Вулкан. Архивдик сүрөт

Геологдор кооптуу вулкандарга дрон менен байкоо салганды үйрөндү

84
Окумуштуулар дрондогу кадрларды салыштыруу менен жанар тоодогу суюк оттун ылдамдыгын, кыймылын жана башка касиеттерин аныктай алышкан.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Германиянын вулканологдору дайыма атылып турган жанар тоолорду дрондун жардамы менен билип турууну өздөштүрдү. Анын жыйынтыгы Scientific Reports журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Учкучу жок, жерден башкарыла турган аппараттар атыла турчу вулкандарды так болжолдоого мүмкүнчүлүк берет.

"Активдүү жанар тоолорду жакын аралыкта байкоо дайыма бизде көйгөй болуп келген. Жер боюнча Хельмгольц атындагы Потсдам борборунун (GFZ) илимпоздору пилотсуз учуучу аппараттарга орнотулган атайын камераларды колдонуп, коркунучтуу вулкандардын динамикасын баалоонун жаңы ыкмасын иштеп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Дрондор Гватемаланын Санта-Мария вулканынын үстүн (купол) көзөмөлдөө үчүн колдонулган. Илимпоздор алгач ирет чокулардын кыймылынын эки башка түрүн көрүшкөн. Биринчинин суюк оту жайыраак жайылса, экинчиси атылып чыгып турган.

Окумуштуулар дрондогу кадрларды салыштыруу менен агымдын ылдамдыгын, кыймылын, жанар тоонун үстүнүн температурасын, ошондой эле физикалык касиеттерин аныкташкан. Ушул маалыматтардын бардыгы коркунучтуу жарылууларды жана атылууларды болжолдоо үчүн маанилүү экендиги белгиленет.

84
Белгилер:
Германия, жанар тоо, дрон, изилдөө, геология, илим
Тема боюнча
Геологдор жүз миллион адамды жок кылышы мүмкүн деген жанар тоону тапты
Өзбекстан туристтердин айынан кайрадан дрон учурууга уруксат бергени жатат
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

480
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

480
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер
Тез жардам унаасынан чыгып аткан медкызматкер. Архивдик сүрөт

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

140
(жаңыланган 13:12 10.07.2020)
Медицина кызматкерлери Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта алардын саны айтылган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиядан Бишкек шаарына COVID-19 менен күрөшүү үчүн ыктыярчы дарыгерлер менен медайымдар Кыргызстанга кайткан жарандар менен бирге учуп келди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта жардамга кол сунган медиктердин так саны айтылган эмес.

Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жардам берүүгө киришкенин айтышкан

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Медиктер менен бирге бул сапар кош бойлуу жана балалуу аялдар, улгайган курактагылар, Новосибирскинин клиникасында дарыланып жаткан кыргызстандыктар, аталган аймакта окуган студенттер келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

140
Белгилер:
күрөш, өлүм, медик, ыктыярчылар, пневмония, коронавирус, Новосибирск, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Flydubai авиакомпаниясынын учагы. Архив

Июлдун аягына чейин Дубайдан Бишкекке үч жолу аба каттамы уюштурулат

11
Бүгүн өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бүгүнкүдөн сырткары 17, 24 жана 31-июлда Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстанга дагы үч каттам уюштурулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Штаб авиабилеттерди сатып алуунун алдында авиакомпаниядан Дубайдагы буга чейин жасалган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эскертти.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

Эске салсак, бүгүн, 10-июлда, өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында балдар да бар. Fly Dubai авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын "Манас" аэропорту тосуп алган.

Мындан сырткары, Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейндеги мекендештердин да кайтып келгени маалымдалды. Алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу алып келинген.

11
Тема боюнча
Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди
Түркиядан 326 кыргызстандык жаш балдары менен келди. Сүрөт