COVID-19: Испания он күндүк аза күтүү жарыялады

© AP Photo / Manu FernandezКоронавирустан каза болгон кесиптеши үчүн ыйлап жаткан дарыгерлер
Коронавирустан каза болгон кесиптеши үчүн ыйлап жаткан дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испания дүйнө жүзү боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча төртүнчү орунда турат. Эпидемия учурунда ал жакта жалпы 28,6 миң адам каза болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. COVID-19 эпидемиясынан көз жумгандарга байланыштуу Испания аза күтүү жарыялады, ал шейшемби күнү башталып он күнгө созулат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчестин айтымында, мамлекеттик мекемелерде, аскер деңиз флотунун кемелеринде желектер түшүрүлөт.

"Биз кылымдын эң жаман алааматын токтоттук. Алдыда биздин мамлекетти калыбына келтирүү милдети турат. Өкмөт аза күтүү күнү боюнча билдирүүнү шейшембиде таратат, ал он күнгө созулат. Бардык мамлекеттик мекемелерде, аскер деңиз флотунун кемелеринде желектер түшүрүлөт. Биз муну менен көз жумгандарды эскеребиз", — деп Санчес Мадриддеги маалымат жыйынында билдирди.

Испания дүйнө жүзү боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча төртүнчү орунда турат. Эпидемия учурунда жалпы 28,6 миң адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0