Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

195
Афроамерикалык жарандын полиция кызматкеринин колунан каза табышы АКШда толкундоолорду шарттап, ал массалык башаламандыкка айланып кетти. Окуянын АКШнын саясий айдыңына кандай таасир берээрине россиялык журналист Ирина Алкснис көз чаптырган.

Жорж Флойддун өлүмү жана андан кийинки окуялар АКШдагы шайлоо кампаниясында колдонула турганында шек жок эле. Башкы сокку расизм жана афроамерикалык кишини өлтүргөн полиция кызматкерлеринин мыкаачылыгы үчүн күнөөлөнгөн Трампка узатылары божомолдонгон. Бирок окуянын өрчүшү менен реалдуулук демократтарга кезектеги күтүүсүз белегин тартуулай турган болуп калды.

АКШ лидери мыкты даярдалган спектакль коюп берди. Катуу сүйлөп, алгач акция катышуучуларын "бунт чыгаргандар" деп, бир катар штат жетекчилерин тынч элдин коопсуздугун коргой алган жоксуңар деп күнөөлөп, башаламандыкты токтотуу үчүн бардык федералдык ресурсту, керек болсо армияны колдонорун айтты.

Трамп Ак үйдө сүйлөп жаткан маалда полиция коменданттык сааттан улам Лафайет-скверди митингчилерден бошотуп жаткан эле.

Андан соң өлкө башчы резиденциядан чыгып, бир күн мурун радикалдар өрт койгон Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барды. Библияны бийик көтөрүп, өлкө коопсуздугун камсыздоону убадалады да "АКШ — дүйнөдөгү алп мамлекет" экенин жар салды.

Президенттин мындай кадамына илгиртпей жооп кайтарылды. Конгресстеги демократтардын лидерлери биргелешкен билдирүү таратып, Трамптын аракеттерин "коркоктук, натыйжасы жок жана кооптуу" деп баалашты.

Кескин сынды Нью-Йорк менен Орегондун губернаторлору да жаадырышты. Ал эми Нью-Йорктун мэри Муриэа Баузер Лафайет-скверди курал-жараксыз акция өткөрүп жаткандардан тазалоону абийир алып келбей турган кадам деп сыпаттады.

Россиялык көз караш менен алып караганда мунун баары кыйла кызык. Бир четинен жергиликтүү жана аймактык бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын башаламандыкты басуу үчүн жетишсиз экени айгине болуп турат. Экинчи жагынан президент сөөмөй кезеп, коркуткандан башка абалды турукташтыруу үчүн алгылыктуу кадам жасай элек.

Мунун жандырмагы америкалык мамлекеттик системанын өзгөчөлүгү менен бүгүнкү күндөгү саясий каршылашуунун өтө одоно жүрүшүндө.

АКШда федералдык борбор менен штаттардын ыйгарым укуктарын бөлүп кароо кыйла татаал, бирок жалпы жонунан аймакта болуп жаткан нерсе үчүн жоопкерчилик регионалдык бийликтин мойнунда. Бул укук коргоо органдарына да тийиштүү, мындан улам күч түзүмүнүн структурасын да оңой менен түшүнө албайсың.

Буга расалык негизде чыккан башаламандыктын Америка үчүн эч жаңылыгы жок экенин кошо кетели. Мындай окуялар өлкөдө байма-бай кайталанып турат. Эң белгилүүсү 1992-жылы Лос-Анджелесте болгон, бирок көпчүлүк 2014-жылы Фергюсондогу акцияларды жакшы билет.

Федералдар мындай окуяларга алы жетпей баратканын туюп-сезген штат бийлигинин өтүнүчү менен гана кийлигише алат. Мындан тышкары, губернаторлордун башын аттап күч колдонууга президент укуктуу, бирок бул учурда жоопкерчиликтин баары ага жүктөлүп калат.

Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн: Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан башаламандык штаттын көпчүлүк бөлүгүнө (50дөн 45инде) жайылды. Бирок талап-тоноочулук, зомбулук Демократиялык партиянын "жеринде" болуп жатат. Бул Трамптын жеңишке жетүүгө кыпындай да мүмкүнчүлүгү жок аймактар.

Демократ-губернаторлордун катуу чара көрүүгө даярдыгынын жоктугун түшүнсө болот: алар негизинен басымдуу бөлүгү мародерчулукка да күч колдонууга каршы турган электоратка таянып жашайт.

Айтор, Америкадагы жарандык-саясий каршылашуудагы тараптардын баары өз пикирин билдирди. Демократтар толкундоолор өзүнөн өзү басаңдагандан кийин консерваторлордун расизм боюнча көз карашы менен күрөшүүнү кайрадан күн тартибине чыгарууга ниеткер.

Президент болсо республикачы губернаторлор элди тезирээк тартипке келтирет деп ишенип турат. Бирок жабыр тарткан шаарлар менен демократ-саясатчылардын абалды жөнгө салууга жөндөмүнүн жоктугу республикачы штаттардын консолидациясын эле эмес, олку-солку болуп турган региондорду да Трампка ыктатып койду.

Ошол эле учурда оркоюп чыгып турган эки көйгөйгө эч ким көңүл бурган жок. Биринчиси — ашкере күч колдонууга ыктап турган америкалык укук коргоо органдарындагы системалуу расизм, экинчиси — кандай гана максат менен уюштурулган митинг болбосун, аны токтотуу зарылдыгы.

Бирок бул Американын колунан келбес иш болуп калды шекилдүү.

195
Белгилер:
Дональд Трамп, шайлоо, саясат, полиция, өлүм, акция, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек
Красноярскидеги Сибирь федералдык университети (СФУ). Архивдик сүрөт

Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай

26
(жаңыланган 17:05 08.07.2020)
Сибирь федералдык университети чет өлкөлүк абитуриенттерге бир кыйла шарттарды түзүп берет: окууга чейинки жол кире, медициналык камсыздандырууну алып берет. Бул жерде учурда кыргызстандыктар да билим алууда.

Россиялык университеттер аралыктан иштөөнү улантып, чет элдик абитуриенттерди кабыл алууну ачууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тургуну россиялык окуу жайларга интернет аркылуу тапшыра алат.

Красноярскидеги Сибирь федералдык университети (СФУ) — Россиянын азиялык бөлүгүндөгү эң ири окуу жай. Россия Федерациясынын эң алдыңкы 20 университетинин катарында.

СФУ жүздөгөн россиялык жана чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташат. Бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуу көрсөткүчү боюнча да Россиядагы он окуу жайдын бири болуп саналат.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

Университетте бүгүн 30 миңден ашуун киши, анын ичинде миңден ашуун чет өлкөлүк студенттер, дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америка, Азия, Океания) угуучу жана стажерлор билим алат.

Чет өлкөлүк студенттердин катарында Кыргызстандын 163 жараны да бар, алардын 134ү бакалавриат же специалитет боюнча негизги билим берүү программаларын өздөштүргөн. 28 студент магистратурада жана бирөө аспирантурада билим алат.

Кыргызстандык студенттерди көбүнесе маалыматтык тутум жана технологиялар, технология, металлургия, тоо-кен иши, прикладдык геология, менеджмент, курулуш багытында даярдоочу бөлүмдөр кызыктырат.

Кыргызстандын жарандары россиялык жарандар менен тең укукта эле бюджеттик орундарды ээлөө үчүн ат салыша алат. Мындай мүмкүнчүлүк "Экономикалык жана гуманитардык багыттарга интеграциялоону тереңдетүү жөнүндөгү Келишимге мүчө мамлекеттердин жарандарына бирдей укук берүү" тууралуу 1996-жылдын 29-мартындагы өкмөттөр аралык келишимге ылайык берилет.

Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат

Андан сырткары, чет өлкөлүк абитуриенттер акы төлөп окууну тандоо менен каалаган адистиктер боюнча факультеттерге тапшыра алат. Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу тартиби менен аталган университеттин сайтынан таанышууга болот (http://international.sfu-kras.ru/education).

Тапшыруу жана окуу маалында колдоо чоң

Окуу жайга чет өлкөлүк абитуриенттерге бир кыйла шарттарды түзүп берет: окууга чейинки жол кире, медициналык камсыздандырууну алып берет. Жогорку балл алгандарга окуу акысын төлөөдө жеңилдиктер каралган. Бул туурасында Сибирь федералдык университетинин Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчиси Анна Мезит маалымдайт.

