Миннеаполистеги өрттөнгөн ресторанда демонстранттар. Архив

"Дем ала албай жатам..." АКШдагы башаламандык эки мүнөттүк видеодо

289
(жаңыланган 19:28 02.06.2020)
АКШдагы башаламандык 22 шаарга кулачын жайып, 20дан ашык киши каза болду. Жергиликтүү ЖМКлар 4 миңдей адам кармалганын айтууда. Аларды мародёрлукка, жол тосууга жана полицияга кол салуу боюнча айыптап жатышат.

Нааразычылык акцияларынын катышуучулары дүкөндөрдү жана имараттарды тоногонго чейин барууда. Мисалы, өткөн түнү көчөгө чыккан эл алгач тынчтык митингин өткөрүп жатып, бир аздан соң дүкөн текчелерин талкалай баштаган.

Sputnik Кыргызстан кырдаалды кыскача баяндап берет.

Трамп аскер киргизем деп коркутууда

Президент Дональд Трамп өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн бардык ресурстарды колдонорун жар салды. Ал жергиликтүү бийлик Улуттук гвардияны киргизүүдөн баш тартып жаткан аймактарда аскерлерди иштетип, "губернаторлордун ордуна бардык көйгөйлөрдү чечүүнү" пландап жатат.

Буга чейин New York Times Трамп штат жетекчилеринен башаламандык жаратып жаткан элге катуу чара көрүп токтотуусун талап кылганын жазган эле. Президент аларга Улуттук гвардиянын кызматын колдонууну сунуштаган.

Орегон штатынын губернатору Кейт Браун андай нерседен баш тарткан. Ал жоокерлер менен митингге чыккандар ортосунда кагылыш болушу мүмкүн экенин айткан.

Трамптын ыкмасы

Улуттук гвардиянын аракетин баштоо боюнча чечимди кабыл алууга губернаторлор гана укуктуу болгондуктан, Трамп 1807-жылы кабыл алынган "Көтөрүлүш тууралуу" мыйзамды колдонгусу келип турат. Ага ылайык, АКШ президенти көтөрүлүш же төңкөрүш учурунда гана Улуттук гвардиянын ишин көзөмөлдөй алат.

Бул мыйзамды 1968-жылы укук коргоочу Мартин Лютер Кинг өлтүрүлгөндөн кийин жана 1992-жылкы Лос-Анджелестеги башаламандык учурунда колдонушкан.

"Президент азыр Американын көчөлөрүндө болуп жаткан нерселерге жол берилбеши керектигин айтууда. Биз талап-тоноочулук, мыйзамсыздык жана ээнбаштыкка чыдабашыбыз керек. Кыскасы, бул жөн гана нааразычылык акциясы эмес, бул кылмыш, бейкүнөө америкалыктарга зыян келтирүү", — деди президенттин маалымат катчысы Кейли Макинани.

Тартипти укук коргоо органдарынын атайын бөлүмдөрү көзөмөлдөөдө

Башкы прокурор Уильям Барр Вашингтон менен Майамиге башаламандыкты баса турган полициянын атайын бөлүктөрүн жиберүүгө буйрук берди. Ал эми Федералдык иликтөө бюросу Вашингтонго туткунга алынгандарды бошотуу үчүн өзүнүн элиталык бөлүгүн жөнөттү.

Коронавирусту унутпагыла

Миннесотанын губернатору Тим Уолц жакында Америкада COVID вирусуна кабылгандардын саны кескин өсүп кетиши мүмкүн деп тынчсызданууда.

"Нааразычылык акциясына чыгууга укугуңар бар. Бирок мындай жол менен башкаларга вирус жугузуп, коомдун саламаттыгына зыян келтирүүгө акыңар жок", — деди Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо.

Башаламандыкка каршы кимдер күрөшүүдө

Жалпысынан Кошмо Штаттарда Улуттук гвардиянын 66,7 миң жоокери иштеп жатат. Алардын ичинен 45 миңи коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүүдө.

Митингдер башка өлкөлөрдө дагы башталды

Афротектүү коомчулуктун укугун коргоо боюнча акциялар Германия, Канада, Улуу Британия, Австралияда дагы башталды. Көчөгө эл "Дем ала албай жатам" (I can't breathe) деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгууда. Бул АКШда полиция тарабынан муунтулуп, аба жетпей каза болгон Жорж Флойддун акыркы сөзү болчу.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялары башталган. Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.

289
Белгилер:
башаламандык, Дональд Трамп, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
АКШдагы башаламандыкка себеп болгон Флойд. Анын эмнеден өлгөнү айтылды
Кытайдын Ухань шаарындагы медицина кызматкери. Архив

ДССУ Кытай менен коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү макулдашты

4
(жаңыланган 08:32 04.08.2020)
Эпидемиологиялык изилдөө Ухань шаарында жүргүзүлөт. Былтыр дал ушул жерде вирус чыгып, сегиз айда дүйнөнүн булуң-бурчун каптады.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) кытай тарап менен коронавирустун пайда болушуна байланышкан эл аралык иликтөөнүн шарттарын макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытайга барган ДССУнун алдыңкы командасы вирустун келип чыгышын аныктоо боюнча биргелешкен аракеттерди баштады.

"Эл аралык уюм менен Кытай эксперттери изилдөө жүргүзүү шарттарын аныктаган документтердин долбоорун иштеп чыгышты. Бул ишти жетектөөнүн башында ДССУ турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эпидемиологиялык изилдөө оору биринчи жолу чыккан Ухань шаарында жүргүзүлөт.

ДССУ кайталап киргизилген карантиндик чектөөлөрдү сынга алды

Уюмдун эксперттери кытай кесиптештеринен COVID-19дун пайда болушуна байланышкан алдын ала тергөө иштеринин маалыматтарын колго алышты. Бул туурасында ДССУнун Саламаттык сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан кабарлады.

Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдашкан. Адистер ооруну жаңы коронавирус козгогонун аныкташып, кийинчерээк инфекция расмий түрдө COVID-19 деп аталган. 11-мартта коронавирус пандемиясы жарыялаган.

Учурда коронавирус жуктургандардын саны 18 миллиондон ашты. Каза болгондордун саны 680 миңден көбүрөөк. Сап башында АКШ, Бразилия жана Индия мамлекеттери турат.

4
Белгилер:
иликтөө, коронавирус, Кытай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуулар: коронавирустун иммундук реакциясы организмди алсыратат
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россия бирдиктүү электрондук визаны киргизүүдө. Бул эмнени түшүндүрөт?

221
(жаңыланган 00:46 04.08.2020)
2021-жылдын 1-январынан баштап Россияга кыска мөөнөттүү электрондук виза менен барууга мүмкүнчүлүк ачылат. Аны болгону төрт күндүн ичинде алса болот. Жаңы эреже кимдер үчүн колдонуларын Sputnik тактап чыкты.

Алексей Стефанов

53 өлкөнүн жарандарына Владивосток менен Алыскы Чыгыш федералдык округуна, Калиниград областына, Санкт-Петербург менен Ленинград областына барууга мүмкүнчүлүк түзгөн электрондук визаларды берүү пилоттук долбоорунун уландысы катары Россия эми өлкөнүн бардык аймагына барууга укук берген электрондук кыска мөөнөттүү визаны алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүдө.

Өткөн жумада Россиянын президенти Владимир Путин 60 күндүк мөөнөткө универсалдуу бирдиктүү электрондук визаны берүүнү караган федералдык мыйзамга кол койду. Дипломаттык, кызматтык, кадимки, транзиттик жана убактылуу жашаган адамдын визасы сыяктуу бул виза өзүнчө категорияга ээ болот.

Бул виза боюнча сапардын мөөнөтү 16 күндөн ашпашы керек. Россия туроператорлор ассоциациясы Sputnik агенттигине түшүндүрүп бергендей, статистика боюнча, чет элдиктердин Россияга сапары орточо алганда бир жумага созулат, ошондуктан каралган мөөнөт жетиштүү.

113 өлкөнүн жарандары: Россия өлкөгө кирүүнү болушунча жеңилдетүүдө

Жаңы визаны 2021-жылдын 1-январынан баштап ала баштаса болот. Россиянын ИИМи билдиргендей, Алыскы Чыгыш федералдык округуна, Калиниград областына, Санкт-Петербург менен Ленинград областына барууга электрондук визаларды берүү эксперименти учурунда айрым маселелер байкалган – талапкерлер арызды жазууда көп ката кетиргендиктен, аларга визалар берилбей калган учурлар болгон. Жаңы визаларды алууда ушундай каталарга жол бербеш үчүн сайт кайрадан жасалып чыгып, аны менен иштөө кыйла жеңилдетилген.

