Митинг учурунда офицерлер митингчилер менен тизе бүгүштү

АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео

558
(жаңыланган 21:05 03.06.2020)
Бул коменданттык саат башталар алдында болгон. Полиция кызматкерлери тизелеген соң демонстранттар тынч тарап кетишти.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШдагы Айова штатынын Де-Мойне шаарында полиция кызматкерлери каз-катар тизилип, тизелеп Жорж Флойддун өлүмү үчүн нааразылыкка чыккандарга тилектештигин билдирди. Бул маалыматты RT телеканалы таратты.

Окуянын видеосу аталган телеканалдын телеграм каналына жарыяланды.

"Бул коменданттык саат башталар алдында болгон. Полиция кызматкерлери тизелеген соң нааразылыкка чыккандар тынч тарап кетишти", —  деп айтылган маалыматта.

Ал эми америкалык социалдык тармактарда пранк видео тарап кетти. Анда кара түстүү эркек киши Нью-Йорк шаарында ак түстүү аялды тизелеткени тартылып, аларды артыкчылыктары үчүн кечирим суратканы айтылды.

АКШдагы башаламандык 22 шаарга кулачын жайып, 20дан ашык киши каза болду. Жергиликтүү ЖМКлар 4 миңдей адам кармалганын айтууда. Аларды мародёрлукка, жол тосууга жана полицияга кол салуу боюнча айыптап жатышат.

Америкалык кара түстүү жаран Жорж Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойд бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

558
Белгилер:
коменданттык саат, полиция, талап-тоноо, Жорж Флойд, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
Нью-Йоркто мародёрчулук күч алды. Жеринде тартылган видео
Меккеге барган зыяратчылар. Архивдик сүрөт

Меккеге барган зыяратчыларга Кааба ташына колун тийгизүүгө тыюу салынды

25
(жаңыланган 09:57 08.07.2020)
Мурда ажылык сапарга барган зыяратчылар Кааба ташын жети жолу айланып, аны кармап жана өөп өтүшчү.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Сауд Аравия бийлиги коронавирус кооптуулугунан улам Меккеге зыярат кылууга баргандарды ыйык Кааба ташына колун тийгизүүгө тыюу салды. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигине таянуу менен "Аш-Шарк аль-Аусат" гезити жазганын билдирди. 

Бул жылы ажылык сапарга баруу 28-июлдан 2-августка чейин болору айтылган.

"Каабага колун тийгизүүгө жана аны өбүүгө тыюу салынат. Ыйык ташка жакындабаш үчүн тегерек чети тосулат", — деп билдирген министрлик.

Белгилей кетсек, зыяратчылар Кааба ташын жети жолу айланып, аны кармоого жана өөп калууга аракет кылышат.

Ошто мечиттер жабылып, базарлар бир жумада эки күн тазаланат. Жаңы эрежелер

Мындан сырткары, 50 адамдан ашпаган гана зыяратчы киргизилип, алар дагы бет кап тагынып, 1,5 метрлик аралыкты сактап жрүшү керек. Ыйык Замзам булагынан чыккан суу бир жолу колдонуучу идиштерге гана куюп берилмекчи.

Буга чейин жергиликтүү бийлик Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл алуудан баш тарткан. Быйыл өлкө ичиндеги мусулмандар гана сыйына алышат.

Учурда Сауд Аравиясында 217 миңден ашуун адам COVID-19га кабылып, Араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда. Оорунун кесепетинен 2 017 адам каза болуп, 154 миң киши айыгып чыкты.

25
Белгилер:
тыюу салуу, Ажылык, зыяратчы, Сауд Аравиясы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Жалал-Абад мэриясы жума намазга, той-аштарга чектөө киргизди
Коронавирустан улам быйыл Меккеге ажылыкка барууга тыюу салынды

Кытай: автобус сууга кирип кетип, 21 окуучу каза тапты. Трагедиянын видеосу

249
(жаңыланган 09:04 08.07.2020)
Ичинде бир топ жүргүнчүсү бар автобус жол боюндагы бетон тосмолорду талкалап өтүп, сууга кирип кеткен.

Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Гуйчжоу провинциясында окуучулар түшкөн автобус суу сактагычка түшүп кеткен. Анын ичиндеги жүргүнчүлөрдөн 21 бала каза таап, 15и жабыркаган. Трагедия кечээ чак түштө болгон.

Кытайда жер оюлуп, эл ташыган автобус түшүп кетти. Жүрөк зыркыраткан видео

Камерага түшүп калган видеодон транспорт жолдон бурулуп келе жатып жээкти көздөй түз өтүп, жол боюндагы бетондорду талкалап, сууга киргенин көрүүгө болот. Учурда тартип коргоочулар кырсыктын себебин изилдеп жатат.

249
Белгилер:
суу сактагычы, окуучу, жол кырсык, Кытай
Тема боюнча
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу
Бишкектин чок ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Видео
Беткапчан медик. Архивдик сүрөт

Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты

0
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

  • Бишкек шаары – 23;
  • Чүй облусунда – 16;
  • Ош ш. – 9;
  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды, алардын ичинен 522 медик стационарлардан айыгып чыккан.

0
Белгилер:
коронавирус, кызматкер, медицина
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды
Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды