Трамп Twitter компаниясын жабуу боюнча юристтер менен сүйлөшөрүн айтты

© REUTERS / Leah MillisПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Twitter жетекчилиги президенттин 27-майда шайлоо тууралуу жазган эки постуна "элди адаштырып жатат" деп баа берген. Мындан соң президент сөз эркиндиги чектелип жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Twitter компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Негизи Twitter компаниясын жаап койсом болот. Бирок мен юридикалык процедуралардан өтүшүм керек, ал үчүн юристтер менен кеңешип көрүшүм зарыл. Эгер мыйзамдуу түрдө бул компанияны жаап коюу мүмкүн болсо, сөзсүз аны кылмакмын", — деди президент.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сатып түгөтүп... Россия АКШ облигацияларынан баш тартууда
Анын айтымында, "андан башка деле колдоно турган социалдык тармактар көп".

Белгилей кетсек, Трамп өзү Twitter тармагынын активдүү колдонуучусу. Бирок компания жетекчилиги анын 27-майда шайлоо тууралуу жазган эки постуна "элди адаштырып жатат" деп баа берген. Мындан соң президент сөз эркиндиги чектелип жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0