Миннеаполистеги нааразычылык акциясынын катышуучулары

"Орустар болушу мүмкүн". АКШ лидерлигинин күнү бүтүп баратабы?

478
(жаңыланган 10:57 02.06.2020)
CNN маалымат каражаты ушул тапта Американын улам бир шаарынан башка калаасына жайылып бараткан башаламандыкта Россиянын тыңчыларынын тиешеси болушу "толук ыктымал" деп маалымдады.

Анын алдында эле телеканал серепчилердин биринин бул нааразылык акцияларына "орус тыңчылары" аралашышы мүмкүн деген пикири камтылган сюжетти чыгарган. "Твиттердеги" баракчасына Дональд Трамп ал пикирди шылдыңдап да жазган. Бул тууралуу ой толгогон саясий серепчи Виктор Мараховскийдин макаласы биздин өнөктөш - РИА Новости агенттигинде жарыяланган.

Америкалык президенттин өлкөсүндөгү эң таасирдүү телеканалдардын бири менен мамилеси Иран менен Израилдикинен да начар. 2016-жылы эле CNN Трамптын президенттикке шайланбай калышына, андан соң "рашагейт" ("Russiagate") темасын күчөтүүгө бүт күчүн жумшаган. Трамп CNN каналын "фейк-ньюс CNN" деп атап, жек көргөнүн, каналдын беделинин төмөндөшүнө сүйүнгөнүн жашырбайт. Ошондуктан ал CNN каналынын Атланта шаарындагы штаб-квартирасына митингчилердин кол салышын, айнектерин талкалап, бузуп салышканын табалап жазган.

"Твиттердеги" баракчасына АКШ президенти митингчилерди колдоп, алардын аракеттерин жактап келген каналды ошол эле нааразычылыкка чыккандар эле талкалашканын "шылдыңга" алган. Эми эң кызыгына токтололу. Аталган канал 40 жылга толуп отурат. Канал ишмердигин баштаганда кандай эле, азыр кандай экени, дегеле дүйнөлүк америкалык лидерликтин тарыхын ачык айтып турат.

Кырк жыл мурун жаш, курч, көздөгөнүнөн кайтпаган медиамагнат Тед Тернер тарыхта биринчи ирет күнү-түнү көрсөткөн, тынымсыз жаңылыктарды көрүүчүлөргө кабель аркылуу жеткирген каналды негиздеген. Бул кадамы менен маалыматтык бизнесте топ жарып, революция жасаган. Биз бүгүнкү күндө көз айыра албаган онлайндын учкундары эле. Ошондо, тагыраак, 1980-жылы мындай саамалык байкалганы менен өзгөчө маани беришкен эмес. Анткени Батышта жана Америкада илим жана бизнестеги, саясат жана социалдык технологиялардагы революциялар улам бирин артка сүрүп, алдыга зымырап бараткан.

Тернер жаңылыктарды күнү-түнү көрсөткөн каналды, андан кийинки жылы сегиз кишилик экипажга ылайыкталган көп жолу учурулуучу NASA космостук кемени учурат (ооба, бул окуя туура 39 жыл мурун болгон. Муну эске салган себебибиз, "Космосто акыры революция жасалды" деген бүгүнкү кыйкырыктар – кадимки эле пиар-дүрбөлөң). Ошол тушта IBM да жеке үй компьютерин биринчи ирет сериялык түрдө чыгарып, сатыкка чыгарган. Андан кийинки кезекте массалык мобилдик телефондор, аркасынан эч кимдин оюна да келе элек болочоктун таанылбаган падышасы — интернет "кырдан кол булгап" турган.

Анда Америка XX кылымдын тилегин даана көрсөтүп турган өлкө эле. Жаш, бирок кыйла токтолуп калган (1980-жылы америкалыктардын орточо курагы 30 жашты түзгөн), сырттан гана келген эмес, өз генийлерине толгон, көп багытта илим-билим тааныган, либералдык (ошол убактагы түшүнүктө), технократтык жана ошол эле убакта диний, ойлоп тапкыч жана алгыр убагы эле.

CNN ошондой Американын реалдуулукка катуу таасир эткен күчтүү инструментине айланган. Түптөлгөнүнө он бир жыл өтүп, бүтүндөй планета "Булуңдагы согуш" деп аталган ири шоуга көз салып турганда телеканал күчүнө толгон.

Жогорку технологиялык америкалык учактар Евразиянын күчтүү армияларынын бирин көз ачырбай таш-талканын чыгарган. Ошондо дүйнө күбө болгон шоу АКШ жеңилгис, эч токтобогон, адамзаттын калган бөлүгүнө караганда кыйла секирик жасаган держава деген ишенимди жаратып, бүтүндөй бир муундун жүрөгүн уялаган.

Дүйнөнүн калган бөлүгү АКШнын кыжырына тийип албай, Кошмо Штаттардын тилин алып, алардын ырайымына үмүт артып, АКШнын куйругунда түбөлүк сүйрөлүп калгандай болгон.

Ирактын аскердик кубаттуулугунан соң дароо Советтер Союзу планетанын картасынан жоголгону, андан чачырагандар АКШга тигил же бул формада ыктаганы кандайдыр бир деңгээлде америкалыктар үчүн XX кылымдын ийгиликтүү соңу болгон. Бул жеңиштин айныгыс жеңүүчүлөрүнүн бири катары биз кеп кылган телеканалдын негиздөөчүсү Тед Тернерди да атасак болот. Чыныгы реалдуулукта ар бир жеңиш убактылуу, анын аркасынан жаңы барак ачылат. XX кылымда жеңишке жеткен Америка "жеңүүчү синдромунан" кутула албай келет көрүнөт.

СССР ыдырагандан кийин америкалык мамлекеттик уюмдар дароо эле "Россиядан адистерди" окутууларды уюштурууга киришкен. Анткен менен америкалык дипломатиянын өзү да кызык бир чекке жетип калган. Компромисс издөөчү жана манипуляция чеберлеринин ордуна АКШнын дипломатиялык мектептери "талкуулоого жатпаган буйруктарды ташыган жогорку маяналуу фельдъегерлерди" жана америкалык кысымга ийилбеген, эпке келбегендерге кысымды күчөтүү керек деп эсептегендерди тарбиялоого өтүшкөн. Деталдары CNN да, Голливуд да, "түстүү технологиялар", ал эми жаңы кылымдагы Facebook менен Twitter болгон "реалдуулуктун америкалык пульту" ошол синдромдун курмандыгы болуп калышты.

Атайылап жалган айыптап жана америкалык башкаруу борборлорунда тийиштүү медианын көмөгү аркылуу ишке ашырылган ийгиликтүү "твиттер-революциялар" боюнча бир нече өлкөнү "жазага тарткан" соң көпчүлүк атайын окутулган технологиялык кишилер элдин аң-сезимине массалык түрдө сиңирип жаткан реалдуулуктан башка чындык жок экенине биротоло ынандырып коюшкандай. Жакшы камералуу акыркы үлгүдөгү стример, "Фейсбуктун" колдоосу, америкалык элчиликтин аркасында болушу, америкалык бомбалоочуларынын коштоосунун айкалышы жапжаңы күчтүү куралга айланды.

Алардын күчү дагы деле бар экенин, канча кысымга алсаң да өч алуунун ыгын табарын реалдуулук далилдеди. "CNN дүйнөсүнүн" башына апокалипсис 2016-жылы келген десек болот, анткени ошол убакта америкалык медиа чөйрөдөгү жапырт үстөмдүккө карабай шайлоодон Трамп утуп чыккан. Жакпаган талапкердин жеңип чыгышы "хэппи-энд" доорунун идеялык негиздерине, тескелчү реалдуулук демилгесине, CNN жана The New York Times биримдигинин жеңилбестиги жөнүндөгү догмага чоң сокку болгон.

Азыркы кырдаалдын айкалышы боюнча дал ушул CNN бул сыйкырдуу версиянын негизги медиалык үгүттөөчүсү болду. Акыркы мезгилге чейин биз "АКШдагы жарандык кансыз согуш" деп атап келген митингге активдүү катышты. Ал эми азыр аны кансыз деп атоого болор-болбосун да билбей калдык.

