Эл аралык аэропорттун асманында учуп бараткан учак. Архив

Россия АКШнын Ачык асман боюнча келишимден чыгуу ниетин сынга алды

122
(жаңыланган 16:00 22.05.2020)
1992-жылы кол коюлган Ачык асман боюнча келишим кансыз согуштан кийин Европадагы тынчтыкты сактоо боюнча чаралардын бири болуп калган. Ага 34 өлкө мүчө.

БИШКЕК, 22-май. — Sputnik. Россия АКШнын Ачык асман боюнча келишимден чыгып жатканын актоо үчүн айтылган жүйөлөрүнүн бирин да кабыл албайт. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын РИА Новости жазды.

Бейшемби күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп келишимден чыгарын, анткени анын талаптарын Россия да аткарбай жатканын айтып чыкканы белгилүү болду. Эми Трамптын пикири боюнча, "жаңы макулдашуу" түзүүгө "мыкты мүмкүнчүлүк жаралды".

"Биз болбогон техникалык көйгөйлөргө шылтап фундаменталдык келишимдин чыгуу аракеттеринин баарын четке кагабыз. Аскердик коопсуздук жаатындагы ар бир келишим өтө татаал материя экенин эскертким келет. Саясий эрк барда бардык маселе кызматташуунун, кызыкчылыктарды тең салмактоонун негизинде чечилет", — деди Грушко.

Дипломат техникалык мүчүлүштүктөрдү талкуулоо үчүн тоскоолдук жок экенин белгилеп, бул үчүн сөзсүз эле келишимден чыгуу зарыл эмес экенин кошумчалады.

"Келишимден чыгып кетүү менен бир да маселе чечилбейт. 20 жылдан бери Европада тынчтык жана коопсуздукту камсыздоого кызмат кылган инструменттин өзү жок калат. Бул келишим аскердик коопсуздук системасынын негизги бөлүгү, мында бардык элементтер бири-бири менен тыгыз байланышта", — деди Грушко.

ТИМ өкүлү Россия келишимдин талаптарын бузбаганына токтолду. Керек болсо Москванын дагы "Вашингтонго Кошмо Штаттардыкынан кем эмес дооматы бар" экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 1992-жылы кол коюлган Ачык асман боюнча келишим кансыз согуштан кийин Европадагы тынчтыкты сактоо боюнча чаралардын бири болуп калган. 2002-жылдан тарта ишке кирип, мүчө мамлекеттерге бири-биринин куралдуу күчтөрү тууралуу маалыматты ачык чогултууга жол берет. Ага 34 өлкө мүчө.

122
Белгилер:
асман, диалог, коопсуздук, мүчүлүштүк, Россия, АКШ, келишим
Тема боюнча
Чехия маршал Коневдин эстелигин Россияга берүүдөн баш тартты
Сатып түгөтүп... Россия АКШ облигацияларынан баш тартууда

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

10
Афроамерикалык жарандын полиция кызматкеринин колунан каза табышы АКШда толкундоолорду шарттап, ал массалык башаламандыкка айланып кетти. Окуянын АКШнын саясий айдыңына кандай таасир берээрине россиялык журналист Ирина Алкснис көз чаптырган.

Жорж Флойддун өлүмү жана андан кийинки окуялар АКШдагы шайлоо кампаниясында колдонула турганында шек жок эле. Башкы сокку расизм жана афроамерикалык кишини өлтүргөн полиция кызматкерлеринин мыкаачылыгы үчүн күнөөлөнгөн Трампка узатылары божомолдонгон. Бирок окуянын өрчүшү менен реалдуулук демократтарга кезектеги күтүүсүз белегин тартуулай турган болуп калды.

АКШ лидери мыкты даярдалган спектакль коюп берди. Катуу сүйлөп, алгач акция катышуучуларын "бунт чыгаргандар" деп, бир катар штат жетекчилерин тынч элдин коопсуздугун коргой алган жоксуңар деп күнөөлөп, башаламандыкты токтотуу үчүн бардык федералдык ресурсту, керек болсо армияны колдонорун айтты.

Трамп Ак үйдө сүйлөп жаткан маалда полиция коменданттык сааттан улам Лафайет-скверди митингчилерден бошотуп жаткан эле.

Андан соң өлкө башчы резиденциядан чыгып, бир күн мурун радикалдар өрт койгон Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барды. Библияны бийик көтөрүп, өлкө коопсуздугун камсыздоону убадалады да "АКШ — дүйнөдөгү алп мамлекет" экенин жар салды.

Президенттин мындай кадамына илгиртпей жооп кайтарылды. Конгресстеги демократтардын лидерлери биргелешкен билдирүү таратып, Трамптын аракеттерин "коркоктук, натыйжасы жок жана кооптуу" деп баалашты.