Өзбекстан бай жана билимдүү чет элдиктерди тартуу үчүн жаңы виза киргизет

Жаңы виза кайсы өлкөлөрдүн жарандарына берилери азырынча белгисиз. “Чет өлкөлөрдүн тизмесин Россия Федерациясынын өкмөтү өзүнчө бекитет”, – деп түшүндүрдү Sputnik агенттигине Мамдуманын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча комитеттин мүчөсү Наталья Кувшинова.

“Электрондук кыска мөөнөттүү визаны алгысы келгендердин саны арбын болот деген ойдомун. Жаңы демилге Россияга келген туризмдин агымын өстүрүүгө багытталган, анткени учурдагы эң башкы маселелердин бири ички жана сырттан келген туризм болуп эсептелет. Менин пикиримде, бул айрым өлкөлөрдүн жарандарына Россия Федерациясына саякатка келүүсүнө өбөлгө түзгөн механизмдердин бири болуп саналат”, - дейт Мамдуманын депутаты.

Пилоттук долбоордо камтылган 53 өлкө жаңы визаны алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган өлкөлөрдүн катарына кирет болушу керек деп болжолдосо болот. Алардын катарында - Евробиримдиктин өлкөлөрү, Кытай, Япония, Түркия, Индия. Бирок бул тизмекте АКШнын, Канаданын жана Улуу Британиянын жарандары байкалбайт. Бул жолкусунда да аларга жаңы визаны алуу мүмкүнчүлүгу берилбейт окшойт. ИИМ белгилегендей, пилоттук долбоордон айырмаланып, визалар эми акысыз берилбейт, 2021-жылдын январынан баштап виза үчүн төлөм киргизилмекчи. Анын өлчөмү 50 АКШ долларынан ашпайт деген божомол бар.

“Келерки жылы башка визаларга салыштырмалуу жаңы электрондук визага кызыгуу кандай болорун байкап көрөбүз”, — дейт Мамдуманын депутаты Наталья Кувшинова.

Электрондук визаны алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган 53 өлкөдөн сырткары дагы 60 өлкөнүн жарандары эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык Россияга визасыз кире алышат.

Жыйынтыгында 2021-жылдан баштап Россиянын аймагына кагаз визаны албай кирүүнүн жеңилдетилген жолу адамзаттын жарымы – 4 млрд адам жашаган өлкөлөр үчүн колдонулат дейт ИИМ.

Туристтик агым кеминде 30%га өсөт

“Бул өлкөбүзгө кирүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу жеңилдетүү болуп эсептелет, бул тууралуу канчалаган туристтер көптөн бери кыялданып келишкен. Эң башкысы, иш жүзүндө да электрондук визаны алуу ойлонуштурулгандай жеңил болушу керек”, - деген пикирин билдирди Россия туроператорлор ассоциациясынын (ОТОА) аткаруучу директору Майя Ломидзе.

Анын айтымында, электрондук кыска мөөнөттүү виза такыр эле болбой калды дегенде туристтердин агымын 30%га өстүргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан, Ломидзенин пикири боюнча, жаңы жөрөлгө утуштарга гана алып келет, “бир гана учурда, эгер убадаланган жеңилдетүү чындыгында эч кандай жеңилдетүү болбой калса, утулууга учурашыбыз мүмкүн”.

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду

Өз кезегинде ОТОАнын вице-президенти Александр Курносовдун эсеби боюнча өкмөттүн бул кадамы туристтик агымды 40, ал эмес 50%га өстүрүшү мүмкүн, “өсүш андан да чоң болушу ыктымал, визаларды такыр алып салган же болбосо аны алууну өтө жеңилдеткен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жыйынтыгы андан да чоңураак болушу мүмкүн”.

“Бул чечимдин кабыл алынышы – кубанычтуу жаңылык, өзгөчө азыркы туристтик тармак үчүн оор кезеңде”, — деди ал.
Александр Курносов “визанын мөөнөтү азыркы эки айдан бери дегенде жарым жылга же бир жылга, ал эми узактыгы 16 күндөн 30 күнгө чейин” узартылып, визалык режим мындан ары да жеңилдетилет деген үмүттө.

Ошондой эле Россия туроператорлор ассоциациясынын вице-президенти электрондук визалар бериле турган өлкөлөрдүн тизмеги да кеңейтилерине үмүт кылат, “анткени бул тизмекке Россияга туристтерди көп жиберген өлкөлөр кирбей калган – мисалы, АКШ жана Улуу Британия.

Александр Курносовдун айтымында, бул ишке ашса эң сонун болмок. Бирок маселе саясатка барып такалары бардыгына түшүнүктүү.

221
Белгилер:
туризм, виза, Россия
Тема боюнча
АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда