Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды

(жаңыланган 11:42 05.06.2020)
Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган массалык башаламандык, карактоо жана өрт коюу басылбай келет. Штаттын жарымына коменданттык саат киргизилген, бирок жергиликтүү бийликтин аракети байкалбайт.

Полициянын күчү жетпей барат, вандализм менен мародерлукту токтотуу үчүн Дональд Трамп регулярдык армияны пайдаланууга ниеттенүүдө. Президент үчүн бул канчалык кооптуу экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук сураштырып көрдү.

Кайрадан мыйзам жана тартип

Америкалыктар өлкө башчысынын улутка кайрылуусун күтүшкөн. Бирок президент создуктуруп отуруп, Вашингтондогу витриналар болушунча талкаланган соң, 2-июнда гана элге кайрылды.

"Жорж Флойддун өлүмү көңүл чөгөртөт, — деп баштады ал. — Бирок жаалданган топтун тынч митингди бузушуна жол бере албайбыз. Жабыр тарткандардын көбү — калктын мыйзамга баш ийген жана жакыр катмары. Аларды коргоо үчүн күрөшөм".

"Мен мыйзам жана тартиптин президентимин", — деп белгиледи Трамп. Америкага бул ураан жакшы тааныш. 1968-жылы да кыйын маалда өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Вьетнамдагы согушка каршы массалык демонстрациялар, аялдарды жана расалык азчылыкты колдоо акциялары өтүп жаткан.

Ынды каралардын укугу үчүн күрөшкөн Мартин Лютер Кинг (кенже), андан кийин эл чоң үмүт арткан сенатор Роберт Кеннеди өлтүрүлгөн соң Ричард Никсон шайлоого "мыйзам жана тартип" деген ураан менен чыккан.

"Көйгөйдүн баары чындап эле ынды караларда экенин моюнга алуу зарыл", — деп түшүндүргөн ошол убакта Ак үй администрациясынын башчысы Гарри Холдеман. Ошондон бери "мыйзам жана тартип" дегенди ынды кара америкалыктар полициянын зордугу катары кабыл алат.

Тынч митинг башаламандыкка өтүп кетти

Ушул таптагы окуяларды Трамп ички терроризм деп атады. Улутка кайрылуусунда президент козголоңчулардын колу менен "кыялдары көз алдында талкаланып" жаткан чакан бизнес ээлери боюнча да токтолду. Көчөдөгү мародерлук тууралуу видео далилдер интернетте жайнап кетти. Демонстранттар витриналарды талкалап, товарларды алып чыгып, дубал, каалга-терезелерге чиймелеп кетип жатышат. Мисалы, Санта-Моникада Vans спорттук кийим дүкөнүнөн дээрлик баарын тоноп кетишти.

Fox 11 телеканалынын журналисттери көчөдөгү кишилерден кроссовки салынган кутуларды кайдан алгандарын сурашканда алар унчукпай эле жай өтүп кетип жатышты. Айланада бир дагы полиция кызматкери көрүнгөн эмес.

Ушундай эле нерселер өлкөнүн булуң-бурчунда болуп жатат. Бийликтин вандализмди токтотуу чакырыктары куру эле жаңыргандай. Менчик жайларды тынч демонстранттар жана бизнес ээлери өздөрү коргоп жатышат. Ошол эле Санта-Моникадагы дүкөндөрдүн биринин эшигинде "Зордукту токтоткула" деген жазуу менен бир кыз туруп алган. Аны түртүп салууга аракет кылып, ал түгүл түтөмө шашканы ыргытышкан, бирок кыз корккон эмес.

Көп өтпөй ага "Биз протестке чыктык, мародерлук кылган жокпуз" деген плакат менен ынды кара киши кошулган. Бул жаштар тынч митингди жаманатты кылып жаткан талап-тоноочуларга жолтоо болуу үчүн атайын шаардын борборуна келген.

Вашингтондогу митингчилер

Сан-Диегодогу окуя орус мафиясы тууралуу тамашаны эске салды. Ал жакта мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан келгендер Pushkin аталган ресторанын талоончулардан коргоп калышты. Аталган жайдын кожоюну Айк Газарян өзү аракет кылышы керектигин тез эле түшүнгөн.

