COVID-19: Кытайда эпидемиологиялык кооптуулук төмөндөдү

© REUTERS / Thomas PeterМедициналык беткаптагы балдар ойноп жатышат
Медициналык беткаптагы балдар ойноп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен бир ай мурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып, көрсөткүч бир топко төмөндөгөн. Бирок Цзилинь провинциясында жана Уханда кайра вирус аныкталгандар катталган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кытайдагы аймактардын баарында коронавирус боюнча эпидемиологиялык кооптуулук төмөндөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ситуация в Китае из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө
Билдирмеге ылайык, жекшемби күнү Цзилинь шаарынын бийлиги райондордогу эпидемиологиялык кооптуулукту жогорку көрсөткүчтөн төмөнкү, ортоңкудан төмөнкү көрсөткүчтөргө ылдыйлата алышкан.

Жыйынтыгында Кытайда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу делген бир да район калган эмес.

Болжол менен бир ай мурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып, көрсөткүч бир топко төмөндөгөн. Бирок Цзилинь провинциясында жана Уханда кайра вирус аныкталгандар катталгандыктан, айрым шаарлар кайра кооптуу аймакка кирген.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0