Кескин сынды Нью-Йорк менен Орегондун губернаторлору да жаадырышты. Ал эми Нью-Йорктун мэри Муриэа Баузер Лафайет-скверди курал-жараксыз акция өткөрүп жаткандардан тазалоону абийир алып келбей турган кадам деп сыпаттады.

Россиялык көз караш менен алып караганда мунун баары кыйла кызык. Бир четинен жергиликтүү жана аймактык бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын башаламандыкты басуу үчүн жетишсиз экени айгине болуп турат. Экинчи жагынан президент сөөмөй кезеп, коркуткандан башка абалды турукташтыруу үчүн алгылыктуу кадам жасай элек.

Мунун жандырмагы америкалык мамлекеттик системанын өзгөчөлүгү менен бүгүнкү күндөгү саясий каршылашуунун өтө одоно жүрүшүндө.

АКШда федералдык борбор менен штаттардын ыйгарым укуктарын бөлүп кароо кыйла татаал, бирок жалпы жонунан аймакта болуп жаткан нерсе үчүн жоопкерчилик регионалдык бийликтин мойнунда. Бул укук коргоо органдарына да тийиштүү, мындан улам күч түзүмүнүн структурасын да оңой менен түшүнө албайсың.

Буга расалык негизде чыккан башаламандыктын Америка үчүн эч жаңылыгы жок экенин кошо кетели. Мындай окуялар өлкөдө байма-бай кайталанып турат. Эң белгилүүсү 1992-жылы Лос-Анджелесте болгон, бирок көпчүлүк 2014-жылы Фергюсондогу акцияларды жакшы билет.

Федералдар мындай окуяларга алы жетпей баратканын туюп-сезген штат бийлигинин өтүнүчү менен гана кийлигише алат. Мындан тышкары, губернаторлордун башын аттап күч колдонууга президент укуктуу, бирок бул учурда жоопкерчиликтин баары ага жүктөлүп калат.

Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн: Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан башаламандык штаттын көпчүлүк бөлүгүнө (50дөн 45инде) жайылды. Бирок талап-тоноочулук, зомбулук Демократиялык партиянын "жеринде" болуп жатат. Бул Трамптын жеңишке жетүүгө кыпындай да мүмкүнчүлүгү жок аймактар.

Демократ-губернаторлордун катуу чара көрүүгө даярдыгынын жоктугун түшүнсө болот: алар негизинен басымдуу бөлүгү мародерчулукка да күч колдонууга каршы турган электоратка таянып жашайт.

Айтор, Америкадагы жарандык-саясий каршылашуудагы тараптардын баары өз пикирин билдирди. Демократтар толкундоолор өзүнөн өзү басаңдагандан кийин консерваторлордун расизм боюнча көз карашы менен күрөшүүнү кайрадан күн тартибине чыгарууга ниеткер.

Президент болсо республикачы губернаторлор элди тезирээк тартипке келтирет деп ишенип турат. Бирок жабыр тарткан шаарлар менен демократ-саясатчылардын абалды жөнгө салууга жөндөмүнүн жоктугу республикачы штаттардын консолидациясын эле эмес, олку-солку болуп турган региондорду да Трампка ыктатып койду.

Ошол эле учурда оркоюп чыгып турган эки көйгөйгө эч ким көңүл бурган жок. Биринчиси — ашкере күч колдонууга ыктап турган америкалык укук коргоо органдарындагы системалуу расизм, экинчиси — кандай гана максат менен уюштурулган митинг болбосун, аны токтотуу зарылдыгы.

Бирок бул Американын колунан келбес иш болуп калды шекилдүү.

10
Белгилер:
Дональд Трамп, шайлоо, саясат, полиция, өлүм, акция, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек

Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

314
(жаңыланган 16:52 03.06.2020)
Европарламенттин Ирландиядагы депутаты Люк Флэнаган видеоконференция учурунда кесиптештеринин алдында адаттагыдан башкача чыккан.

Европарламент бул учурда айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн талкуулап жатканын The Guardian жазды. Кеп кезеги келген Флэнаган эфирге көйнөкчөн, бирок шымы жок пайда болгон. Төшөктүн үстүндө отуруп сүйлөп жаткан депутаттын анда-санда жылаңыч буттарын кармалап, сылап коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

Кадрдан кесиптештери күлкүсүн кыйынчылык менен тыйганын байкоо кыйын деле эмес. Ал докладын бүткөндөн кийин комитет жетекчиси жылмайган тейде, ыраазылыгын билдирген.

Парламентарий шымы жок экени парламенттегилерге көрүнүп калгандыгын билгенден кийин, буга маани беле бербегендигин айткан.

314
Белгилер:
видеоконференция, доклад, күлкү, депутат, жылаңачтануу, Ирландия, Европарламент
Тема боюнча
ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео