Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян COVID-19дан сакайды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Никол Пашинян жана анын жакындарынын коронавирус жуктуруп алганы 1-июнда белгилүү болгон.  Өкмөт башчы өзүндө эч кандай белгилери жок туруп эле иш сапарга барар алдында тест тапшырып көрүүнү чечкен.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирустан айыгып, толук кандуу ишке киришкенин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Жаңы эле өзүмдү жана үй-бүлө мүчөлөрүмдүн коронавируска кайталап тапшырган анализ жыйынтыгы колго тийди. Баарыбыздыкы таза чыкты. Эми толук кандуу иштей баштайм", — деди ал.

ГКБ им. Е. О. Мухина возвращается к плановому приему пациентов  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан бир суткада 20 киши айыгып чыкты
Эске салсак, өкмөт башчы жана анын жакындарынын коронавирус жуктуруп алганы 1-июнда белгилүү болгон. Ал өзүндө эч кандай белгилери жок туруп эле иш сапарга барар алдында тест тапшырып көрүүнү чечкен. Жыйынтыгы өкмөт башчыда COVID-19 бар экенин көрсөткөн. Вирус ага кол кап кийбей туруп суу алып келип берген официант жигиттен жукканы божомолдонгон.

Акыркы маалыматтарга караганда, Арменияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 13 миңден ашып, 211 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0