Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди

© Sputnik / Артур Габдрахманов / Медиабанкка өтүүБронетранспортерлор Хумвей Вашингтондогу көчөдө АКШнын аскер күчтөрүн ташып жатышат
Бронетранспортерлор Хумвей Вашингтондогу көчөдө АКШнын аскер күчтөрүн ташып жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү кечинде коменданттык саатка карабай, эл Ак үйдүн жанына топтолуп, кыйкырып, ал тургай АКШ президенти Дональд Трамп кызматтан кетсин деген талап койгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. АКШда 1,6 миңге жакын аскерди толкундоолор чыгып жаткан Вашингтондун чет жакасына жайгаштырышты. Бул туурасында РИА Новости "Рейтер" агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Аскерлердин саны боюнча маалыматты Пентагондун расмий өкүлү Жонатан Хоффман билдирген.

"Учурда кызматын өтөп жаткан жоокерлер Вашингтондун өзүнө эмес, борбордук аймактагы базага жайгаштырылды", — деген ал.

Хоффман аскерлер "алар катуу даярдыкта тургандыгын", бирок жарандык бийликке жардам бербей тургандыгын айткан.

Полиция кызматкерлери элди атам деп жатат - Sputnik Кыргызстан
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды
Буга чейин РИА Новостинин кабарчысы шейшемби күнү кечинде коменданттык саатка карабай, Ак үйдүн жанына эл топтолуп, ар кыл ураандарды кыйкырганын билдирген. Алар АКШ президенти Дональд Трамптын отставкасын да талап кылган.

Ал эми Трамп Twitter баракчасына Вашингтондун "дүйнөдөгү эң коопсуз жер экендигин" айткан.

Расмий маалыматтарга караганда, кечээ нааразы болгондор полициянын бир автоунаасын өрттөп, эки кызматкерди жарадар кылышкан. Мындан улам 300гө чукул адам кармалган.

АКШнын чегинен чыгып Европага жете баштаган нааразылык америкалык кара түстүү жаран Жордж Флойд 25-май күнү каза болгондон кийин башталды. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Нью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: АКШ бийлиги өлкөдө улутчулдук бар экенин моюндады
Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен чатактын мизи кайта элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алды.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

Ал эми кечээ, 2-июнда, полиция кызматкерлеринин демонстранттардын алдында тизелеп турган видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0