Жаңы Зеландия премьер-министри Жасинда Ардерн. Архивдик сүрөт

Апкаарыган жок. Жаңы Зеландия премьери маек берген учурда жер титиреди. Видео

375
(жаңыланган 23:15 25.05.2020)
Жердин силкингенин Жаңы Зеландиянын миңдеген жашоочулары дароо сезген. Премьер-министр айым ал учурда түз эфирде эле.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жаңы Зеландия премьер-министри Жасинда Ардерн түз эфирде маек берип жатканда жер титиреп, бирок өкмөт башчы айым апкаарып калбай, сөзүн уланта берген. Окуя тууралуу The Guardian жазган.

Анткен менен жер бир топ термелип турган.

Бүгүн эртең менен аталган өлкөдө күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Силкинүүнүн эпитборбору Жаңы Зеландиядан 30 чакырым аралыктагы аймакта экени айтылган.

Премьер-министр Ардерн ал учурда улуттук телеканалдын түз эфиринде эле. Кадрдан аткаминер айымдын артына орнотулган желектердин чайпала баштаганын даана көрүүгө болот. Камера да акырындык менен жылган. Артка бурулуп караган өкмөт башчы алып баруучуга сүйлөп, андан соң телекөрүүчүлөрдү тынчтандырууга аракет кылган.

"Райан, бизде жер кичине термелип жатат. Ал тургай байкаларлык экен. Эгерде менин артымдагы буюмдардын чайпалып жатканын көрсөңүздөр, аны дайым кыймылдагы Улей (адатта парламенттин имаратын ушинтип аташат) деп биле берсеңер болот", — деген премьер-министр.

Жер 15 секундага чейин титиреп, аны он миңдеген жаңы зеландиялыктар дароо эле сезген.

"Баары жакшы, баары жайында. Үстү жагымда жарык берген жабдуулар, чырактар илинген эмес. Биз коопсуз жайдабыз", — деген ал.

Жер термелбей калган соң Ардерн сөзүн улантууга даяр экендигин айтып, суроолорго жооп бере баштаган.

375
Белгилер:
камера, желек, түз эфир, жер титирөө, Жаңы Зеландия
Тема боюнча
Караңгыда асманда капысынан пайда болгон жарык америкалыктардын жүрөгүн түшүрдү
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

41
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

41
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Дистанциондук сабак өтүп жаткан окуучу. Архив

Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

135
(жаңыланган 18:55 13.08.2020)
Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Болгону 1, 5, 9 жана 11-класстар күн алыс мектепке барып, калган учурда үйдө окушу мүмкүн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Балага аралыктан окуган учурда кийимин алмаштыруу талапка ылайык. Бул тууралуу Sputnik Казакстан радиосунун эфиринде "Квалификацияны жогорулатуу боюнча улуттук борбор" мекемесинин бөлүм башчысы Айман Кусаинова айтып берди.

"Үйдө отуруп сабакка мектептегидей кунт коюу, процесске баш-оту менен аралашуу бала үчүн оңой эмес. Балалык кылып ар нерсеге алаксыйт. Ошол себептен болушунча мектептегидей атмосфера керек. Жадагалса кийимине чейин алмаштырып, өзүн кадимки сабакта отургандай сезгенге шарт түзүү зарыл", — деди Кусаинова.

Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди

Анын айтымында, колдон келишинде бала сабак окуган бөлмө же бурч ошол гана максатта колдонулганы жакшы.

"Ал жерде ар дайым компьютер, планшет сыяктуу байланыш каражаты жана окуу куралдары гана болушу шарт", — дейт адис.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Болгону 1, 5, 9 жана 11-класстар күн алыс мектепке барып, калган учурда үйдө окушу мүмкүн.

135
Белгилер:
кеңеш, кийим, окуучулар, мектеп
Тема боюнча
1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек