Автоунааларды ижарага берген дүйнөдөгү ири компания банкрот болду

© AFP / Cole BurstonHertz компаниясынын унаа токтотуучу жайы. Архив
Hertz компаниясынын унаа токтотуучу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк базарда алдынкы орунду ээлеген компаниянын АКШда эле 3000дей, башка мамлекеттерде 5000ден ашык түйүнү бар.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Автоунааларды ижарага берген дүйнөдөгү ири компаниялардын бири Hertz каатчылыктан жана COVID-19 пандемиясынан улам өзүн банкрот деп жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Компания өкүлдөрү акыркы айларда жер бетинде жаралган абалга байланыштуу кирешеси кескин түшүп, автоунаа алгандардын саны азайып кеткендигин билдирүүдө.

"Бүгүн Hertz Global Holdings жана анын алдындагы АКШ, Канададагы компаниялары өз алдынча сотко кайрылып, аларды кайра уюштуруу боюнча өтүнүчүн келтирди. Эгерде биз өз структурабызды өзгөртсөк, салыштырмалуу финансылык жактан туруктуу болууга шарт түзүлөт эле", — деп айтылат компаниянын маалыматында.

Чикагодо 1918-жылы түзүлгөн бул компания автомашиналарды ижарага берүү боюнча дүйнөлүк базарда алдынкы орунда турат. Анын АКШда эле 3000дей, башка мамлекеттерде 5000ден ашык түйүнү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0