Азыр Американын отуз ири калаасында башаламандык өкүм сүрүп, ал эми планетабыздан биринчи жеке (мамлекеттик буюртма менен казынанын акчасына жасалса да) космостук кеменин сигналдары жаңырып турган учур. Бирок ушундай маалда мурдагы дүйнөлүк үстөмчүнүн аймагында басма сөздө чагылдырылышы жана чыныгы турмуштагы реалдуулуктун өз ара айкалышы кандай нукта өрчүй турганын элестетүүгө аракет кылабыз.

Дал азыркыдай уланып кете бериши мүмкүн деген версиялар да жок эмес. Кептин баары, чыныгы "кыямат күн" болбогондой, чексиз бактылуулуктун да болбостугунда. Апокалипсис дайым эле өлүмгө дуушар кылбайт. Балким тек гана дүйнөлүк саясий жана экономикалык, күч берүүчү лидерлигинен тайгандыгыдыр. Бул өлкөнүн социалдык көйгөйлөргө баткан ийгиликсиз бөлүктөрүн өзүнчө бир "үчүнчү дүйнөгө" чөмүлтүү гана аракети (ушул тапта АКШда 40 000 000 жумушсуз жүрөт, мындай көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн экенин боолголоп жатышат). Бул коомдо ажырым жаратуу, өлкөнү жакыр постапокалипсистик аймактарга жана обочолонгон бай аралдарга бөлүп-жаруу, алар жактан дизайнердик ракеталар да учурулушу ыктымал. Кай бир жерде бүтүндөй шаарлар соя сорпосуна алымсынып калар, айрым жактарда бюджети олчойгон, эстен тандырган блокбастерлер тартылар.

Кошмо Штаттар качандыр бир кезде "Спейс Шаттлды" учурган, CNN каналынын 81 жаштагы түптөөчүсү Тед Тернердин эсиндеги Америка эмес азыр. Эсинде экени да арсар, анткени ал бир-эки жыл мурун деменциядан жабыркап жүргөнүн билдирген.

478
Белгилер:
митинг, кырдаал, үгүт, телеканал, башаламандык, Россия, тыңчылык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
АКШдагы башаламандыкта кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? ТИМдин жообу
Москванын кезектеги "жазып-тайганы". АКШ Россияны башаламандыкка айыптоодо
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

480
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

480
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер
Тез жардам унаасынан чыгып аткан медкызматкер. Архивдик сүрөт

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

140
(жаңыланган 13:12 10.07.2020)
Медицина кызматкерлери Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта алардын саны айтылган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиядан Бишкек шаарына COVID-19 менен күрөшүү үчүн ыктыярчы дарыгерлер менен медайымдар Кыргызстанга кайткан жарандар менен бирге учуп келди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта жардамга кол сунган медиктердин так саны айтылган эмес.

Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жардам берүүгө киришкенин айтышкан

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Медиктер менен бирге бул сапар кош бойлуу жана балалуу аялдар, улгайган курактагылар, Новосибирскинин клиникасында дарыланып жаткан кыргызстандыктар, аталган аймакта окуган студенттер келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

140
Белгилер:
күрөш, өлүм, медик, ыктыярчылар, пневмония, коронавирус, Новосибирск, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Flydubai авиакомпаниясынын учагы. Архив

Июлдун аягына чейин Дубайдан Бишкекке үч жолу аба каттамы уюштурулат

11
Бүгүн өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бүгүнкүдөн сырткары 17, 24 жана 31-июлда Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстанга дагы үч каттам уюштурулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Штаб авиабилеттерди сатып алуунун алдында авиакомпаниядан Дубайдагы буга чейин жасалган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эскертти.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

Эске салсак, бүгүн, 10-июлда, өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында балдар да бар. Fly Dubai авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын "Манас" аэропорту тосуп алган.

Мындан сырткары, Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейндеги мекендештердин да кайтып келгени маалымдалды. Алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу алып келинген.

11
Тема боюнча
Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди
Түркиядан 326 кыргызстандык жаш балдары менен келди. Сүрөт