Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова
Госпиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирусолог үйгө келгенде желим кол капты ыргытып салбай сууга кайнатып, башкаларын антисептик менен тазалап койсо болорун айтты.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун профессору Александр Бутенко кандай кол кап коронавирустан жакшы коргой турганын айтып берген. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Профессордун маалыматында, вирустан коргонуу үчүн булгаары, желим же курулушта пайдаланылчу чүпүрөк кол кап кийсе деле болот. Бирок желим жана булгаары кол каптар катуу келип, вирусту өткөрбөйт.

Адис коомдук жайларга барып келгенден кийин кол капты сөзсүз дезинфекция кылуу керектигин эскертти.

"Үйгө келгенде аны сөзсүз эле ыргытып жибербеш керек. Желим кол капты сууга кайнатып, башкаларын антисептик менен тазалап койсо жетиштүү", — деген вирусолог.

Буга чейин дарыгерлер коомдук жайда коронавирустан кантип сактануу керектигин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0