Алоолонгон от, ызы-чуу. Пакистандагы учак кырсыгынан аман калган адамдын баяны

© REUTERS / AKHTAR SOOMROКарачи шаарында кулаган учактын орду
Карачи шаарында кулаган учактын орду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зубаирдин айтымында, учкучтун самолётту кондурууга биринчи аракети эле ийгиликсиз болгон. Жүргүнчүлөр ошондон эле тынчсыздана баштаган, бирок эч кимге "учак кулайт" деген ой келген эмес.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Пакистанда кырсыктаган Airbus A-320 учагында аман калган эки адамдын бири Мухаммад Зубаир учактагы акыркы учурду баяндап айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, Пакистандын эл аралык аба каттамдарынын Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулап, анда 90 адамдын каза болгону кабарланган. 1,5 сааттан кийин кончу учак 84 метр бийиктиктен кулап, борттогулардан эки эле киши аман калган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Пакистан президентине көңүл айтты
Зубаирдин айтымында, учкучтун самолётту кондурууга жасаган биринчи аракети эле ийгиликсиз болгон. Жүргүнчүлөр ошондо эле тынчсыздана баштаган, бирок эч кимге "учак кулайт" деген ой келген эмес. Андан кийин учкуч "10-25 мүнөттөн кийин учак конот" деп эскерткен. Бирок тез эле жер титирегенсип катуу силкинүү болуп Зубаир эсин жоготуп койгон. Көзүн ачса айлананын баары түтүн, кыйкырган адамдар экенин айтып берген.

"Көзүмө жалындаган өрт эле көрүнүп жатты. Башка эч нерсе, адамдарды да көрүүгө мүмкүн болгон жок. Кыйкырган үндөрдү уктум. Андан кийин коопсуздук курун чечип, жарыкты көздөй бет алдым. Коопсуз жерге жетиш үчүн үч метрдей ылдый секирүүгө туура келди", — деген ажалдан аман калган киши.

Зубаир ооруканага жеткирилген. Айтымында, азыр ал өзүн жакшы сезип калды, бирок буту-колу күйгөн. Ал эми кырсыктан аман калган экинчи киши, Пенжаб банкынын президенти Зафар Масуд бир топ жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0