Адамзатка каршы кылмыш! Трамп башаламандыкты террорчулук деп атады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Дональд Трамп. Архивное фото
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингдин кесепетинен ири мемориалдар талкаланып, эки полиция каза тапкан. Өлкө башчы бул акциянын белгиси эместигин билдирди.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Миннеаполистеги полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойдго байланыштуу башаламандык кылгандардын кадамын "үй террору" деп баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Президент Ак үйдөн билдирүү таратты.

"Өлкөнүн борборунда полиция бекети басып алынып, Линкольн мемориалы менен Экинчи дүйнөлүк согуш мемориалы талкаланган. Биздин эң негизги тарыхый чиркөөлөрүбүздүн бири өрттөлдү. Калифорниядагы бир офицер менен укук коргоо органынын афроамерикалык кызматкери ок жеп, каза тапты. Бул тынчтык акциясы эмес эле ички террордук актылар. Бейкүнөө адамдардын каны төгүлдү. Бул адамзатка жасалган кылмыш", — деген Трамп.

Протесты в Миннеаполисе - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы башаламандыкта кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? ТИМдин жообу
Буга чейин президент АКШ бийлиги "Антифа" радикалдык кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесине киргизе турганын айткан. Американын башкы прокурору Уильям Барр бул кыймылдын мүчөлөрүнүн аракеттери террорчулук катары бааланарын белгилеген.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялары башталган. Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0