Миннеаполистеги талкаланган витрина

Нью-Йоркто мародёрчулук күч алды. Жеринде тартылган видео

353
(жаңыланган 03:15 03.06.2020)
Полиция талап-тоноочуларды кармоого аракет кылганы менен массалык түрдө көпчүлүктү колго түшүрө албай жатат. Чарчап же полицияны байкабай калган айрымдар гана колго түшүп калууда.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Нью-Йорктун чок ортосунда массалык талап-тоноолор болуп, мародёрлор дүкөн текчелеринде эч нерсе калтырбай алып кетип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жеринде жүргөн кабарчысына таянып жазууда.

Башында тынчтык митинги сыяктуу  көрүнгөн иш-чара бат эле албууттанган башаламандыкка айланды.

"Биз Мартин Лютер Кингдин (1968-жылы киши колдуу болгон укук коргоочу) өлүмүнөн бери канча ирет нааразычылык акциясына чыктык? Албетте, абал бир аз жакшырды. Бирок дагы деле каалаган жерибизге жете элекпиз. Башаламандык жаман деп айтылса дагы биз көйгөйгө көңүл бурдуруу үчүн чыга беребиз”, — деди Дениз Крофорд аттуу аял.

Анын пикиринде, “Флойдду тизеси менен басып алган полиция кызматкери ошол жерден кармалышы керек эле”.

"Эгер полицияда адамдын түсүнө карап мамиле кыла турган киши болсо, ал кетирилиши керек. Аларга мамлекеттик кызматтарга бардык жолдор жабылсын”, — деди аял.

Таң аткыча “Юнион” аянтында сөз сүйлөгөн митингчилер Манхэттендин көчөлөрүндө кетип бара жатып дүкөндөрдүн айнектерин талкалай баштаган.

Алгач өтө жупуну кийинген балдар айнектерди талкалап, дүкөнгө күңүрт түстөгү кийимдерди кийген эл агылып кирди. Бир заматта эле алар кийим-кечек жана зер буюмдарды көтөргөн бойдон качып кетишүүдө.

Буга чейин полициянын башчысы Дермот Ши мародёрлукка катышкандар жазаланарын айткан. Бирок дүкөнгө киргендердин басымдуу бөлүгү кара кийим-кече кийип, бет кап тагынып алгандар. Мындайларды камерадан таануу оңой эмес.

Банкоматтарды дагы тоноого аракеттер болууда, бирок бул жаатта мародёрлордун тилеги ишке аша элек.

Полиция талап-тоноочуларды кармоого аракет кылганы менен массалык түрдө көпчүлүктү колго түшүрө албай жатышат. Чарчап же полицияны байкабай калган айрымдар гана колго түшүп калууда.

Мындагылар Жорж Флойд тууралуу ураан чакырганга алдары жетпей, дүкөндөн-дүкөнгө чуркап жүрүшөт.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялары башталган. Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.

353
Белгилер:
башаламандык, дүкөн, Нью-Йорк, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
"Дем ала албай жатам..." АКШдагы башаламандык эки мүнөттүк видеодо
Адамзатка каршы кылмыш! Трамп башаламандыкты террорчулук деп атады
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

464
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

464
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер
Тез жардам унаасынан чыгып аткан медкызматкер. Архивдик сүрөт

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

137
(жаңыланган 13:12 10.07.2020)
Медицина кызматкерлери Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта алардын саны айтылган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиядан Бишкек шаарына COVID-19 менен күрөшүү үчүн ыктыярчы дарыгерлер менен медайымдар Кыргызстанга кайткан жарандар менен бирге учуп келди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта жардамга кол сунган медиктердин так саны айтылган эмес.

Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жардам берүүгө киришкенин айтышкан

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Медиктер менен бирге бул сапар кош бойлуу жана балалуу аялдар, улгайган курактагылар, Новосибирскинин клиникасында дарыланып жаткан кыргызстандыктар, аталган аймакта окуган студенттер келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

137
Белгилер:
күрөш, өлүм, медик, ыктыярчылар, пневмония, коронавирус, Новосибирск, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Flydubai авиакомпаниясынын учагы. Архив

Июлдун аягына чейин Дубайдан Бишкекке үч жолу аба каттамы уюштурулат

6
Бүгүн өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бүгүнкүдөн сырткары 17, 24 жана 31-июлда Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстанга дагы үч каттам уюштурулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Штаб авиабилеттерди сатып алуунун алдында авиакомпаниядан Дубайдагы буга чейин жасалган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эскертти.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

Эске салсак, бүгүн, 10-июлда, өлкөгө Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргызстандык алып келинди. Алардын арасында балдар да бар. Fly Dubai авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын "Манас" аэропорту тосуп алган.

Мындан сырткары, Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейндеги мекендештердин да кайтып келгени маалымдалды. Алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу алып келинген.

6
Тема боюнча
Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди
Түркиядан 326 кыргызстандык жаш балдары менен келди. Сүрөт