Кытай желектери. Архив

Кытай өнүгүп келе жаткан 77 өлкөнүн карызын албай турууну чечти

1243
(жаңыланган 11:37 09.06.2020)
Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге Пекин убадалаган эки миллиард доллар тууралуу да айтты.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кытайдын өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам өнүгүп келе жаткан 77 өлкөнүн карыз төлөмүн алууну токтотту. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюйдун айтымына таянып кабарлаган.

Билдирмеге ылайык, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй карыз боюнча маселени Кытай мамлекеттик кеңешинин маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

"Кытай G20 өлкөлөрүнүн карыздарды тейлөө төлөмүн токтотуу демилгесине активдүү катышкан. Азыркы учурда өнүгүп келе жаткан 77 мамлекеттен карызды өндүрүүнү токтотуу жарыяланды", — деди министрдин орун басары.

Ал коронавирустан жапа чеккен мамлекеттерге Пекин убадалаган эки миллиард доллар медициналык каражат алуудан тышкары мамлекеттердин экономикасын кайра калыбына келтирүүгө жана маанилүү делген социалдык программаларды ишке ашырууга жумшаларын кошумчалады.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын видеоконферециясында Кытай элинин башчысы Си Цзиньпин коронавирустан жапа чеккен өлкөлөргө эки миллиард доллар бөлүнөрүн айткан. Бирок ал каражат кандай бөлүштүрүлөрү маалымдалган эмес.

"Бул үчүн биз чет элдик өнөктөштөр менен, биринчи кезекте, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен консультацияларды жүргүзүп жатабыз. Алар менен кытай тарап материалдык жактан колдоп бере ала турган конкреттүү долбоорлор макулдашылып жатат. Ал долбоорлор саламаттык сактоо тармагына, жакырчылык менен күрөшүү жана элди камсыз кылууга багытталат", — деди дипломат.

Апрелде Кыргызстандын презеиденти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик берүүсүн өтүнгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 миллиард доллардын тегерегинде. Анын 1,8 миллиарды Кытайга туура келет.

1243
Белгилер:
Кытай, Кыргызстан, карыз, G20, долбоорлор, каражат
Тема боюнча
Кытай коронавируска каршы вакцинаны жалпыга жеткиликтүү болгудай кылып жасап жатат
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

220
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

220
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

87
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

87
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады