси тараптан антироссиялык риторика кыйла азайганы менен жаңы президент РФти Украинанын чыгышындагы жаңжалга айыптаганын койбой, Москвага каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырганын токтотпойт.

Серепчилердин баамында, Зеленский "ушунча убакыт бою президент болууну үйрөнүп келди, бирок дале бул кемени кантип айдоону аягына чейин аңдай элек". Мамлекет башчылык кызматындагы он эки айын баалап жатып Зеленский өзү ишенчээктиги калып баратканын, мурдагыдан катаал тартып, бирок жаңы ролуна дале көнө албай жүргөнүн билдирген.

"Турборежим"

Зеленскийдин бир жылдык башкаруусунда өлкөдөгү бардык өзгөрүүлөр "турборежимде" жүргөн. Бийликтин партиясы президенттин жана анын айланасындагылардын калыптанып калган эрежелерди жана аткаминерлерди чагылгандай тездик менен өзгөртүп жиберүү, ошондой эле Жогорку Радада чечимдерди кабыл алуу тилегин дал ушундай мүнөздөгөн.

Инаугурация күнүндө эле Зеленскийдин алгачкы чечими парламентти таратуу жана кезексиз шайлоону жарыялоо болгон. Былтыр өткөн шайлоодо президенттик партия 246 мандатка ээ болуп, коалицияны өз алдынча түзгөн.

"Эл кызматчылары" ("Слуги народа") партиясынын депутаттары жаңыдан ишин баштаганда өздөрү тексттери менен да тааныша элек мыйзамдарга күнү-түнү добуш беришкен. Бир жылдык ишмердигинде эле Рада 180ден ашуун мыйзам кабыл алууга үлгүргөн. Зеленскийдин тегерегиндегилер конституцияга депутаттардын кол тийбестигин алуу өңдүү өзгөртүүлөрдү киргизе алышты. Азыркы президент бийликке келгенче, бул демилге Радада бир топ жыл кармалып турган.

Ошол эле убакта өзгөртүүлөрдө депутатка каршы кылмыш ишин эми башкы прокурор гана козгой алары каралган. Башкы прокурордун талапкерлигин парламент президенттин сунуштоосу менен бекитет. Зеленскийдин демилгеси менен Радада импичмент жөнүндө мыйзам, ачык регионалдык тизмени караган жаңы шайлоо кодекси кабыл алынды.

Кадрдык тартыштык жана тааныш-билиштик

Зеленскийдин башкаруусу кадрдык саясаттан аксайт. Бийликке өлкөнү башкарууга командасы жок киши келди. Болушунча жаңы адамдарды алып келүү боюнча шайлоо алдындагы демилгеси да ишке ашпады.

"Зеленский менен шайлоочулары жаңы кишилерди бийликке алып келип эле баарын өзгөртүп жиберерин ойлошкон. Бирок ойлогондорундай болбоду. Татаал маселелер тез жана оңой-олтоң чечилбейт", — деп эсептейт украиналык саясат таануучу Владимир Фесенко.

"Эл кызматчылары" депутаттарынын арасындагы жаңы адамдар тез эле "эскилерге" айланды. Иш жүзүндө бийликтин партиясы таасир этүүнүн бейформал топторуна бөлүнүп, туруксуз иштей баштаганына бир топ болуп калды. Соңкуларынан негизгилери болгон жер рыногу жана "антиколомойский" (Украинанын олигарх депутаттарынын бири Игорь Коломойский жана "ПриватБанктын" тегерегиндеги маселе) мыйзамына добуш берүүлөр Радада Зеленскийдин бирдиктүү коалициясы эми жок экенин көрсөттү.

"Командасын шашылыш топтогондуктан, тартибинин да, ыкчамдыгынын да бирден-бир критерийи – жалгыз өзү. Ошондуктан идеологиялык же баалуулук факторлору жок. Зеленский болбосо, ал жараткан система да болбойт", — дедит Фесенко.

Натыйжасыз кадрдык саясат Украинанын экономикасында да көйгөйлөргө тушуктурду. Зеленскийдин Алексей Гончарук башында турган биринчи өкмөтү мамлекеттик бюджетке киреше түшүшүн үзгүлтүккө учуратып, бул социалдык төлөм боюнча көйгөйлөргө жана акыры министрлер кабинетинин отставкасына алып келген. Гончаруктун ордуна Денис Шмыгаль келген.

Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө талапкерлерди Зеленскийдин кеңсеси алигүнчө таба элек. Украина Радасында өкмөттүн бул курамы да отставкага кетип калышы ыктымал экенин жашырышпайт. Коронавирус эпидемиясы маалында экономикалык абалды турукташтыруу боюнча планын сунуштай албай келет.

"Кадрдык саясатта кызыктай окуялар болуп жатат. Бийликке мурункулар гана эмес, абдан шектүү саясий таржымалы бар адамдар кайтууда. Анан калса, бардык лагерлерден – Виктор Януковичтин да, Петр Порошенконун тобунан да бийликке кайра кадам жасашууда. Мындай көрүнүштөр кадрдык саясаттын жоктугун көрсөтөт", — деп жазат "Центр UA" коомдук уюмунун башчысы Олег Рыбачук "Новое время" басылмасына.

Саясат анализи жана менеджменти украиналык институтунун директору Руслан Бортниктин пикиринде, кадрдык саясаттын жаңылыш экени Зеленскийдин жарым жыл өтпөй өкмөттү, башкы прокурор жана президенттин кеңсесинин жетекчисин алмаштырганынан эле көрүнүп турат.

"Бул анын кадрдык саясаты системага салынбаганынан кабар берет, бийликке туура эмес кишилер келип калып, алардан тез эле арылууга туура келүүдө", — дейт эксперт.

Бийликке дос жана туугандарын жолотпоого берген убадасы да Зеленскийдин шайлоодон утуп чыгышына салым кошкон.

"Кам санабагыла. Таааныш-билиштикке жол берилбейт" деп жооп берген Зеленский Мамлекеттик кызматка кимдерди дайындай турганы боюнча журналисттердин суроосуна 2019-жылдын апрелинде. Жыл айланбай анын "Квартал 95" студиясынын катышуучуларынын дагы бирин мамлекеттик кызматка дайындаганында украиналыктар кол шилтешти.

Зеленский алгачкы чечимдери менен эле балалыктан берки досу Иван Бакановду Коопсуздук кызматынын жетекчилигине дайындаган. Буга чейин ал "Квартал 95" ЖЧКсын жетектеген. Бир топ жылдан берки досу, бизнес-өнөктөшү, "Квартал 95" студиясынын теңата кожоюну Сергей Шефирди өзүнө кеңешчи кылып алган.

Президенттик кеңсенин жетекчилигине "Кварталдын" юристи жана досу Андрей Ермак келген. "Квартал 95" студиясынан бийликке дайындалуулар эбак тамашага тема болуп калган. Аталган студиядан Лысый (Зеленскийдин жакын досу Евгений Кошевой) эмнеге дале кызматка келе элек деп шакаба чегип калышат. Украиналык журналисттер "кварталдыктар" бүткөндө аталган жамааттын концертинде кызуу алакан чаап, катуу күлгөндөрдөн кызматка дайындоого болорун да тамашалашат.

Жемкорлукка каршы күрөш жана "камайм" деген убадалар

Порошенко менен болгон дебатта Зеленский ага "мен – сиздин өкүмүңүзмүн" деген. Шайлоо алдындагы дагы бир ураандарынын биринде: "Жаз келсин, баарын камайбыз" деп жазылган. Жемкорлукка каршы турарын кайра-кайра жарыялап келгени менен Зеленскийдин тегерегинде жаңы жемкорлук жаңжал чыкты.

Март айынын аягында президенттик кеңсенин башчысы Ермактын бир тууганы мамлекеттик кызматтарга талапкерлерди тандап жатканын далилдеген видеолор жарыяланган, балким акча да алган болушу мүмкүн деп айтылган. Зеленскийдин кеңсеси бир аптадан кийин гана бул жаңжал боюнча үн катып, видеодогу кишилердин эч бири кызматка дайындалбаганын, бирок "келтирилген фактылардын баары кылдат текшерилүүгө тийиш" экенин белгилешкен. Кийинчерээк Мамлекеттик тергөө бюросу Ермактын бул материалдардын таралышына байланышкан арызы боюнча иш козгогон.

Антикоррупциялык прокуратура мамлекеттик бийлик органдарына кызматка дайындоодо таасирден кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча иш козголгон. Кийин аны "Алдамчылык" беренесине алмаштырып коюшту.

Зеленский өзү бир жыл ичинде жемкорлорду камай албаганына укук коргоо органдарына түз таасир эте албаганын себеп катары көрсөтөт. Эң чуулгандуу иштердин алдыңкы сабында Порошенкого козголгон иштер турат. Ал 16 кылмыш ишинде фигурант. Арасында "Мамлекетке чыккынчылык", “Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдаштыруу, "Бийлигинен кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча козголгон иштер да бар.

Донбасс маселеси да жарым жолдо

Зеленский Донбасстагы согуштук жаңжалды токтотууга көп көңүл бурду. Былтыркы жылдын аягында Франция, Германия, Украина жана Россиянын лидерлери үч жылдык тыныгуудан кийин "норманд форматында" сүйлөшүүгө чогулушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Украинанын чыгышында бир катар пунктуларда күчтөрдү бөлүү башталып, өзүн мамлекет деп жарыялаган ДНР менен ЛНРдын РФ менен "кармалган" адамдарды алмашуусу жүрдү.

"Менин президенттик мөөнөтүмдө бул согушту токтотобуз деп ишенем... Бир жыл иштөөгө даярмын, эгер Минск келишиминен майнап чыкпаса, тактиканы өзгөртөбүз. Бир жыл өтө элек", – деп кайталап келген Зеленский.

Минскидеги Донбасс боюнча байланыш тобу "Штайнмайер формуласы" боюнча макулдашышкан. Бул аймактын өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө кирүү тартибин аныктайт. Формула Украинанын борбор калаасында, ошондой эле өлкөнүн бир катар шаарларында макулдашылган соң Киевдин мындай чечимине каршы чыккандардын митингдери өттү. Донбасстын макамы жөнүндөгү мыйзам алигүнчө Радага келип түшө элек.

Май айында Зеленский Минскидеги байланыш тобун күчтөндүрдү. Анын курамына вице-премьер, Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактары боюнча министри Алексей Резников кирди.

"Норманд төрттүгүнүн" экинчи жыйыны өтпөй калды. Бирок коронавирустун буга тиешеси жок. Кептин баары биринчи жолугушуунун жыйынтыктарынын аткарылбаганында. Жакшы башталганына карабай, Донбасс боюнча татаал чечимдерди кабыл алуу зарыл болуп турганда Зеленский артка чегинди. Чечимдерди өлкө ичиндеги оңчул радикалдар пайдаланмак, бирок аларсыз реинтеграция мүмкүн эмес", — деди Бортник.

Тышкы саясаты

Тышкы саясатта Зеленский Киевдин евроинтеграциялык векторун сактап, НАТО менен кызматташтыгын улантууда. Ошентсе да президенттин кеңсесинде Украинанын тышкы саясаты дал кандай болушу керектиги боюнча так стратегия жок.

Келечектүү изилдөөлөр эл аралык борборунун эксперти Николай Капитоненконун пикиринде, Зеленскийдин командасында стратегиялык пландоо сезилбейт, эски көп вектордуулук уланууда. Өз кезегинде саясат таануучу Бортник көп вектордуулук саясатка кайтуудан кеп козгоштун кереги жоктугун белгилейт. Анын пикиринде, жаңы президент евроинтеграцияны Порошенкодой демилгелүү жүргүзгөн жок.

