Түркия менен Россия С-400дүн экинчи комплектисин берүү боюнча макулдашты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАбадан коргонуучу С-400 системасы. Архив
Абадан коргонуучу С-400 системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Түркиянын төрт дивизионуна абадан коргонуучу С-400дү берүү боюнча келишимин аткарды. Ал 2,5 миллиард доллардык макулдашуу эле.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түркия менен Россия абадан коргонуучу С-400 системасынын экинчи комплектисин сатып алуу боюнча макулдашты. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн Коргонуу өнөр жайы боюнча катчылыгынын башчысы Исмаил Демирге таянып кабарлады.

Россия Түркиянын төрт дивизионуна аталган системаны берүү боюнча 2019-жылдагы келишимин аткарды. Ал 2,5 миллиард доллардык макулдашуу эле.

"Биздин С-400дүн экинчи комплектиси боюнча принципиалдуу макулдашуубуз бар. Жол картасы, биргелешкен өнөр жай жана технологиялар трансфери боюнча техникалык иштер калды", — деген Демир NTV телеканалына маек берип жатып.

Анын айтымына караганда, Түркия пандемиядан улам кеч калса да, аны баары бир колдонууга киргизет.

Ал Анкара "абадан коргонуучу Patriot жана Eurosam системалары боюнча да сунуштарга кызыгуу менен мамиле жасай тургандыгын" айткан.

"Эгерде конкреттүү түрдө айтылса, биз алар менен иштешүүнү сунуштайбыз. Patriot боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Eurosam жаатында Франция, Италия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Түркия жагы аяктаган. Эки мамлекет өзүнүн бөлүктөрүн берсе, андан ары жылабыз", — деп кошумчалаган аткаминер.

Түркиядагы АКШнын аскер техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үңүлбөй эле, үстөмдүгүн артып... Эксперт АКШнын Түркияга жасаган басымы тууралуу
Россия өндүрүшүнөн чыккан С-400 системаларын пайдалануу Түркия менен АКШнын мамилесин 2019-жылдын июль айынын ортосунда солгунданткан. Вашингтон келишимден баш тартып, анын ордуна америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну айтты. Андай болбогон күндө Түркияга F-35 истребителдерин сатууну токтотуп, кошумча CAATSA шартына ылайык санкциясын киргизерин жар салган. Ал эми Анкара алардын койгон шартын кабыл алуудан баш тартып, С-400дүн жаңы партияларын алуу боюнча сүйлөшүүлөрүн уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0