Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя

© REUTERS / RUPAK DE CHOWDHURIИндиядагы "Амфан" циклонунун кесепети
Индиядагы Амфан циклонунун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш кубулушу Индиянын калк жыш жайгашкан Батыш Бенгалия аймагында катуу сезилген. Кырсык 10 кишинин өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Индиянын сууга жакын аймактарында "Амфан" деп аталган кубаттуу циклон Бенгал булуңунун тарыхында көпкө эсте калчудай болду.

​ЖМКлардын маалыматына караганда, жаратылыш кубулушу Индиянын калк жыш жайгашкан Батыш Бенгалия аймагында катуу сезилген. Кеминде 10 киши өлүп, 14 миллион адам электр кубатысыз калган.

​Штаттын расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, чыгымдын көлөмүн эсептөөгө бир топ күн кетет.

"Штаттын түштүк тарабы толугу менен талкаланды. Айлабызды таппай турабыз. Чыгымдын көлөмүн эсептөөгө 3-4 күн кетет. Циклон көптөгөн үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жээктеги курулуштарды талкалап кетти", — деген аталган аймактын башкы министри Мамата Банерджи.

Жаалданган шамалдын ылдамдыгы саатына 190 чакырымга жетип, жолундагынын баарын талкалап жүрүп отурган. Үйлөрдү, көпүрөлөрдү, имараттарды кыйраткан.

Дагы бир видеодон шамалдын бактарды тамыры менен жулуп, кадимки эле автобусту күүсү менен жылдырып бара жатканын көрүүгө болот.

​Ал арада кубаттуу циклон 20-майда Бангладешке караган Хатия аралына жеткен. Ал жерден төрт кишинин өмүрүн алган. 2 миллионго жакын адамдар коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0