"Батыш Украинадан четтеп, өз көйгөйлөрүнө кайтты. ЕБ жана НАТОдогу курстан эч кимдин баш тартпады. Конституцияда бул жобо сакталган, бирок бул процесстерди тездеткен киши жок", — деп эсептейт серепчи.

Крым 2014-жылдын мартындагы референдумдан соң россиялык регионго айланган. Анда Крым Республикасынын шайлоочуларынын 96,77 пайызы жана Севастополдун тургундарынын 95,6 пайызы Россиянын курамына кирүүгө макулдугун билдирген. Крым бийлиги референдумду Украинадагы 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөргөн. Украина мурдагыдай эле Крымды өзүнүкү санап, убактылуу оккупацияланган территория деп атайт.

РФ жетекчилиги Крым тургундары демократиялык жол менен эл аралык укуктарга жана БУУнун Уставына толук шайкеш түрдө Россияга кошулууга добуш беришти деп эсептейт. Россиянын президентинин айтымында, Крым маселесине "биротоло чекит коюлду".

Бедели төмөндөп...

Кетирген катачылыктарына жана коомго түшүнүксүз чечимдерине карабай, жакын арада шайлоо өтө турган болсо, Зеленский кайра эле утуп чыкмак. Акыркы социалдык сурамжылоолор боюнча потенциалдуу шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы аны шайлоого даяр.

Былтыр биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ал бардык талапкерлердин ичинен эң жогору (30,24%) жана ошол убактагы президент Порошенкодон эки эсе көп добуш алган. Экинчи турда 73,22% менен шайлоодон утуп чыккан.

"Зеленскийдин партиясы он ай ичинде ар бир төртүнчү, ал эми Зеленский өзү шайлоочуларынын 30 пайызын жоготту. Буга карабай рейтинг жогору бойдон, анткени 73 пайыз – жетишерлик жогорку көрсөткүч", – дейт Бортник.

Анын көз карашында, көпчүлүк мындай электоралдык революция, системага салынбаган саясатчынын шайланышы саясий революцияга жана социалдык-экономикалык байланыштын трансформацияланышына алып келерин күткөн. Бирок эл күткөндөй болбоду, Зеленский мурунку президенттерден калган башкаруу тутумун гана башкарууда.

"Демократия үйү" борборунун саясий талдоочусу Анатолий Октисюк да ушундай ойдо.

"Бийлик алмашкандай болду, бирок эски эрежелер Порошенконун тушундагыдай топтоштурулган эмес. Менимче, Зеленский олигархтардан, өз беделин түшүрүп алгандан же кимдир бирөөлөрдүн жамандап жазып коерунан чочулайт. Баары алакан чаап колдоп туруусун каалаган актердук синдромдон арыла элек" – деп эсептейт саясат таануучу.

201
Белгилер:
шайлоо, өкмөт, бийлик, Украина, кадрлар, саясат, президент, Владимир Зеленский
Тема боюнча
"Соккуга даярдык". НАТО Түндүк Македонияны кошуп алуудан эмне пайда көрөт
Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквериндеги көчө шыпыргыч

Америкада депрессияга түшүп, тынчсыздангандар кескин көбөйдү

22
(жаңыланган 10:28 28.05.2020)
АКШнын Эл каттоо кызматы пандемиянын ар кайсы тармакка тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштады.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америкада пандемия башталгандан бери депрессия менен тынчсызданууга кабылгандар кескин көбөйдү. Бул тууралуу Washington Post АКШнын Эл каттоо кызматынын изилдөөсүнө таянып жазды.

Бюро апрелдин аягында жумушка орношуу, финансы, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүнө пандемиянын тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштаган. Акыркы сурамжылоо 7-майдан 12-майга чейин жүргүзүлүп, ага 42 миң респондент катышкан. Анда адамдардын психикалык абалын билүү үчүн төрт суроо берилген.

Басылманын маалыматы боюнча, иликтөөгө катышкандардын 24 пайызында олуттуу депрессиянын белгилери аныкталса, 30 пайызында тынчсыздануу байкалган. Мындай симптомдор көбүнчө жаштарда кездешкени айтылат. Ошондой эле эркектерге караганда аялдарда тынчсыздануу менен депрессия көп катталган.

Адистер пандемияга чейин бул көрсөткүч кыйла ылдый болгонун белгилешет. Маселен, 2014-жылы сурамжылоого катышкандардын 25 пайызы маанайы чөгүп жүргөнүн айткан. 2020-жылы бул статистика 50 пайызга өскөн. Анын 10 пайызы күн сайын маанайы жок экендигин билдиришкен.

АКШнын калкты каттоо бюросу үч ай ичинде жума сайын сурамжылоо өткөрүүнү ниеттенип жатат.

Америка COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ал жакта ооругандардын саны 1 миллион 600 миңден ашып, жүз миңден көп киши көз жумду.

22
Белгилер:
депрессия, пандемия, коронавирус, АКШ
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 25 май 2020 жылы

Москва мэри 1-июндан тарта кандай жеңилдиктер болорун айтып берди

35
(жаңыланган 10:36 28.05.2020)
Сергей Собяниндин айтымында, шаардыктар эшиктин алдына, сейил бактарга чыгууга мүмкүндүк алышы керек.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москва шаарында COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөр 1-июндан тарта акырындык менен жоюла баштайт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин Владимир Путин менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Собяниндин айтымында, мындай чечим бийлик үчүн оңойго турган жок, бирок шаардыктар эшиктин алдына, сейил бактарга чыгууга мүмкүндүк алышы керек.

"Азыр биз график иштеп чыгып, аны тесттик режимде иштетип көрөбүз. Негизи жарандар бардыгы бир учурда чыкпай, кезек-кезеги менен чыгуусу шарт", — деди Собянин.

Ошондой эле ал кийим-кечек саткан дүкөндөр, химиялык тазалоо, тиричилик техникаларды оңдоочу жайлардын ачылышы пландалып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, Москва мэри шаар Жеңиш парадын өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми Владимир Путин өлкөдө коронавирус боюнча абал турукташып калганын айтып, учурда күн сайын жуктуруп алгандарга караганда сакайып чыгып жаткандардын саны көп экенин айтты.

Жалпысынан Путин айрым майда-чүйдө кемчиликтерди эске албаганда, Москва жетекчилигинин COVID-19 менен күрөшүүдөгү аракетин жакшы деп баалады.

35
Белгилер:
коронавирус, карантин, Сергей Собянин, Владимир Путин, Москва, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео
Россия кыргыз-тажик чек ара көйгөйүндө ортомчу болууга даяр
Коронавируска анализ жүргүзүп жаткан лаборатория кызматкери. Архив

Соль-Илецк менен Бузулуктан келген канча адамдан вирус табылганы айтылды

4
(жаңыланган 10:56 28.05.2020)
Россиянын Оренбург облусунун эки аймагынан жалпысынан 1000дей киши кайткан. Алардын арасынан күн сайын вирус жуктургундар аныкталып жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Оренбургдун Соль-Илецк шаарынан келген 101 кыргызстандыктан, ал эми Бузулук районунан кайткан сегиз кишиден коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор андан Россиянын Оренбург облусунун эки аймагынан келген канча кишиден оору табылганын сураган.

"Учурда стационарларда жаткандар бар, алардан кошумча ПЦР-тесттер алынат. Лабораториялык тастыктоолор улантылып жатат. Бүгүнкү күндө Соль-Илецкиден кайткан 101 адам, Бузулук районунан келген сегиз киши вирус жуктурганы белгилүү болду. Мындан тышкары, 52 курсанттан илдет аныкталган. Арасында Санкт-Петербург эле эмес, Россиянын башка шаарларынан келгендер да бар", — деди Үсөнбаев.

Эске салсак, буга чейин Бузулуктан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинген. Ал эми Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

4
Белгилер:
коронавирус, Соль-Илецк, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Облустардагы COVID-19: сырттан келген бейтаптардын статистикасы
Мындай боло элек болчу! Бир суткада 27 медик коронавирус жуктурду
12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда. Дарыланып жаткандардын абалы