БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эгер коронавирустун экинчи толкуну келе турган болсо, обочолонууга азыркыдай элдин баарын эмес, аялуу топту гана чыгаруу керек. Адистердин мындай пикирин РИА Новости жазды.
Россиялык вирусолог, медицина илимдеринин доктору Анатолий Альтштейн вирустун кийинки толкунунда эл жалпы изоляцияга чыгып кетсе, экономика мындан дагы катуу жабыркайт деп эсептейт.
"Албетте, коронавирустун экинчи толкуну болуп кала турган болсо, абалга жараша иш кылабыз. Бирок азыркыдай массалык түрдө иштебей койсок, экономика оңбой калышы мүмкүн. Анын үстүнө эмки толкунда бет кап кийип, аралыкты сактоо эле жетиштүү болот деп божомолдоп жатабыз", — деди Альтштейн.
Ал эми Эпидемиология жана микробиология илимий борборунун кызматкери Виктор Зуев вирустун кийинки толкунуна чейин вакцина табылып каларына ишенүүдө.
"Экинчи толкун жакынкы айларда болбойт деп ойлойм, анткени алдыда жай, ысык. Менимче, ал кадимки күзгү сасык тумоо менен келет болушу керек. Ага чейин вакцина табылып калар, бирок мен адис катары кийинки толкунга ишене бербейм", — деди Зуев.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүн деген пикирин айткан.
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 25-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5 424 718ге жетти.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.
Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.