Кытай коронавирус кайдан чыкканын териштирүүгө даяр. Бирок бир шарт менен

© REUTERS / STRINGERПолиция медициналык кызматкерди куттуктап жатышат. Архив
Полиция медициналык кызматкерди куттуктап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай министри бул процесстин жүрүшүндө бардык өлкөнүн суверенитетин сыйлоо керектигин баса белгилеген.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кытай дүйнөлүк илимий топтор менен коронавирустун булагын аныктоого даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Ван И маалымат жыйын учурунда коронавирустун жаңы түрүнүн кайдан чыкканын аныктоодо саясат аралашпашы керектигин баса белгилеген.

"Кытай коронавирустун булагын иликтөө үчүн эл аралык илимий топтор менен илимий изилдөө кызматташтыгына даяр. Бул жаатта ачык позицияны карманабыз. Аны менен катар бул процесс акыйкат, конструктивдүү жана мыкты деңгээлде жүрүшү керек деп эсептейбиз. Акыйкат дегеним, коронавирустун булагын издөөдө саясий кийлигишүү болбошу керек", — деген Ван И.

Кытай министри бул процесстин жүрүшүндө бардык өлкөнүн суверенитетин сыйлоо керектигин баса белгилеген.

Коронавирус тууралуу

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык окумуштуулар эркектердин уругунан коронавирус табышты
2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы акыркы маалыматка ылайык, Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 5 миллион 327 миң 85 кишиге жукту. Вирус 342 миңден көп адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0