"Университеттин инфраструктурасы – биздин сыймыгыбыз. Ал 24 окуу корпусу, көз жоосун алган заманбап китепкана, конгресс-холл, көп функционалдуу спорттук комплекс, медициналык борбордон турат. Соңку беш жылда эле кампустун аймагында батир тибиндеги тогуз жатакана курулду. Ушул тапта СФУнун турак жай фонду 30 жатаканадан турат. Ага 11,5 миң студент жайгашып, шаар сыртынан келген жана чет өлкөлүк студенттердин турак жай муктаждыгын толук чечет", – дейт ал.

Анна Мезит белгилегендей, Сибирь федералдык университети чет өлкөлүк студенттерди кызуу колдоп келет. Кызматкерлер аларга көп маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Алтургай, кышка жылуу кийим тандоого, банк же врачка коштоп барууга чейинки иштерде да жардамдашат.

Келечектин кесибине жөнөкөй жол

"СФУнун Ыктыярчылык борбору чет өлкөлүк студенттерге экскурсияларды уюштуруп, аларды орус маданияты менен тааныштырып, баарлашуу клубун уюштурушат. Өзүбүздүн Эл достугу борборубуз да бар. Бул – чет өлкөлүк жарандардын студенттик бирикмеси, алардын жаңы шарттарга көнүп кетишин камсыз кылуу үчүн бир катар иш-чараларды өткөрөт. Бирок башкысы – бул достук, бири-бирине камкордук. Кээде мага биздин окуу жайдагы студенттердин союздары бир үй-бүлөдөй жашагандай туюлат", – деп билдирет ал.

Сибирь федералдык университетинде чет өлкөлүк студенттер үчүн даярдоо бөлүмү бар, анда орус тилин үйрөнө алышат. Жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин көпчүлүгү СФУнун Филология жана тил коммуникация институтуна тил өздөштүрүү үчүн келип турушат. "Лингвистика" жана "Филология" багыттарына даярдык боюнча бакалавриат жана магистратуралык программаларда тилди профессионалдык деңгээлде үйрөнө алышат.

"Биринчи курста бардык чет өлкөлүк студенттер үчүн орус тили боюнча акысыз адаптациялык курс уюштурулат. Студенттер кептин илимий стилин өздөштүрүп, грамматиканы кайталашат", – деп кошумчалайт Анна Мезит. Анын айтымында, СФУнун бардык чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрү өз мекенинде котормочу, инженер, экономист жана башка болуп, жумушка оңой орношо алат.

"Көп учурда биздин мурдагы студенттер өздөрүнүн жана РФ ортосунда өз ара кызматташууну өрчүтүү менен алектенишет. Бир нече жылдан кийин аларды жаңы мүнөздө, олуттуу тартып, ийгиликтүү болуп калышканына күбө болуу абдан жагымдуу. Маселен, Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрүбүз президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында, Улуттук банкта, Кыргызстандын күч органдарында, ири жеке жана мамлекеттик ишканаларда эмгектенишет", – дейт ал.

Тажрыйба менен сыналган

Нурзамат Искендербеков Сибирь федералдык университетине Кыргызстандан келип окуйт, бакалавриаттын үчүнчү курсун аяктоодо. Жогорку билим алуу үчүн заманбап өнөр жай үчүн кадр даярдоодо тажрыйбага бай россиялык окуу жайды тандап алган. Андан сырткары, бөлөк өлкөнү көрүп, маданияты менен таанышкысы келген. 

Студент Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске Нурзамат Искендербеков из КР, сейчас оканчивает третий курс бакалавриата
© Фото / Dogdurbekov N.
Нурзамат Искендербеков Сибирь федералдык университетине Кыргызстандан келип окуйт, бакалавриаттын үчүнчү курсун аяктоодо

Нурзамат Кыргызстандын эмгек рыногундагы керектөөгө таяна "транспорт түтүктөрүнүн эксплуатациясы" адистигин тандаган.

"Бул адистик мага кызыктуу сезилген. Кийин деле кызыгуум тарап кетпеди. Окуу негизинен мыкты өтүүдө. Айрым учурда Кыргызстан менен Россиянын мектептеринде даярдоо деңгээлиндеги айырмачылыктардан улам аз-маз кыйынчылыктар болуп калат. Бирок аларды жеңүүгө досторум, тайпалаштар жардам берет", – дейт ал.

Нурзамат студенттик илимий, чыгармачыл жана спорттук иш-чараларга активдүү катышат.

