АКШда башаламандык күч алып, бир нече шаарга коменданттык саат киргизилди

© REUTERS / TOM BRENNERАКШда башаламандыктын катышуучулары
АКШда башаламандыктын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митинг полиция тарабынан кармалган Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө айып коюлду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу ири башаламандыктардан улам айрым шаарларга коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Анткен менен нааразычылык акциясына чыккандар коменданттык сааттын талаптарын аткарбай жатат. Башаламандыкта дүкөндөр тонолуп, автоунаалар өрттөлүп, имараттар талкаланган.

Акыркы күндөрү ири демонстрациялар АКШнын кеминде 30 шаарында, анын ичинде Лос-Анджелес, Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго жана башка жерлерде болду. Тынч башталган нааразычылык акциялары кийин полиция менен кагылышууларга алып келди. Эл тартип сакчыларынын автоунаасын өрттөп, полиция көздөн жаш агызуучу газ менен желим окторду колдонгон.

"Афроамерикалык Жордж Флойдду АКШ полициялары өлтүрүп алгандыктан эл ачууланын жатат. Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Фергюсондогу Майкл Браундун, Нью-Йорктогу Эрик Гарнердин жана башка окуялар Black Lives Matter (кара түстүүлөрдүн укугу үчүн күрөшүү) кыймылына алып келген. Бирок көпчүлүк үчүн бул социалдык-экономикалык теңсиздик, бөлүп-жарууга байланышкан көп убакыттан берки нааразычылыктарды чагылдырат", — деп жазган гезит.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп Twitter компаниясын жабуу боюнча юристтер менен сүйлөшөрүн айтты
Эскерте кетсек, массалык башаламандык полиция тарабынан кармалган Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Интернетте полиция кызматкерлери анын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тарады. Бирөөсүнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай калганын айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылууда. Сот дүйшөмбү күнү болушу мүмкүн.

Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун "акылга сыйгыс" деп атаган.

Флойддун үй-бүлөсү полицияга атайылып өлтүрдү деген айыптоо коюларын күтүшкөн болчу. Жанындагы тартип сакчылар дагы мыйзам чегинде жооп берет деп ойлошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0