Арстанды сылаган турист өкүнүп кала жаздады. Видео

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАрстан. Архив
Арстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар туристти сынга алып, жырткыч жооштук кылганын, болбосо окуянын аягы өкүнүчтүү бүтмөк деп жазып жатышат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Танзаниядагы Серенгети жаратылыш паркында арстанды сылай койгон турист аз жерден жырткычтын тишине кабылып кала жаздады. Роликти Maasai Sightings YouTube-каналы жүктөп, кийин аны RT телеканалы Twitter-аккаунтуна жарыялады.

​Видеодо көрүнүп тургандай, турист жерде жаткан арстанды автоунаанын ачык турган айнегинен колун чыгарып сылайт. Ошол маалда жаныбар кыжыры келип ырылдап жиберет. Турист өзүнүн катасын дароо байкап, айнекти жапканга аракет кылат. Бирок айнек дароо эле жабыла калбай, ичтегилердин шаштысын кетирет.

Интернет колдонуучулар аны сынга алып, жырткыч жооштук кылганын, болбосо окуянын аягы өкүнүчтүү бүтмөк деп жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0