"Мендей эле республикачыл маанайдагы (митингчилерден айырмалана – ред. тактоосу) досторум көп. Жекшемби күнү жаман нерселер болорун аңдап баарына телефон чалып чыктым. Жарым саат өтпөй ресторандын алдына чогулушту. Тапанча, курал көтөргөн он эки киши элек. Курал-жарагыбыз расмий катталган, кантип колдонуу керектигин үйрөнгөнбүз. Менчигибиздеги жайларда жеке коргонуу үчүн аларды пайдаланууга укугубуз бар", — деп түшүндүрөт Газарян.

Алар Pushkin ресторанын гана эмес, ага удаа жайгашкан бир нече жайды, анын ичинде улгайган ирактык кишинин да алкомаркетин коргоп калышкан. Өлкөнүн бөлөк бурчунда, тагыраак, Нью-Йорктогу Бруклинде полиция аракет көргөнчө эле шаардыктар топтолуп, тартипти сактоону колго алышууда. "Биз коргоо үчүн чыктык. Расизмге каршы күрөштү жана протест кылуу укугун сыйлайбыз. Бирок үй-бүлөбүз менен жашаган жерди талкалоого эч кимдин укугу жок, — дешет күзөттүн уюштуруучулары Айзек Болтянски жана Дэвид Бродски. — Бизди коргобогон Нью-Йорктун мэрине уят эле".

Карантинден каршылык акциясына карай

Жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине көпчүлүк нааразы. Нью-Йорктун мэри Билл де Блазиону мародерлорду жактоодо деп айыпташууда, өткөндө эле анын кызы көчөдөгү кагылышта кармалды. Штаттын губернатору Эндрю Куомого да ушундай эле күнөө тагышууда. Болбосо жакында эле аны коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө баатыр катары көкөлөтүп жатышкан. Дүйшөмбүдө Де Блазио аскерлерди киргизүү кооптуу, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген ойдо: "Куралдуу күчтөр киши жайгашкан райондорго кирсе, аягы жакшы бүтпөйт". Ошондой болсо да көчөдө полиция санын эки эсеге арттырып, төрт миңден сегиз миңге көбөйтүлдү. Шаарда коменданттык саат жарыяланган.

Улуттук гвардияны киргизүүгө башка аймактар да, негизинен демократтар эч ашыкпайт. Билл де Блазио келтирген аргументтерди Орегондун губернатору Кейт Браун, Иллинойстуку Жей Роберт Прицкер, Неваданыкы Стив Сисолак жана Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер да кайталоодо. Вашингтон штатынын башчысы Жей Инсли аскердик бөлүктөрдү даярдыкка келтиргени менен шаарларга азырынча киргизбеди.

Анткен менен Трамп көчөгө аскерлерди өзү чыгарарын айтып коркутту. Башкы командачы болгону менен президент штаттардын аймагында федералдык куралдуу күчтөрдү өз билгениндей пайдалана албайт.

Бирок ал 1807-жылкы "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга" таянса, Улуттук гвардия анын буйругу менен губернаторлорго карабастан аракетке кирет. Акыркы ирет аны Жорж Буш (улуусу) Лос-Анджелесте төрт ак жуумал полиция кызматкери тарабынан ынды кара киши сабалганда тутанган протест маалында колдонгон.

Бирок губернаторлордун митингчилер менен мамилени курчутпоого аракет кылганында саясий өңүт бар деп эсептейт Америка боюнча саясат таануучу Дмитрий Дробницкий. "Демократтардын башкы милдети – Трамптын экинчи мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө. Протесттер баштала электе адамдарды карантинде кармап турууга мүмкүн болчу. Эми аларга ачуулануу акысын беришти, — дейт ал. — Демократтардын риторикасына ылайык, азыркы президент расист, коомдо жек көрүүнү жаратканы үчүн Трампты элге жаман көрсөтүү керек".

Эгер бүлгүнгө салган ушунча күндөн кийин президент башкарууну Улуттук гвардия менен колго алса, анда саясий упай топтойт. Анда демократтардын айткандары маанисин жоготот. Тартипке салган Трампка добуш беришет", — дейт серепчи.

Өлкөдөгү расалык дискриминацияга байланышкан кырдаал чындап эле үрөй учурарын баса белгилейт саясат таануучу. Протесттен кеп козгогондо муну да унутта калтырбоо абзел.

Демократтар Трамптын натыйжасыздыгын гана көрсөтпөстөн, азчылык арасында шайлоочуларды чочутуп албоого да тырышып жаткандарын айтат РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Калктын ак жуумал эмес катмарынын колдоосунан ажырап калуудан абдан коркушат, дал афроамерикалыктар — шайлоодо Жо Байдендин негизги таянычы болуп саналат", — деп эске салат эксперт.

Анткен менен эки тарап тең кылдын кырында экенин кошумчалайт ал.

"Демократтар токтоо жана оома электоратты чочутуп алууну да тобокелге салып, Трампты жок кылууга аракет кылышууда. Ал эми Трамп дагы зордуктун күч алышына жана дагы көп өлүмгө алып келчү катуу чараларга барууда", — деп түшүндүрөт ал.

Америкалык коомдо ансыз деле жик кеткен. Протесттер тирештин тереңдигин даана көрсөттү. Карапайым адамдар полициянын кордугуна, талап-тоноолорго нааразы. Ал эми демократтар менен республикачылар мурдагыдай эле тил табыша албай келишет.

Жорж Буштун (улуусу) саясий карьерасында "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамдын" ролу кандай болгонун айтыш кыйын. Бирок 1992-жылы өткөн шайлоодо ал утулган. Трамп болсо катаалдыкка басым жасаганы айдан ачык. Эми аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөт.

Белгилер:
кайрылуу, Дональд Трамп, шайлоо, тополоң, расизм, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди
РФ лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуусунда

Россия улуттук кызыкчылыгы менен кызыл чекти өзү аныктайт. Путиндин кайрылуусу

РФ лидери Федералдык жыйынга кайрылуу жолдоду. Анда өлкө үчүн маанилүү болгон тармактар камтылган.

Владимир Путин пандемиядан кийин биринчи ирет президенттик кайрылуу жолдоду. Президенттин сөзүнүн урунттуу учурларына РИА Новости сереп салган.

COVID менен күрөш уланып жатканына карабастан, учурда туннелдин аркы учундагы шоола эмес, айттырбай келген апааттан акырындап арылуу аракеттери өтөсүнө чыгып баратканын ишенимдүү айтууга болот. Президент да өз сөзүн дал ушул нерседен баштап, пандемиянын башталышында көпчүлүк абал кандай болуп кетет деп тынчы кетип турганда кооптонгону менен Россия бул сыноодон да өтөт деген ишеними бекем болгонун белгиледи.

Бул сөздөрдө эч кандай өзүнө ашкере ишенүү же өзүн өзү мактоо жок эле, тескерисинче, Путин оор кырдаалда да элдин кайратына, демине ишенерин айткысы келди. Анткени ынтымактуу эл гана кыйынчылыкты жеңет, бул калетсиз сөз. Путин россиялыктар дал ушул ынтымагы менен көптөгөн сыноолордон майышпай өткөнүн эске салып, азыр да "жарандар, коом, мамлекет жоопкерчиликтүү болуп, бир багытта иштегендиктен кырдаалды алдын ала билип-туюп, ошого жараша аракет көрө алганына" токтолду. Биринчи планга үй-бүлө, ынтымак, бири-бирине жардам берүү, мээримдүүлүк, биримдик, башкача айтканда, "прогрессивдүү" индивидуалисттер шакаба чеккен нерселер чыкты. Путин бул бир катар өлкөлөр унутуп бара жаткан руханий байлык, тескерисинче, россиялыктарды бириктирип, күчтүү кылганын жар салып, "ушул баалуулуктар дайым корголорун" айтты.

Куру сөз менен эмес, иш менен, башкача айтканда, үй-бүлөнү жана балдарды социалдык жактан коргоонун жаңы чаралары менен колдоого алынары айтылды. Бул камкордук кризис биринчи кезекте жетишпеген турмушта жашагандарга сезилгени үчүн эмес, жок, бул элди коргоп, көбөйтүүгө багытталган стратегиялык кадам. Путиндин айтымында, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.

Коронакризис Россиянын башкы көйгөйү болгон демографиялык маселени курчутту. Президент бул жааттагы абалды өзгөчө деп атап, калктын санын туруктуу көбөйтүүгө жол ача турган бир катар чараларды сунуштады. Маселени чечүү үчүн өкмөт 1-июлга чейин балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган чаралардын бүтүндөй системасын даярдашы керек. Бул жерде башкы милдет — жакырчылыкка жол бербөө, анткени балдардын төрөлүүсүнүн өсүшү ушул нерседен көз каранды.

Путин эмнелерди сунуштады? Биринчиден, кирешеси эки жашоо минимумунан төмөн болгон толук эмес үй-бүлөлөргө 1-июлдан баштап 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын төлөм чегерүү. Бул каражат ага чейин белгиленген төлөмдөргө кошумча иретинде берилмекчи. Мындай колдоого башынан эле атасыз өскөн же ата-энеси ажырашкан миллиондогон үй-бүлө ээ болот.

Экинчиден, жети жашка чейинки баласы ооруп калган энеге эмгек стажысына карабастан айлык акысынын 100 пайызы төлөнөт.

Үчүнчүдөн, оор кырдаалга кабылган кош бойлуу келиндерге ай сайын төлөм чегерилет. Болочок эне мамлекеттен моралдык жана медициналык эле эмес, материалдык да колдоо болуп турарын сезиши керек. Мындай кадам биринчи жолу жасалмакчы.

Мындан тышкары, кирешенин көлөмүнө карабай балдарга ай сайын берилүүчү былтыркы төлөмдөр улантылат. Августта ар бир окуучуга 10 миң рублден төлөнүп берилмекчи.

Мындай чаралар маанилүү экени талашсыз, бирок бул жерде тенденциянын өзү башкы маселе. Путин үй-бүлө жана балдарды колдоо саясатын алдыга жылдырууда. Бул боюнча былтыр Конституцияга да өзгөрүүлөр киргенин эске сала кетели. Кийинки кайрылууларда да социалдык колдоонун жаңы формалары кирери шексиз. Анткени ушу тапта үч балалуу үй-бүлө кадыресе көрүнүш катары кабылданган деңгээлге жетүү улуттук кызыкчылык болуп турат. Мунсуз демографиялык өзгөчө кырдаалды "сындыруу" мүмкүн эмес. Эл аралык абал эмес, дал ушул жагдай бүгүнкү күндө Россия үчүн башкы чакырык. Албетте, эл аралык кырдаалдын маанилүүлүгүн четке кагуу болбойт, бирок мындан Россиянын өзүнө тикелей коркунуч жок.

Анткени өлкө ким менен эмне талашып жатканын так билип, өз коопсуздугун, өнүгүүсүн камсыздоого кудурети жетет. Кайрылуунун тышкы саясатка багытталган бөлүмү чакан, бирок эмоционалдуу, ачык болду.

Путин Россия менен өйдөсүнүп, кыр көрсөтүп сүйлөшүү майнапсыз экенин айтты. Өлкө өз позициясы менен кызыкчылыгын коргоо үчүн дайым жол табат. Андыктан президент Россияга чагымчылык кылбоону жана козутпоону талап кылды.

"Айрым мамлекеттер бир нерсе болсо эле, көп учурда эч себепсиз эле Россияны кыпчый кеткен акылга сыйгыс адат таап алды. Ким катуураак кыйкырып чыгат деп жарышкан сыяктуу".

"Токтоолук кылып, сабырдуу болуп жатабыз. Көп учурда көз жаздымда калтырып унчукпай коёбуз. Биз баары менен жылуу мамиледе болгубуз келет. Бирок иш жүзүндө эмне болуп жатканын да көрүп жатабыз: жогоруда айткандай, Россияны жөнсүз эле ар нерсеге кыпчып жатышат. Албетте, алардын айланасына Шерханды тегеректегендей эле "Табакилер" жыйналып, Киплинг айткандай, башчысына дем-күч берүү үчүн улуп-уңшуп турушат. Киплинг улуу жазуучу эле".

"Биз эл аралык аренада бардыгы менен, акыркы убакта тил табыша албай жаткан тараптар менен да жылуу мамиледе болгубуз келет. Таптакыр бет карашпай калгандан алыспыз. Бирок биздин изги ойлорубузду кайдыгерлик же алсыздык катары кабылдагандар же таптакыр алаканы үзмөкчү болгондор Россия токтоосуз жана катуу жооп берерин билиши керек".

Маселенин кабыргасынан коюлганына карабастан Путин дагы түшүнүктүүрөөк болушу үчүн минтип кошумчалады:

"Биздин коопсуздугубузга чагымчылык уюштургандар болуп көрбөгөндөй катуу өкүнөт".

Ошону менен бирге Путин эч кимди коркутуп опузалаган жок, болгону Россиянын улуттук кызыкчылыгы өткөн жерге кызыл чийин чийип жаткандарга жооп гана берди. Кызыл чийин боюнча да сөзү түшүнүктүү болду:

"Россияга карата кызыл чектен өтүү эч кимдин оюна келбейт деп ишенем. Ал чек кай жерде экенин ар бир учурда биз өзүбүз аныктайбыз".

Ооба, Россия улуттук кызыкчылыгы, орус дүйнөсүнүн кызыкчылыгы эмнеде экенин өлкө ичинде да, сыртында да өзү аныктайт. Мындай абал жагышы да мүмкүн, жакпай калышы да ыктымал, бирок моюн сунууга туура келет.

Белгилер:
мамиле, кызыкчылык, колдоо, бала, үй-бүлө, кайрылуу, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Вакцина келди. Россия берген "Спутник V" "Манаска" түшүрүлгөн видео
Май куйуучу станция. Архив

Россия бензин баасын тизгиндейт. ЕАЭБде мунайдын кымбаттоосу токтойбу?

(жаңыланган 13:49 23.04.2021)
Россия бензиндин баасын кармап туруу жана ички рынокту турукташтыруу боюнча жаңы чараларды көрүүдө. Өлкөнүн өкмөтү бензиндин экспортуна утурумдук чек коюу боюнча да ойлонуп жатат.

Экономисттер Россия бийлиги жасаган кадамдардын шарапаты Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөсүнө да тийиши мүмкүндүгүн айтууда.

Россиядагы бензиндин баасын тизгиндөө иши ЕАЭБ өлкөлөрүнө да таасирин тийгизерин Sputnik иликтеп көрдү.

Баанын көтөрүлүшүнө себеп боло турчу нерсе

Россиянын Финансы жана Энергетика министрликтери Россиянын ички отун рыногу үчүн демпфердик механизмдин чен өлчөмдөрүн жөнгө салуу боюнча өз ара макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун шейшемби күнү, 20-апрелде, биргелешип жасаган билдирүүсүндө айтылган.

1-майдан тарта ички рынок үчүн бензиндин индикативдик наркы (өкмөт аныктаган дүң баа — ред.) өзгөрүп, ал 4 миң рублге чейин түшөт. Учурда анын баасы бир тоннасына 56,3 миң сом. Мындан сырткары, 2023-жылдын 1-январынан тарта бензиндин базалык наркы жыл сайын азыркы 5 пайыздын ордуна 3 пайыздан гана индексация болуп турат.

Демпфер биринчи ирет 2019-жылы ишке кирген. Максат — 2018-жылдагы отун кризисинин кайрадан кайталанышына жол бербөө эле. Анда мунайдын дүйнөлүк рынокто кымбаттап кетишинен улам Россияда бензиндин наркы жогорулап, өкмөт нефть компаниялары менен сүйлөшүп, бааны "тоңдуруп" коюуга аргасыз болгон.

Демпфердик механизмде чет жактагы кымбат мунайдан улам нефтини кайра иштетүүчү россиялык компаниялар кенемте алат, төлөгөн салыгынын кайсы бир бөлүгү аларга кайтарып берилет. Бул төлөмдөр мунайчыларга дүйнөлүк баадан чочулабай, продукцияны ички рынокко алып келүүгө түрткү берет.

Мындай система бензиндин баасын өзүнүн чен өлчөмү менен гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мунайдын наркы инфляциянын жылдык деңгээлинен жогору өспөйт (2020-жылы өсүш 2,5 пайызды түзгөн, бул инфляциядан эки эсе төмөн), бирок дүйнөлүк баа ылдыйлаганда арзандабайт. Ошентип баа кескин "чайпалганда" да ички рынок корголгон боюнча калат.

Демпфердин өзү индикативдик эсеп жана сырткы рыноктогу актуалдуу баа менен каралат. Индикативдик баанын боло турган төмөндөөсү (тоннасына 56,3 миң рубль) деген нерсе, продукцияны дүйнөлүк баанын шартында ички рынокко алып келгенде мунайчылардын (компаниялар) кайра кайтарылган төлөмдү көбүрөөк алгандыгы. Sputnik собол узаткан эксперттердин пикиринде, мындай кадам Россиянын ички рыногунда бензиндин баасынын көтөрүлүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

"Өкмөт кенди казууга коюлган салыкты жогорулатат. Ал арада рубль түшүп, нефть кымбаттоодо. Эгерде индикативдик бааны ылдыйлатпаганда, өлкөнүн ичине ташып келүү демпфер жасаганда деле пайдасыз болуп калмак. Андыктан муну рыноктун учурдагы шарт-абалына ылайыкташтырышты. Бензин эми арзандабай калды, бирок анын кымбатташы, кыязы, жакынкы күндөрү токтошу мүмкүн", — деген божомолун айткан Улуттук энергетика институтунун директорунун орун басары Александр Фролов.

Россиянын рыногуна удаа эле... башкалары

Быйылкы жылдын башынан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде да бензиндин баасы асмандаган.

Өткөн жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 2,64 пайызга, Кыргызстанда 4,3, Казакстанда 6,5, Беларуста 1,4 пайызга өскөн.

Ушул эле мезгилде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 6,2 пайызга, Кыргызстанда 6, Казакстанда 7,9, Беларуста 1,16 пайызга көтөрүлгөн.

Армения менен Кыргызстандын рыногундагы мындай абал бул мамлекеттердин нефтини өз алдынча кайра иштетпегендигинен, аны Россиядан сатып алгандыгынан улам жаралган. Андыктан аталган продукциянын наркы мунайды кайра иштетүүчү россиялык заводдор берген баага байланыштуу болот.

Демпферди жөнгө салуу Россиянын рыногун тойгузушу, тагыраагы, толук камсыздашы керек. Ошондо гана Кыргызстанга бериле турган россиялык бензиндин наркынын түшүшүнө жагымдуу шарт түзүлөрүн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирген.

Исполнительный директор Международного делового совета Аскар Сыдыков в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
"Кыргызстанда бензиндин кымбатташы Россия рыногундагы дефициттин кесепети. Россияда нефть продукцияларынын тартыштыгы байкалары менен баа бир аз көтөрүлө түшөт. Бизде да мындай көрүнүш кездешип жатат, бирок бул Кыргызстанда масштабдуу болууда. Себеби бизде демпфер жок эмеспи. Кыргызстандагы нефтетрейдерлер анча кубаттуу эмес, алардын мунайды көп көлөмдө сактап турууга шарты жок, бааны жөнгө салууга кудурети жетпейт. Демпфердин жаңы чен-өлчөмдөрү бизге да шарапатын тийгизет деп өтө ишенип турабыз. Россияда бул жаатта тартыштык жок болсо, Кыргызстан бензинди арзаныраак ала баштайт", — деп түшүндүргөн Сыдыков.

Дал ушундай эле көз карашын Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов да билдирген. Анын айтымында, өлкөдөгү отун рыногу Россия рыногунун артынан эле ээрчийт.

Исполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Канат Эшатов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов
"Россия продукция берген бирден-бир тарап болгондуктан, биздин рынок Россияныкынан толук көз каранды. Эгерде аларда баанын өсүшү токтосо, бир нече жума айырма менен бизде да ошондой абал болуп, турукташат. Россиялык заводдор пайдалуу кенди казганы үчүн ири салыктарды төлөгөндүктөн, жыл башынан тарта бензиндин сатык баасы 4-6 пайызга өсүп кетти. Эгерде салыкчылар көбүрөөк акча кайтарып берсе, мунайды кайра иштеткен заводдор продукцияны бир аз арзаныраак сата баштайт", — деген Эшатов.

Арменияда деле ушундай абал. Республиканын рыногундагы отун продукцияларынын баасын Кыргызстандагыдай эле факторлор аныктап жатат. Алар да мунайда кайра иштете албагандыктан Россиядан келе турган нефтиге көз каранды болуп отурат.

Ал эми Казакстанда абал, тескерисинче, жергиликтүү кубаттуулуктан улам отунга болгон бардык муктаждыктарын жаап алган. Эгерде 2018-жылга чейин ачык түстөгү мунай заттарын (бензин, керосин жана дизель – Sputnik) Россиядан арбыныраак, 500 миңден 1 миллион тоннага чейин алып турган. Бирок кийинки убакта кадыресе азайтканын (2019-жылы 20 миң тоннага жакын, ал эми 2020-жылы 2 миң тоннанын тегерегинде) экономикалык баяндамачы Сергей Домнин айтып берди.

"Казакстан менен Россиянын экономикасындагы, нефть рынокторундагы өз ара байланыштарга жана жалпы чек арага карабастан обочолонуп турат. Өлкөлөрдө мунай зат боюнча рыноктун ар башка схемадагы иши, кайра иштеп чыгуудагы баалардын ар түрдүү болушу, акциз төлөмдөрү жана бензиндин чекене баасы ар башка. Казакстанда бензин ички факторлордон улам кымбаттоодо (мунай заттары менен нефтинин экспортунун көбөйүшү, салыктын өсүшү — ред.). Андыктан Россия рыногундагы кырдаал бизге таасирин тийгизе албайт", — деп эсептейт Домнин.

Россиядагы демпфер Беларустагы бензиндин кымбатташын токтото алышы арсар. Республика продукцияны мунайды кайра иштетүүчү эки заводдон чыгарат. Алар ички муктаждыкты канааттандыра турган көлөмдө (ал тургай экспортту да) гана өндүрөт.

Январдан февралга чейин 1,68 миллион тонна мунай продукцияларын сыртка саткан. Бул былтыркыга караганда 2,3 эсе көп. Ири импортёрлор Украина (546,5 миң тонна), Европа биримдиги (940,2 миң тонна) жана Улуу Британия (138,7 миң тонна) болгон.

Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Алексей Авдониндин айтымына караганда, аларда бензиндин кымбаттап кетишине мунай заттарынын дүйнөлүк кымбаттоосу таасир этти. Ал эми Россиядагы демпферди жөнгө салуу бул тенденцияны өзгөртө албайт.

Жаңы пайда

Россиянын вице-премьери Александр Новактын суроо-талап кайнап турган учурда бензиндин сыртка чыгарууга тыюу салынбайт деген билдирүүсү Россиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн абайлаган оптимизмин жандандырышы мүмкүн.

© Sputnik / Максим Блинов
Россиянын вице-премьери Александр Новак
"Бул маселени жакында талкуулайбыз. Энергетика, Экономикалык өнүгүү министрликтеринин, Монополияга каршы федералдык кызматтын сунуштарын угуп, чечимди биргелешип кабыл алабыз. Себеби анын терс таасирлери болушу мүмкүн, тагыраагы, компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп жибериши ыктымал", — деп айтканын "Интерфакс" агенттиги жазган.

ЕАЭБ мамлекеттерине мындай тыюу салуу киреби же жокпу Новак так айткан жок.

Sputnik сурамжылаган эксперттердин пикиринде, экспорттук кандай гана чектөөлөр болбосун соңку жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй Бажы биримдигинин курамындагы мамлекеттерге тиешелүү болбойт.

Мындай болгон учурда Армения менен Кыргызстанга бериле турган бензиндин көлөмү азайбастан, көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыгында демпфердин жаңыланышы менен кош натыйжа болуп, отун рыногу толот. Бул — бензинди эң акыркы болуп колдонгондордун чөнтөгүнө, тагыраагы, бензиндин баасына оң таасирин тийгизет.

Белгилер:
мунай, эксперт, кымбаттоо, баа, бензин, Беларусь, Казакстан, Армения, Россия, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Күйүүчү май өлкөнүн кайсы аймагында баарынан кымбат сатылууда. Статистика
Койдун Арашан тукуму. Архив

Кыргызстан салмагы 180 килограммга жеткен койдун жаңы тукумун каттады

(жаңыланган 14:09 23.04.2021)
Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардан ашат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан салмагы 180 килограммга чейин жеткен койдун жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, 15-апрелде эт, май багытындагы койдун "Арашан" тукуму каттоодон өткөн. Селекционерлер мыдай тукумду 1997-2021-жылдар аралыгында чыгарышкан.

"Бул малдын өндүрүмдүүлүгү абдан жогору. Алты-жети айлык козулардын салмагы 55-60, бир жаштагылары 75-80, чоңдору 175-180 килограммга чейин жетет. Бул биздин фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк", — деди министр.

Жаныбековдун айтымында, мындай тукумга болгон керектөө ички-тышкы рынокто абдан жогору. Учурда таза тукумдагы койдун саны 5 850 гана болгондуктан баасы дагы кымбат.

"Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардын ашат. Учурда Казакстан менен Россиядан абдан көп буйрутмалар түшүп жатат", — деди министр.

Ал ошондой эле мындай койлор сатыла баштаганын кошумчалады.

Белгилер:
каттоо, кой, Кыргызстан
Тема боюнча
Айыл чарба министрлиги быйыл кайсы тармакты өнүктүрөрүн маалымдады
Канатын жайып бийлегени кызык болду. Нарында төө куш баккан Турдукуловдун маеги