Индияда тыңчылыкка шектелген көгүчкөн камактан чыкты

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүКөгүчкөн. Архив
Көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куш Индия менен Пакистандын ортосундагы талаштуу чек арадан учуп өткөндөн кийин кармалган. Анын бутундагы кооздук согушкерлердин сыр сөзү деп болгоолонгон.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Индияда Пакистандын тыңчысы деп шектелген көгүчкөн камактан бошотулду. Бул тууралуу Toronto Sun басылмасы жазды.

Тоонун башында сноубордисттин айласын кетирген керең куш. Видео - Sputnik Кыргызстан
Тоонун башында сноубордисттин айласын кетирген керең куш. Видео
Куш эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу чек арадан учуп өткөндөн кийин кармалган. Полиция анын канаттарынан боекту, ал эми буттарынан сандар жазылган шакекти тапкан. Аны Кашмир аймагындагы согушкерлердин коду болушу мүмкүн деп болгоолошкон.

Бирок көгүчкөн Кашмир менен чектеш жерде жайгашкан айылдагы пакистандык балыкчыга таандык экени белгилүү болгон. Анын айтымында, куштун бутундагы шакекке идентификация катары өзүнүн уюлдук телефонунун номерин жазып койгон. Кушу жергиликтүү тургундар арасында уюштурулган көгүчкөндөр сынагына катышарын айтып берген.

"Көгүчкөндөн шектүү эч нерсе табылганбагандыктан бошотулду", — деп билдирген Индиянын полиция кызматынын жогорку кызматкери Шайлендра Мисра.

Маалыматта чуу жараткан канаттуунун кожоюнуна кайткан-кайтпаганы так айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0