Дарыгер кант диабетинин алдын алуу жолдорун айтты

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүЦентральный рынок в Сухуме
Центральный рынок в Сухуме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Организмден ашыкча суу менен глюкозаны чыгарууда биз күн сайын колдонуп жүргөн көк-сак, кофе же чай жакшы жардамчы.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Врач-натуротерапевт Татьяна Киселёва кант диабетинин алдын алуу жолдорун айтып берген. Маалыматты РИА Новости таратты. 

Анын айтымына караганда, илдеттен алыс болуу үчүн күн сайын кантты азайтуучу азыктарды жана дары чөптөрдү колдонуу керек.

Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курсагыңыз тез ачса, дарыгерге кайрылыңыз! Окумуштуулардан кеңеш
Организмден ашыкча суу менен глюкозаны чыгарууда укроп, кинза, петрушка, жашыл салат жалбырагы, андан сырткары кофе же чай жакшы жардамчы.

Картошканын же капустанын жаңы ширесинин инсулин сыяктуу касиети бар.

Дарыгер ткандардын инсулинге сезимталдуулугун арттырууга корица, гвоздика, мускат жаңгагы, имбирь жана кардамон жардам берерин айтты.

Киселёва кызылча, лимон жана бадыраң азык-түлүк талчаларына жана пектин (ичегидеги уу заттарды өзүнө тартып алуу касиетине ээ) затына бай болгондуктан, ичеги-карындын иммундук системасын жөнгө саларын билдирди. Андан сырткары аталган жемиштер организмдеги зыяндуу заттарды жана ашыкча глюкозаны алып чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0