ЖМК: башаламандык учурунда Трампты бункерге убактылуу алып кетишкен

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп брифингден кийин. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп брифингден кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин бир нече кеңешчилери Жашыруун кызматтын бул тажрыйбасына Трамп жана анын үй-бүлөсү таң калганын айткан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын Жашыруун кызматы президент Дональд Трампты жума күнү кечинде Ак үйдүн алдында болгон башаламандыктан улам жер алдындагы бункерге убактылуу мөөнөткө алып кеткен. Бул тууралуу New York Times басылмасы өздүк булактарына таянып кабарлаганын РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, акцияга чыккандар жума күнү кеч киргенден баштап, ишембинин түнүнө чейин Ак үйдүн алдынан кетишкен эмес. Башаламандыктан Жашыруун кызматтын 60тай атайын агенти жана офицерлери жабыркаганы кийинчерээк маалым болду.

"Өзгөчө кырдаалдар учурунда президенттин ыкчам борбору - Жашыруун кызмат эмнеден улам Трампты жер алдындагы бункерге алып кеткени белгисиз. Бирок кызматтын протоколунда эгер Ак үйдө кооптуулук жаралса, мамлекет башчыны коргоо тууралуу жазылган", — деп айтылат басылманын билдирмесинде.

Президенттин бир нече кеңешчиси Жашыруун кызматтын бул тажрыйбасына Трамп жана анын үй-бүлөсү таң калганын айткан.

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт - Sputnik Кыргызстан
Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт
Гезит Ак үйдүн алдындагы бункер бир нече жолу колдонулганын жазды. 2001-жылы 11-сентябрда террорчулар Ак үйгө уурдалган учактардын бирин жиберебиз дегенде бийлик коргонуп, ошол учурда вице-президенттин кызматын аркалап турган Дик Чейни жана АКШнын 43-президенти Жорж Буш бункерге түшкөн.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү ири башаламандыктар башталган.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тарады. Бирөөнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай калганын айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылууда. Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун "акылга сыйгыс" деп атаган. Башаламандык күч алганда бийлик бир нече шаарга коменданттык саат киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0