Кыргызстандан Россияга билим сапары: пандемия учурунда кантип окууга өтсө болот

"Менимче, ансыз университетте окуу жана инсан катары өсүш кыйын. Эгер керээли кечке бөлмөңдө отура бербесең эле мында кааласаң да, каалабасаң да өнүкпөй кое албайсың. Университетте илимий иштин уюштурулганы, студенттик турмуш жана эс алуу да жолго коюлганы жагат. Бул көп адамдар менен таанышып, баарлашууга, жаңы досторду табууга өбөлгө болот", – дейт ал. Окуу жайда алган билимин Нурзамат келечекте Кыргызстандын мунай-газ багытында пайдаланууну пландайт.

Университеттин аброю

Сибирь федералдык университети – кеңири адистиктер боюнча даярдоочу көп тармактуу университет. 90 бакалавриат жана специалитет, 144 магистрдик программа боюнча билим алууга болот. Окуу жайда орус жана англис тилдеринде окутулат.

СФУда эки миңден ашуун жогорку квалификациялуу окутуучу иштейт, алардын 1833ү – илимдин доктору жана кандидаттары. Жыл сайын университетке 400дөн ашуун профессорлор чакырылып, ошондой эле Англия, Германия, Испания, Кытай, АКШ жана башка мамлекеттерден алдыңкы окумуштуулар келип турат.

Университет жогорку квалификациядагы кадрларды даярдап, инновациялык технологияларды жаратат. Окуу жайдын илимий долбоорлору өнөр жай технологиялары, спутниктик тутумдар, нанотехнологиялар, масштабдык инвестициялык долбоорлордун экологиялык камсыздоосун камтыйт.

СФУ – дүйнөдөгү эң кеңири белгилүү Institut Paul Bocuse окуу жайы менен болгон келишими боюнча "Гастрономия жогорку мектеби" уникалдуу программаны ишке ашырып келе жаткан Россиядагы жападан жалгыз университет.

Россия ТИМинин алдындагы эл аралык институтка кабыл алуу башталды. Шарты

Болочок бүтүрүүчүлөр, тагыраагы, ресторан шефтери "Менеджмент" адистиги боюнча россиялык, ошондой эле Institut Paul Bocuse окуу жайынан эл аралык дипломду колго алат.

Учурда СФУ Кыргызстандын жети окуу жайы менен кызматташат. Сибирь федералдык университети Ош технологиялык институту жана Кыргыз улуттук агрардык университети менен кошо "экология" багыты боюнча биргелешкен магистрдик программаны ишке ашырат.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Сибирь федералдык университетин квалификациялуу кадрларды – жогорку окуу жайга чейинки, кесиптик жана кошумча билим берүү системасы аркылуу Кыргызстандын жарандарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн расмий провайдери катары аныктаган.

Кыргызстанда СФУнун Профориентациялык борбору иштейт. Ошондой эле аталган университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы иш алып барат. Ал эми университетте кыргызстандык студенттердин "Манас" биримдиги түзүлгөн. Бишкектеги Панфилов атындагы №6 гимназияда СФУ өкүлдөрү абитуриенттер үчүн мастер-класс жана фестивалдарды улам өткөрүп турат.

СФУ – Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) рейтингдик агенттиктеринин версиясы боюнча дүйнөдөгү 1000 мыкты университеттердин бири. Анын ичинде физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801+ орунду ээлейт. Ошондой эле СФУ беш алдыңкы улуттук рейтингдик агенттиктеринин тандоосуна таянсак, россиялык 20 мыкты университеттин катарына кирет.

26
Белгилер:
жогорку окуу жайлар, абитуриент, Университет, Сибирь, Россия
Тема боюнча
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат
ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмблемасы. Архив

АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты

80
(жаңыланган 15:29 08.07.2020)
БУУнун башкы катчысы учурда ДССУ менен биргеликте АКШнын уюмдан чыгуусу боюнча шарттар сакталышын текшерип жатат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДССУ) 2021-жылдын 6-июлунда чыгарын билдирди. Бул тууралуу өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысына айтканын Баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррикке таянып РИА Новости жазды.

"АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыга турганын ушул жылдын 6-июлунда жар салган. Чечим 2021-жылдын 6-июль күнү күчүнө кирет", — деген Дюжаррик.

Америка ДССУну каржылоодон баш тартса ким жабыркай турганы айтылды

Ал белгилегендей, Кошмо Штаттары 1948-жылдын 21-июнунан бери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө. АКШны ДССУга киргизүү чечими Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы тарабынан атайын шарттар менен кабыл алынып, каалаган учурда уюмдан чыгуу мүмкүнчүлүгү эске алынган.

"Айтылып жаткан шарттарда уюмдан чыгуу тууралуу бир жыл калганда эскертүү жана бардык финансылык милдеттенмелерди токтотуу каралган", — деп белгилейт Дюжаррик.

Ал кошумчалагандай, БУУнун башкы катчысы учурда ДССУ менен биргеликте АКШнын уюмдан чыгуусу боюнча шарттардын сакталышын текшерип жатат.

80
Белгилер:
БУУ, чыгуу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, АКШ
Тема боюнча
ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео
Кычкылтек концентратору. Архивдик сүрөт

600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу

0
(жаңыланган 18:47 08.07.2020)
Редакцияга пневмония менен “Гансиге” жаткырылган бейтаптардын жакындары кайрылып, жаралган көйгөйлөрүн айтып даттанышты.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эки күн мурда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев мурдагы “Ганси” базасындагы ооруканада реанимациялык блок ачылганын айткан. Бирок ал бүгүн гана ишке киргизилип жатканы айкын болду.

Sputnik Кыргызстанга аталган стационарга пневмония менен жаткырылган бейтаптын туугандары кайрылды. Алар ооруканада кычкылтек концентратору аябай тартыш экени жана тамак-аш жагынан да маселе жаралганын билдирди.

“Шаардагы дарыгерлер оор абалдагы бейтаптарды “Гансиге” алып барууну сунуштады. Себеби аппараттар ошол жакка ташылып жаткан экен. Бирок биз барганда беш эле кычкылтек концентратору бар экен. Апабызды түшкө жакын алып барганбыз, бирок ага түшкү жана кечки тамак берилбептир. Бүгүндөн тарта гана бере баштаган”, — деди туугандары.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Эске салсак, Американын мурдагы базасына 600 орундуу оорукана уюштурулган. Кошумча дагы талаа госпиталы даярдалган. 

600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
Американын мурдагы базасына 600 орундуу оорукана уюштурулган

Кечээ кечинде Жакен Чотой деп катталган Facebook колдонуучусу оор абалдагы бейтаптарга шарт түзүлбөгөнүн айтып пост жазган.

“Кымбаттуу достор, “Гансиге” эч качан оор абалдагыларды алып келбегиле. Ал жерде реанимация да, кычкылтек концентратору да, эч нерсеси жок. Бир гана байкуш реаниматолог бейтап кантип өмүрү менен коштошуп жатканын аргасыз карап турат”, — деп жазган ал.

Мындан кийин редакция Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылды.

Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов ооруканада реаниматологдор жетиштүү экенин айтат.

“Тиешелүү жабдууларды орнотуу талап кылынгандыктан реанимациялык блок бүгүн саат 17.00дөр чамасында ачылды. Ага чейин палаталарга кычкылтек суюктугун киргизүү иштери бүткөрүлөт. Мунун жардамы менен концентраторго муктаждык жаралбай калат. Учурда “Гансиде” 42 даана концентратор бар, медиктер менен реаниматологдор да жетиштүү. Ал жакка региондордон жана Бишкектен кадрлар жөнөтүлгөн”, — деди Калмаматов.

Бишкекте COVID, пневмонияга кабылгандар үчүн кошумча орун уюштурулду. Дареги

Ал эми тамак-аш боюнча ӨКМ тээ башынан бери эле медиктерге да, бейтаптарга да эртең мененки, түшкү жана кечки тамактар үзгүлтүксүз берилип жатканын билдирди.

“Балким бейтап түшкү тамак берилгенден кийин келип калгандыр. Кандай болгон учурда дагы биз териштиребиз, себеби мындай окуя болбошу керек”, — деп билдирди ӨКМ.

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти. Бишкек менен Чүйдө эпидемиологиялык абал июнь айынын аягынан тарта кескин оорлошуп кетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
кайрылуу, тамак-аш, бейтап, кычкылтек концентратору, оорукана
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, бааларды тизмектеп чыкты. Видео
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар